Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

“Советтик” жана “социалисттик” сөздөрү бекеринен "жерилген" эмес


Кыргызстандын жаңы чакырыктагы Жогорку Кеңеши. 2010-ж., 10-ноябр.

Кыргызстандын жаңы чакырыктагы Жогорку Кеңеши. 2010-ж., 10-ноябр.

Мындан 20 жыл илгери өлкөбүздүн расмий аталышында “Кыргызстан” жана “республика” деген гана сөздөр калтырылган. Кыргызстан “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүн четке каккан кезеңдин 20 жылдык мааракеси жаңы шайланган депутаттарга деле сабак болчудай.

Эки гана сөз

Ооба, 1990-жылдын ноябрында (жетинин айында) Кыргызстандын расмий бийлиги тээ сталинизм доорунан (1936-жылдан) бери сакталып келген “Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы” деген расмий аталыштан олуттуу эки сөздү чыгарып салды. Ал – “советтик” жана “социалисттик” деген сөздөр эле.

Албетте, ошол айда жарык дүйнөгө келген жана азыр 20нын кырына чыгып турган жигиттер менен кыздар бул окуяга анчейин таназар салбашы мүмкүн. Алар, балким, өздөрүнүн туулган күнүн “кантип дурусураак өткөрөбүз” деген ой менен убарадыр?

Ал эми эски доор ураганда “жалпы жыргалчылык коомун курабыз” деген куру кыялы да сапырылган алатоолук коммунисттер болсо дал ушул күндөрү бир сыйра кейип-кепчип, же өткөнүн эстеп кабыргасы кайышып, ошол кездеги реформачыл президент Аскар Акаевди КДКчыларга (“Кыргызстан” демократиялык кыймылынын көп улуттуу курамына) кошуп жамандап өтүшөөрү бышык.

Албетте, коммунисттердин ичинен пост-советтик доордо бийликке, байлыкка жетип марыгандары, көмүскө бизнеси барлары, мурдагы үй-бүлөлүк башкаруу системасына эби менен шынаарлагандары башка карапайым мүчөлөрдүн арасында жүргөндө гана ошондогу демократтарды каргап-шилебесе, өздөрү болсо соңку жылдары капиталисттик коомго “эл шарынан калбай” белсенип, “буржуйлукка өтүүгө” даярданып келишкени деле ырас.

Социалисттик Интернационалга мүчө болуп алган “Ата Мекен” партиясынын жетекчилери болсо ал кезде эл сыяктуу эле бул эки сөздүн расмий алынып ташталганына сүйүнүп, калпактарын обого ыргытышкан.

Себеби алар СССРдеги социализмден, “лөктөрү” үчүн жыргалчылыкты ушул эле дүйнөдө ыроологон, карапайымдары үчүн “тиги дүйнөнү” да четке каккан системадан, цензурага негизделген түзүлүштөн чарчашкан. Батыш Европадагы социализмдин караанын болсо атажуртунда азыр да көрүшө элек.

Сөздөн мурда тил...

Кыргызстандыктарды жапатырмак жаңыча ойлонууга түрткөн агым – бул эки сөз алынып ташталгандан 2-3 жыл илгери башат алды го дейм.

Ал жумуриятта кыргыз тилин орус тили сыяктуу эле кадырлоо жана кош тилдик саясат жүргүзүү талабы көтөрүлгөндө олуттуу толкунга айланды.

Бул толкун Ала-Тоодо өз туу чокусуна ушунчалык ыкчам көтөрүлгөн экен – 1989-жылдын 23-сентябрында бир гана тил – кыргыз тили - Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык Кыргызстандын мамлекеттик тили макамына ээ болуп калды.

Ийгиликтен жаңы талаптарга

Алатоолуктар 1988-90-жылдары бир катар саясий ийгиликтерге жетишкен.

Дал ошол кезеңде тээ 1930-жылдары жазыксыз куугунтукталып, бейкүнөө аттырылган чыгаан саясатчылар менен интеллектуалдардын бир даары саясий жактан акталган.

“Ашар” кыймылы, “Асаба” партиясы жана башка коомдук жана коомдук-саясий бирикмелер, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты сыяктуу бейөкмөт уюмдар “козу карындай” жайнап чыккан. Алар 1990-жылдын май айында КДКга баш кошкон.

Советтик доордогу эң соңку чакырылыштагы Кыргызстандын Жогорку Кеңешине Компартия “батасын” берген расмий тизмедеги кишилер гана эмес, аларга каршы атаандаштык негизде чыккан талапкерлер да депутаттыкка шайланган. Алардын арасында элеттик физика мугалими Өмүрбек Текебаев да болгон.

Кыргыз коомчулугу Балтика боюндагы калктар сыяктуу эле көбүрөөк демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кыла баштаган.

1990-жылдын январ, феврал, май айларындагы коммунисттик түзүлүштү сындаган уруксатсыз демонстрациялар, ошол кездеги жетекчилик менен имарат ичинде саясий-интеллектуалдык талашып-тартышуулар, июндагы каргашалуу Ош окуяларынан кийинки бийликтин мажүрөөлүгү сыяктуу учурлар камтылган саясий өнүгүү жараяны тереңдеп отуруп, акыры 1990-жылдын октябрында парламентте бийликке каршы реформачыл канат түптөлдү.

КДК болсо реформаларга баруудан баш тарткан Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигине каршы саясий ачкачылык иш-чарасын жүргүзүп, бир партиялуу системаны биротоло жоюуну талап кылды.

Кыргызстан коммунисттеринин жолбашчысы Абсамат Масалиев оболу президенттик кызматты түзүүгө каршы болуп келип (анын жүйөөсү – “бул кызмат Маскөөгө эле жарашат” деген пикирге такалчу), акыры жумуриятта жаңы түзүлгөн бул кызмат үчүн күрөштө демократтар канатына жеңилип берди.

Айтмакчы, ыраматылык Масалиевдин акыйкатчылдыгы, оппозициянын демонстрацияларын башка советтик жумурияттардагыга окшоп катаал жазалабагандыгы, алар менен ачык талкууга баруудан жалтайлабагандыгы, президенттикке шайлоо маалында өз керт башынын пайдасына добуш бурмалоо үчүн депутаттарды “сатып алуу” ыкмасын таптакыр четке каккандыгы да Кыргызстандын реформа нугуна тынч жол менен түшүүсүнө себепчи болду.

Бийликтеги кезинде кеңири реформалардан чочулаганы менен, таза саясатчы, калыс депутат жана атуул катары ал киши да пост-советтик доордо өрнөктүү өмүр кечирди.

Тышкы саясаттагы там-туң кадам

Кыргызстан ал кезде өз алдынча тышкы иштер министрлигине сөз жүзүндө ээ болгону менен, тышкы саясатта кыргыз министри Кремлдин колундагы “тактеке” болчу.

Тээ Австралиядан эл-жерине келген 80ден өткөн Айтувар ажы өз киндик каны тамган Ысык-Көлгө барууга уруксат ала албай, Бишкектен (ал кездеги Фрунзе шаарынан) артка бозала болуп кеткени, биздин “тышкы иштер министрлиги” бул маселени өз алдынча чече албаганы да эсте калды. Себеби торпедо сынагы өткөн Ысык-Көл ал кезде “чоочун көзгө жабык” аймак болчу.

Кыргыз дипломатиясында айрым жылыштар да башталган

Ошол 1980-жылдардын этегинде СССРдин ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгүн кыргыз саясатчы айымы, философия илимдеринин кандидаты Роза Отунбаева жетектеп калды. Мынчалык ири дипломатиялык кызматка ага чейин кыргыз атуулдары дайындала элек болчу.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 1986-жылы негиздеген “Ысык-Көл шеринеси” аркылуу бир катар дүйнөгө таанымал интеллектуалдар чет өлкөлөрдөн Ысык-Көл кылаасына чейин келгени да чоң окуя болуп калды.

Кыргыз сөзүнүн чыгааны Айтматов бул “шеринеси” аркылуу да демократиялык реформаларга жана маалымдуулукка кыйла түрткү болгон экен.

Жаңылануу доорунун куруту “Азаттыкка” да тийген

“Азаттыктын” бардык кызматтарынын (редакцияларынын) ичинен алгачкы жолу Кыргыз кызматынын жетекчиси расмий уруксат алып СССРдин чек арасынын ичкери жагына кадам таштаган экен.

Бул тууралуу калыстык үчүн жаза кетпесек, айрым макалаларда “биринчиликтин ардак белгиси” Балтика боюндагыларга ыйгарылып жүрөт.

Тактап айтсак, “Азаттык үналгысынын” деректири Аким Өзгөн 1989-жылы августта өзү жетектеген үналгынын берүүсү багытталган жумуриятка расмий конок катары чыгармачыл сапар менен келүү бакытына ээ болгон. Бул советтик тарыхта алгач орун алган зор окуя болду.

Аким Өзгөн ордо шаарыбызга жана Кетмен-Төбө өрөөнүнө барып, демократ акын Токтогул Сатылган уулунун (1864-1933) 125 жылдык мааракесине катышкан. Көрсө, ага советтик виза алууга ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачевдун кеңешчиси болгон Чыңгыз Айтматовдун опол тоодой жардамы болгон тура!

Көп узабай, 1990-жылы, “Азаттык” үналгысы чөлкөмдө биринчи болуп өзүнүн жергиликтүү тыш кабарчысын тапкан. Ала-Тоодогу “Азаттыктын” туңгуч тыш кабарчысы (түрколог, профессор Кадыралы Конкобаев), ошентип, Советтер Биримдиги ойрон боло электе эле Кыргызстандын ордо шаарынан Мүнхендеги башкеңсеге соңку жаңылыктарды топтоп бере баштаган.

Сөздөн - Декларацияга

Мындан 20 жыл мурда, ошентип, расмий аталышындагы эки сөздү “чанган” Кыргызстандын реформачыл дымагы андан ары да тереңдеп, ошол жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеш айтылуу “Эгемендик жөнүндөгү” Декларацияны кабыл алды.

Андан атажуртубуз көз ачып-жумгуча эгемен деле болуп кеткен жок, бирок Борбордук Азия чөлкөмүндө алгачкы болуп кабыл алынган бул расмий документ аркылуу Жогорку Кеңеш мамлекеттик чыныгы эгемендикти көксөгөн кыргыз улутунун саясий таламын жалпы дүйнөлүк калайыктын эсине салып койду.

Декларациядан – иштиктүү сөзгө

Эми жаңы шайланган Кыргыз парламенти шайлоо өнөктүгү маалындагы арбын жана кооз сөздөн анык ишке өтүү алдында турат.

Мунун өзү бизди жаңы чакырыктагы Жогорку Кеңеш туңгуюктан туура жол көргөзчү таасын сөздү тандап, реформачыл мыйзамдарды кабыл алуу жана заманага шайкеш болбой калган мыйзамдарды архивге таштоо аркылуу урпактарыбыз мындан 20 жыл кийинчерээк да чындап маашырлана тургандай жүктү аркалап берсе экен, деген жалпы каалоо-тилекке кайра эле жетелейт.

Жаңы мыйзамчылар үчүн өрнөк – доорлор тогошкон 1989- жылы жана 1990-94-жылдардагы Кыргыз Жогорку Кеңешинин байсалдуу ишмердиги. Ошол орошон учурдагы тарыхый өрнөктү 20 жылдай илгери турмуш чындыгына айланткан улуу муунга жалпы таазим кыла кетели.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG