Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында тоо булбулу атыккан айтылуу ырчы, атактуу обончу Муса Баетовдун келбес жайга кеткенине 60 жыл толот.

Өлүмдү кыйын экен сага жоруш,
Жалп этип, капыс өчтүң кайран добуш,
Толгонуп, күүгө келип турган бойдон,
Даңылдап калып калды үч кыл комуз.

Кош, Муса! Келбес жайга жөнөдүңбү
Ким билген мезгили жок өлөрүңдү
Мусанын ырдап жүргөн обону деп,
Түбөлүк элиң сактайт өнөрүңдү.

(Мидин Алыбаев)

1931-жылдын декабрь айында Кыргыз обкомунун токтому менен акын Кубанычбек Маликов Нарынга райондук газетаны чыгаруу, редактордун орун басары, жооптуу катчысы болуп иштөөгө жиберилет. Маликов Ак-Талаанын Чайгинчөк айылынан Муса Баетов менен таанышат. Анын жалындаган жаштыктын мөлтүр махабатын баяндаган “Даанышман” аттуу ашыктык ырын угат.

Даанышман

Сөзү, обону М.Баетовдуку

Атыңды угуп алыстан,
Айылыңдан чочуйм барыштан,
Ашыктык оту желимдей,
Ансайын мага жабышкан.

Аман бол кайта көргөнчө
Асылкеч курбум, даанышман
Азабы калбас жүрөктө
Арзыган күнү таанышсам.

Кабарың угуп алыстан,
Калкыңдан чочуйм барыштан.
Кантейин отуң желимдей,
Кайгыртып мага жабышкан.

Аман бол кайта көргөнчө,
Кадыркеч курбум, даанышман.
Капасы калбай жүрөктө,
Каалаган күнү таанышсам.

Мусанын “Даанышман” аттуу ыры баштаган бир топ ырларын кумарлана уккандан кийин Кубанычбек Маликов “Сиздин ордуңуз бир эле айылда эмес, жалпы элге, республикага керек. Тил алсаңыз, азырынча токтоосуз Нарынга келиңиз”, - деп, Нарынга чакырып келип, райондук кесипчилер кошунун төрагалыгына ишке орнотот.

Кубанычбек педтехникумда бирге окуган Абдылда Байымбетов менен биргелешип Мусанын жеке концерттик программасын түзүп, Нарын шаарынын клубунда Баетовдун эң алгачкы концертин өткөрөт. Ал жөнүндө эл акыны Маликов “Муса” аттуу макаласында: “Дем алыш күнү Муса Баетовдун жеке концерти болорун колго сыя менен чоң кагазга бадырайта жаздырып, Нарындын көчөлөрүнө далдайган-далдайган кулактандырууну жабыштырдык. Аны болсо кичинекей шаардын тургундары таңдануу менен не бир шумдук кабарды уккандай үймөлөктөшүп окуп жатышты. Концерт башталардын алдында клубдун алдындагы майрамдарда райондун жетекчилери чыгып туруучу гармошка тарттырып койдук. Бул болсо атчан чаап жар чакырган ырчыдай шаңдуу добуш чыгарып, бүткүл шаардын жашоочуларын клубдун алдына чакырды. Элдин көптүгүнөн клубдагы отургучтардан орун жетпей, көп угуучулар эптеп-септеп киришип дубалга тикелеринен сүйөнүп турушту. Муса ырларын ырдай баштады. Эл аябагандай жакшы кабыл алды. Ошол күндөн баштап ар жума сайын Мусанын жеке концертин берип турууну салтка айландырдык. Баягы эски боз тончон, эски түлкү тебетейчен ак-талаалык Муса кадимкидей тирдентип, жаңы гармон сатып алып, бир аз шаардыктардай кийинип, шаарга көчүп келип туруп калды” – деп жазган Маликов.

Эл шайырлары Муса, Жумамүдүн, Молдобасан, Шаршен, Алымкул, Ыбрай
Сагынам

Сагынам сени ойлонуп,
Санадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күгөнг жалынын.

Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи,
Айлында жүрөт булбулу,
Акындын сүйгөн эркеси.

Айтайын тилим сайратып,
Ашкере ичти кайнатып.
Алтыным аман бар бекен,
Аркардай көзүн жайнатып.

Ар ким ойлойт сүйгөнүн
Алтыным аман жүрөбү.
Аралаш ойноп бир жүргөн,
Акындын сүйгөн чүрөгү.

Ошентип, Баетовдун чыгармачылык башатын ачылышына, тоо койнундагы оюн-зооктордун, маданий мекемелердин алгачкы төрөлүшүнө эл акыны Кубанычбек барандуу салымын кошот. Ал Мусаны Нарындагы радио түйүнүнө биринчилерден алып чыгып түз эфир аркылуу концерттерин да бердире баштайт.

“Кыздар ай”

(Сөзү Молдоказы Токобаевдики, обону Муса Баетовдуку.)

Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай
Биздин Ала-Тоонун кыздары ай.

Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл-тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө кыздар ай.

Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай,
Эрдин жары эркетай,
Биздин элдин кыздар ай.

Калкылдап көлдүн үстүндө
Параход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Аккуулар чардап жаткандай
Алтын нурдуу бети айдай,
Биздин Ала-Тоонунун кыздар ай.

1934-жыл. Мусаны Ат-Башы райком партиясынын катчысы Акматбек Жумабаев ордо калаа Бишкекке алып келет. Ал Мусаны Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында артист болуп иштөөгө сунуштайт. Жаш обончу-ырчы Баетов театрдын босогосун кандайча аттаганы жөнүндө ак таңдай төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев мындай деп эскерет:

"Комиссия мүчөлөрү отурган бөлмөгө кирдим. Ортого коюлган отургучка жазы маңдай, кызыл жүздүү, жапалдаш бойлуу жаш жигит келип отурду. Комузун колго алып “Жарыя керди” ырдады. Мусанын мукамдуу кооз үнү отургандарды дароо арбап, өзүнө тартып алды. Анан семибизди козгоп, жүрөгүбүздүн терең жерине жетип, жаш жигиттин сүйүүгө болгон кусалыгы, жароокер сүйгөнүн күнү-түнү эстеп сагынганын отургандарга элестетти. Бөлмөнүн ичи жым-жырт. Бир гана Мусанын ажайып үнү бирде жаңырып, бирде салмактуу угулат. Муса кыяк (гармон) менен да ырдады. Комиссиянын мүчөлөрү Мусаны театрга кабыл алууга бир добуштан чечим чыгарышты."

“Жароокер”

(Сөзү, обону Баетовдуку)


Жароокер элең жалтанган,
Же жамынып ичик калтардан.
Жалганда эле жалгыз сен деймин,
Жарашыктуу залкардан.

Жалдырап го кайда жүрдүң деп,
Жай, кышы кийдиң калтардан.
Асылкеч, сендей болобу,
Алтыным деп жалбарган.

Кымбаттуу кызыл алтынсың,
Кыраңдан чыккан жаркынсың,
Кыйышпас көңүл түбөлүк,
Же кызыл гүл жыттуу салкынсын.

Муса театрга кабыл алынат. Ал Муратаалы, Осмонкул, Шаршен, Карамолдо ж.б. шайырлар менен таанышат. Алардын ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн угат. Ал улуу шайырлардын чордонуна келгенине таңдана сыймыктанат.

Борбордун угуучулары Мусанын өнөрү менен 1934-жылдын сентябрь айында музыкалуу драма театрдын залынан таанышат. Ырчынын алгачкы концертине катышкан Саткын Сасыкбаев кийин жылуу эскерген:

“31-32деги , үнү да, сыны да толуп турган таланттуу ырчы, обончу Муса залда отургандарды бат эле өзүнө тартып, кары-жаштын жүрөктөрүн элжиретти. Анын мукамдуу тунук үнүнө толкунданган угуучулар ат чабыштардагыдай дуулдашып, марага жакындап калган күлүктү кыйкырык-сүрөөгө алгандай болушту. Мусанын үнү да ана калса барган сайын шаңкылдап, бүткүл театрды башына көтөрдү. Ар тараптан “баракелде, үнү үн экен жигиттин! Кудай өнөрүңө берке берсин!” деген алкоолор жаап жатты. Муса орундукка оңдоно отуруп, ак калпактуу башын бир жака саал буруп коюп, манжалары менен кыяктын ак топчуларын тере, созолонтту дейсиң. Залдын ичи уюду да калды”.

Мына ошол күңдөн өлөр-өлгөнчө Муса колунан комузу менен кыягын түшүрбөй кайсыл элде, кандай гана жерде ырдабасын угуучулардын өзгөчө алкоолоруна алына баштайт.

Айтылуу Муса Баетов ырдаган ырлары жердигинен лирикалуу, элдик аваздык боекторго сугарылган, дипазону менен баардык регистрлерде укулуктуу, кубаттуу чыккан. Ал эми ыргактык белгилери боюнча үнү драмалык тенорго тектешкен.

Муса 1936-жылы уюшулган Кыргыз филармониясынын босогосун аттаган күндөн ырчылык, обончулук, аткаруучулук шыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулат. Өзүнүн кесиптештери менен элдик музыкалык аспаптардан турган оркестрди уюштурууга жандуу катышат. Ал оркестрдеги комуз-альтта алгачкылардан ойнойт. Оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру Петр Федорович Шубинден музыкалык сабаттан сабак алат.

Тубаса музыкалык зээндүүлүктүн, талыкпаган эмгекчиликтин, тырышчаактын натыйжасында нотаны бат эле үйрөнөт. Устаты Шубиндин жардамы менен оркестрдин коштоосунда өзүнүн “Даанышман”, “Ойгоном”, “Арпанын Ала-Тоосунан”, Атайдын “Эсимде” аттуу ырларын оркестрдин коштоосунда ырдайт.

Бир эле мезгилде, кайсы заманда жашасаң ошонун ырын ырда деп, “Октябрь өлкөсүндө”, “Бакыт” аттуу атуулдук аваздык сезимге шык толгон жалындуу ыргактарга бай ырларды да сыгарат. Автор “Октябрдын өлкөсүндө” аттуу атуулдук ырында кылкылдаган кыргыз жаштарынын эркиндикке, теңдикке жетишкенин, Кыргызстандын өркүндөп өскөнүн шайыр обондо шаңдана ырдайт.

Мусакемдин “Окудуң борбор шаарынан” аттуу арноо махабат ырын кимге арнап чыгарганы жөнүндө Баетовдун өзүн көрбөсө да, бүтүндөй ырларын аткарып “Мусанын шакирти” деген эл баасына татыган маркум Асек Жумабаев кезектеги бир жолугушууда айта кеткен жер бар:

"Мен кымыз ичип, бактын арасында жалгыз отурсам гүлдүү көк жашыл халат кийген кара каштуу, кара көздүү, бетинде меңи бар, алтын тиштүү, тим эле айланайын сулуулугунан карап эле тургуң келет. Чөнтөк дептер болсо чөнтөгүңө салып алып кайра –кайра карап эле жүргүң келгендей келин жаныма келип отуруп калды да: - кандайсың, чарчаган жоксуңбу, - деп үшкүрүп койду. Мен чарчаган жокмун дедим. Ал анан үйгө кирип чыгалычы – деп калды. Мейли – дедим. Үйгө кирдик. Киргенден кийин өзү жаткан бөлмөгө алып кирди. Мындай отур – деп отургузду. Үйдүн бооруна жакшынакай чоң туш кийиз илиниптир. Мындай карасам Мусанын рамкага салынган сүрөтү илинип турат. Эмнегедир аны көрүп жүрөгүм болк эте түштү. Эмне деримди билбей, делооруп эле калдым. Келин азыр деп эшике чыгып кетти. Мен чертип жүргөн Мусакемдин комузу мен отурган бактагы стодун үстүндө калган эле. Ошол комузду жанагы келин бооруна кысып алып келди да, муну тааныйсыңбы – деди. Бул эмне болгон окуя деп түш көргөндөй болуп отурдум эле.: - Мусакемдин сүрөтүнүн алдына айнеке салынган, мусулманча (арабча) жазылган төрт куплет ыр турат. Муну окуй аласыңбы – деди. Окуй албайм – дедим. Эми “Окудуң борбор шаарынан” деген ырды ырдап кой – деди. . Мен ырдадым. Ошондо жанагы келин ылдый карап отуруп Мусакемдин “Окудуң борбор шаарынан” деген ырдын алдынан обондун киришмесин черткенден баштап эле ыйлап отурду. Мен ырдап бүттүм. Этегине тамган көздүн жашын тыя албай койду. Анан ал үшкүрдү да: - Кудайдын буйругу экен Мусакем – деп, анан мен андан “Окудуң борбор шаарынандын” тарыхын сурасам: - Бишкекте партиялык мектепте окуп жүргөндө Мусакемдер угуучуларга концерт берчү экен. Ошондо Мусакем Сабираны жактырып калыптыр. Сабира да Мусакемди жактырыптыр. Сөздүн кыскасы Сабира деген келин партиялык мектепти бүтүп, Ивановка районунун райком партиясында үчүнчү катчы болуп иштеп турган экен” – деп ыраматылык Асек Жумабаев айтып берген эле.

Мусакемдин көзү түшкөн келбети келишкен Сабирага арнап чыгарган “Окудуң борбор шаарынан” аттуу ырынан эки шингил.

“Окудуң борбор шаарынан”

(Сөзү, обону Муса Баетовдуку)

Окудуң борбор шаарынан,
Талабың артык барыдан.
Кат жазбайсың ойлонуп,
Анчалык неге буга таарынам.

Кадырлаш алтын сагындым,
Кайрылып мында келбесиң
Катышса киши аяктан,
Түгөнгүр кат жазып неге бербейсиң.

Залкар шайыр Мусанын ар тараптуу жаркын шыгы 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күңдүгүндө бейтааныш угуучулар тарабынан өтө жогору бааланат. Он күндүктүн 5-июнда И.В.Сталин баштаган партиялык, өкмөттүк жетекчилер катышкан Кремлдин Чоң Сарайында өткөн корутунду концертке Муса да катышат.

Атайдын коштоосунда жеке комуз менен Токтогулдун “Туткун ырын” аттуу ырын аткарат. Ошол концертке катышкан эл акыны маркум Абдырасул Токтомушев: “Кремлде чертилген комуз” аттуу макаласында: “Биздин республиканын алдыңкы артисттеринин катышуулары менен Кремлде концерт болуп жатты. Бир убакта Муса Баетов чыгып, эң сонун мукам үнү менен олтургандарды өзүнө тартып алды. Ал көз жашын мөлтүлдөтүп ыйлап да, обонун бузбай ырдап жатты. Эмне үчүн мындай? Ал бир кездеги көкөйүн кескен жакырчылыгы, кой кайтарып тоодо түргөн күндөрү эсине түшүп, азыркы тагдырына ыраазы болуп, кубанганынан эреркеп ыйлоодо. Анын бул ыйлап жана ырдап турушу бүткүл ошол жерде отургандардын көңүлүн бурду. Бул чоң таланттуу адам.

“Муса Кремлде ырдады”

“Күн булуттан чыккан өңдүү жаркырап
Гүл жайнаган биздин жайкы талаадай
Турмуш көркү көз алдыма тартылат
Коңур үнүң Кремлде жанырып,
Ырдаганың өчпөс элес калтырат.”

Абдырасул Токтомушев


“Арпанын Ала-Тоосунан”

\(Сөзү, обону Муса Баетовдуку)

Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.

Айлыңа күндө барыштан,
Артымды рйлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.

Мусанын Москвада атактуу артисттер менен концерт бериши, өкмөттүк жогорку сыйлыкка татыктуу болушу, эл, жерди көрүшү, чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, чечберчилигинин жетилишине күчтүү таасир этет.

Баетов 1942-жылы Фрунзеде, 1944-жылы Ташкенде өткөн Орто Азия жана Казакстан республикаларынын музыкалык он күндүктөрүнө катышат. Элди эмгекке, ынтымакка, Улуу жеңишке чакырган ырларын ырдайт. 1943-жылдын октябрь айында Муса "Кыргыз ССРинин эл артисти" деген ардактуу наамга татыктуу болот.

1945-46-жылдары Муса Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштейт. Туубаса актердук шыктагы Баетов, композитор В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Айчүрөк”, “Манас”, Е.Брусиловскийдин “Кыз жибек” операларынан Күлчоронун, Сыргактын, Алмамбеттин, Ырчынын ролдорун аткарат.

1949-жылдын январь айында Мусакем киндик каны тамган айылды Байгөңчөккө барып, “Мен болсом оорукчан болуп калдым. Күңдөн күнгө саламаттыгым начарлап баратат. Менин өнөрүмдү алып кал”, - деп көзгө басар шакирти ырчы-аткаруучу жердеши Жумакадыр Айтбаевди Бишкекке алып келип, филармонияга артист кылып киргизет. Жумакадыр устатынын мезгилсиз 47 жашында дүйнөдөн кайтканын Таласта гастролдо жүрүп угат.

Кыранга чыккан кызыл гүл,
Кылчайсам соолуп жерде жок,
Каткырып күндө үн салган.
Күкүгүм Муса элде жок.
Аралапр жүрүп Таласты,
Күйгөңдөн айтып, күү чертем,
Күчөтүп элге талантты,
Алтымыш жыл жашабай,
Алагы менин таалайым
Кыйналып аза күтсөм да
Сендейди кайдан табамын.
Торгойдой ширин тилиңди
Толкундайм уксам үнүңдү
Топко ээрчитип ырдаткан
Томсорттуң мендей иниңди – деп Жумакадыр “Булбулум Муса элде жок” деген ат менен устатын жоктоп, концертте ырдап чыгат.

Мына, Муса Баетовдун кыргыз калкы менен келбес жайга кеткенине жакында 60 жыл болот. Залкар шайырдын жаркын элесин түбөлүккө калтырыш үчүн кыргыз өкмөтү Нарындагы маданият үйүнө, Бишкектеги Аламүдүн көчөсүнө, Ак-Талаадагы жети жылдык мектепке, Ак-Талаа районунун борбору Дөрбөлжүнгө Баетовдун ысымын берди.
XS
SM
MD
LG