Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал жараткан 70 жагдай болсо, Кыргызстанда ошол кырдаалдын ондон ашыгы мезгил мезгили менен кайталанып турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар жылдан жылга күчөп баратат.

Адистердин баамында жылдан жылга табийгый кырсыктар күчөп атат. 2005- жылы 182 жолу өзгөчө кырдаал түзүлгөн болсо, мурдагы жылы 209, былтыр 312 ирет өзгөчө кырдаалдар катталган. Анын кесепетинен 281 адам каза болгон. Материалдык чыгымдар 1 миллиард 194 миллион 693 миң сомду түзгөн.

Ушундай табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу багытында мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги натыйжалуу иш алып барбай келген болсо бир жыл ичинде бул тармакты реформа кылууга аракеттер жасалды. Мындай пикирди министр Камчыбек Ташиев кечээ билдирди:

-Биринчи катачылык болгон - кадр бизнеси токтотулду. Экинчиси министрликтеги коррупцияны кескин кыскартуу боюнча чоң иш жүрдү. Анын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы 30 бөлүкчөнүн жетекчилеринин 95 пайыны кызматтарынан алынып, иштин көзүн билген кадрлар менен алмаштырылды.

Өлкөдө өрткө каршы күрөшүүчү 85 бөлүкчө болсо, алардын материалдык-техникалык абалы начарлап, 18 жылдан бери бир дагы жаңы техника алынган эмес. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев былтыр өрт өчүрүүчү 73 жаңы автоунаа алуу үчүн 282 миллион сом каражат бөлүнүп, алардын алды Орусиядан четинен келе баштаганын билдирди.

Өлкө боюнча өткөн жыл ичинде 44 жолу жер титирөө катталган. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдрахматовдун айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында жердин катуу силкинээри жөнүндө алдын-ала эскертилип келгендигине карабастан айрыкча жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кырсыкты алдын алуу иштери өз деңгээлинде жүргүзүлбөй келатат.

Ал эми Ош областынын Алай районундагы Нура айылында 2008-жылдын 5-октябрында болгон катуу жер титирөөнүн жалпы чыгымы 107, 004 миллион сомду түзгөн. Нура айылында 72 адамдын өмүрүн кыйган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кандай иштерди жасады экен?

-Жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча көрсөтүлгөн бардык гуманитардык жардамдар өз орду менен чыгымдалып, нуралыктардын кыштан аман-эсен чыгуусуна камкордуктар көрүлдү,- дейт министр Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле өткөн жылдын 22-майынан 1-октябрга чейин катуу жааган жаандан Кыргызстандагы суу ташкындарынын чыгымы 278 миллион 490 миң сомду түзгөн. Суу ташкындары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Талас областарында көп катталган. Турак үйлөр, жолдор, каналдар, көпүрөлөр, арык түйүндөрү бузулган.

Учурда Кыргызстандын аймагындагы 3 миңдей дарыя сел алып кетүү коркунучун туудуруп турат. Ал эми бийик тоодогу көлдөрдүн 200гө жакыны жарылып кетүү коркунучун жаратууда. Быйыл кар калың жаагандыктан тоолуу аймактарда көчкүлөр жүрдү. Ошондон улам тоолуу өлкөдө сел жүрүп кетүү, сейсмикалык активдүүлүк абдан жогору.

Жаратылыш кырсыктарынын оор кесепеттери экономикага, адамдардын өмүрүнө чоң жоготууларды алып келүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураевдин пикиринде өлкөдө урандын шакелдери көмүлгөн 90 жай өтө кооптондуруп турат.

-Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул объектилерде реабилитациялоо иштерин жүргүзбөсө анын кесепети жаратылышка, экономикага, айыл чарбасына, жердин түшүм берүүсүнө, анан албетте, коңшу өлкөлөргө, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна чоң зыян алып келээри бышык.

1992-жылдан 2005-жылга чейинки аралыктагы мезгилде 580 адам жаратылыш кырсыктарынан кайтыш болгон. Ал эми өткөн бир жыл ичинде эле 281 адамдын өмүрү табият кырсыктарынан кыйылган.

Эми өлкө аймагында көчкү түшүү, суу ташкыны жана башка кырсыктар болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул арада барып, жардам берүүгө даярбыз дешүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG