Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Жерди ижарага берүүдө мыйзамга ылайык каттатуу керек


Айдоо аянттарын ижарага берүү иштери көбүнчө эки тараптын оозеки макулдашуусу менен бүтөт. Тараптар бул ишти юридикалык жактан тастыктоого көп убактарда шашылбайт, бул болсо өз убагында жер ээси менен ижарачынын ортосунда чыр-чатактын чыгышына алып келет.

Жаз келип, күн жылыгандан бери дыйкандар айдоо иштерине, малчылар жайлоого көчүүгө даярдык көрүп башташты. Ошол эле учурда өздөрүнө тиешелүү жер үлүштөрүн иштете албай, башка дыйкандарга же малчыларга ижарага бергендер да четтен кездешет. Айдоо аянттарын ижарага берген жер ээлери айдоо аянтын иштетүүгө каражаттын көп керектелүүсү менен түшүндүрүшүп, айрым учурларда азганакай жерди иштетүүдөн алынган түшүм ага сарпталган каражатты, жаз-жай кылган мээнетти актабай калгандыгын айтышат.

Ал эми ижарачылар болсо жыл өткөн сайын жер иштетүүгө керек болгон күйүүчү май, үрөн, техника жана башкалар менен катар айдоо аянттарынын ижара баасы да көтөрүлүп жатканына нааразылыгын билдиришет. Жергиликтүү талдоочулардын баамында, айдоо аянттарынын жана жайыттардын ижарага берилүүсү акыркы төрт-беш жылдан бери күчөгөн. Буга эң биринчи себеп-ички жана тышкы миграциянын өскөнү, дешет алар. Кыргызстан эгемендик алып, жеке адамдарга үлүш жерлер берилгенден тарта болуп келе жаткан айдоо аянттарын жана жайыттарды ижарага берүү иштери көбүнчө эки тараптын оозеки макулдашуусу менен бүтөт. Тараптар бул ишти юридикалык жактан тастыктоого көп убактарда шашылбайт, бул болсо өз убагында жер ээси менен ижарачынын ортосунда чыр-чатактын чыгышына алып келет, дешет юристтер.

Жерди ижарага берүү –тараптардын кол алышуусу менен аяктайт

Жалал-Абат облусунда ири аянттагы жерлерди ижарага алып иштеткендер - негизинен пахтакерлер. Бирок алар дагы мээнеттери акталбай жатканы үчүн быйыл ижара жерлердин аянтын кыскартууга мажбур. Облустун тургундары жер үлүштөрүн түркүн баада кыска жана узак убакыткa ижарага беришет. Алар үлүш аянттарын башка бирөөгө берүүгө муктаж болгон себептен жерди иштете албагандыгы жана ага жумшалчу чыгымдардын көптүгү, андан башка жумушка жарактуу уул-кыздарынын айлыгы мол иш издеп, коңшу Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө кеткени менен байланыштырат.

Ноокен районундагы Керезбү Болушованын беш уул-кыз-келини көптөн бери Орусияда иштейт. Үй-бүлөсүнө тийген бир гектар 29 сотых үлүш жерин ал жыл сайын жер иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдарга берүүгө аргасыз болот:

- Балдарым турмуштун кыйынчылыгына байланыштуу Орусияда иштеп атышат. Азыр үйдө мектепте окуган уулум экөөбүз калдык. Жерди жыл сайын жаз алдында ижарага берем. Быйыл 10 миң сомго бердим, - дейт Керезбү Болушова.

Аталган райондун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо мекемесинин башчысы Аскeрбек Шерматовдун пикири боюнча, айылдыктардын жер сатуусуна жумушсуздук менен миграция түрткү болууда. Үлүш жерлердин соодасы расмий түрдө бир да жолу каттала элек. Реалдуу турмушта жер соодасы оозеки келишим түрүндө бекилет. Үлүш аянттардын баасы жердин шартына жараша макулдашылат:

- Сугарма аянттар кымбат, кайракы жерлер арзан сатылат. Бир-эки жылга Орусияга же Казакстанга кетип бараткан адамдар жерин сатканын же ижарага бергенин расмий түрдө каттап кетишпейт. Өз ара оозеки келишип, же түшүнүк кат жаздырып алып кете беришет. Эгер суулуу жер болсо гектары 12 миң сом турат. Кайракы жерлер 7-8 миң сомдун айланасында.

Үлүш аянттарын саткандар өкмөткө социалдык фонд, суу жана жер салыктарын өздөрү төлөшөт. Облустагы «Акбар-Ата» фермердик чарбасынын башчысы Аскарбек Кожомуратов жыл сайын эки гектарга чейин жерди ижарага сатып алат. Анын сөзү боюнча, өз менчигинен сырткары сатып алынган жерге жасаган мээнеттин да акыбети кайтууда:

- Ижара баасын 5-6 миңден түшөт. Бул эми кайракы жерлер. Сууга канчалык жакын болсо, ижара баасы да ошончо кымбаттай берет. Биз дагы ошол бала-чакасы алыста жүргөндөрдүн жерин сатып алабыз. Кыйынчылык көбүнчө сугат суу менен минералдык жер семирткичтен болот. Кудайга шүгүр кылган мээнетиибиздин акыбети кайтып эле атат.

Жеке ишкер Ташмамат Арапов быйыл сатып алып иштетчү жердин көлөмүн азайтты. Ал буга чейин жыл сайын 20 гектар жерди ижарага алып пахта өстүрүп келатканын билдирди:

- Бирок пахтага жумшалган мээнеттин көптүгү жана анын баасынын өтө арзандыгы, минералдык жер семирткичтер менен техникалык чыгымдардын арбындыгы, күйүүчү май менен терим акысынын кымбаттыгы ушу жылы эки гектар жерди иштетүүгө мажбурлады, – деп айтты Ташмамат Арапов.

Айдоо аянттарын жана жайыттарды ижарага берүү Таласта да өнүккөн. Бул иш көбүнчө тараптардын жөн гана кол алышуусу менен бүткөндүктөн, аягында жер ээси менен ижарачынын ортосунда нааразылыктар туулбай койбойт.

Талас району Калба айылынын тургуну Муктаалы Асаналиев беш гектар жерин иштетип, төөбурчак, картошка, эгин айдап, бир топ эле түшүм алып, капчыгына киреше киргизип келген. Акыркы үч жылдан бери жерди иштетүү кымбатка туруп, алган түшүм өзүн актабай калды, дейт ал:

- Бирөөгө ижарага берем. Анткени жер өзүн актабай калды. Жер салыгы эле канча өсүп кетти. Эми салыкты ижарага алган киши төлөйт.

Жерлерди ижарага бергенде эки тарап көбүнчө кол алышуу менен бүтүшүшөт. Талас районундагы Кок-Ой айылынын депутаты Улукбек Осмоналиев жерди ижарага берүү маселеси кол алышуу менен аяктагандыктан, бул иштин аягы чатакка айланып, эки тарап нааразычылык менен аларга кайрылган учурлар да жок эмес дейт:

- Бүгүнкү күндө жердин ижара баасы бир гектарына орточо 3-5 миң сом турат. Анткени жер кумдак, ошондуктан арзан. Убактылуу ижарага берилип аткан күндө да кыргызчылык кылбай, эки тарап тең бул ишти кагаз жүзүндө каттап, нотариус аркылуу каттатып коюуга тийиш. Ушундан улам жыл аяктаганда же кийинки жылы баасы келишпей, бири-бирине нааразы болгондор да көп.

Талас райондук мамлекеттик каттоонун бөлүм башчысы Марлен Дүйшөналиев мындай чатакка жол бербеш үчүн бул маселеге юридикалык көз караш менен кароо зарыл дейт:

-Эгер жерди ижарага берип аткан болсо, менчик ээси менен ижарага алып аткан киши бизге келиш керек. Бул эми мажбурлоо эмес, өздөрүнүн каалоосу боюнча. Анын үстүнө бизде мындай шарт дагы бар. Эгер жерди 3 жылга чейин ижарага берсе, анда муну кагаз жүзүндө бекитип кереги жок. Бирок мындай учурларда акысын алдын ала алып, кийинки жылдары ижара акысы өсүп кеткен учурда, үстүнө кошуп бер деп талап кылып, бири-бирине нааразы болгондор да арбын.

Талас аймагында Талас району боюнча алсак Кара-Суу, Жерге-Тал, Калба, Жон-Арык, Беш-Таш айылдарындагы жерлер ижарага ар гектарына 8000ден тартып 14000сомго чейин берилет, башка айылдарда эн жогорку баа 5 миң сом. Ал эми акыркы маалыматтарга таянсак, облус боюнча эң кымбат жер ижарасынын баасы 18 миң сомго чыккан. Айрым серепчилердин айтымында, эки жылдан бери суунун тартыштыгынан улам айдоо аянттар жакшы иштетилбей бош калып же болбосо ижарага берилип жатат.

Маселени убагында чечүү көп көйгөйдүн алдын алат

Жогоруда айтылгандай, айдоо аянттарды жана жайыттарды ижарага берүү иши юридикалык жактан тиешелүү такталбагандыктан, аягы келип, тараптардын талаш-тартышына, айрым учурларда соттук териштирүүгө чейин алып барат.

Мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн жер ээси жана ижарачы кандай кадамдарды таштоого тийиш, деген суроо менен биз айыл калкына укуктук көмөк көрсөтүүчү ЛАРК коомдук бирикмесинин юристи Талантбек Солтобековго кайрылдык:

- Эки тараптын ортосунда ушундай араздашуулар болбошу үчүн алар келишимдин шарттарын баары такталган жазуу түрүндөгү келишим түзүүгө тийиш. Ошондой эле бул келишимди мамлекеттик каттоо аркылуу күчүнө киргизүү зарыл. Мына ушундан кийин гана мамлекет тарабынан бул пайда болгон убактылуу колдонуу укугу корголот. Белгилей кетчү нерсе, бул шарттар кайра бөлүштүрчү фонддун жана жеке менчик айдоо жерлерине тиешелүү. Ал эми жайыттарды ижарага берүү быйыл өзгөртүлдү. Ага ылайык жайыттар ижарага берилбейт, жайыт белети аркылуу башкача тескелет.

- Көпчүлүк учурда ижарачылар менен жер ээлеринен жерди ижарага берүүнү юридикалык жактан тастыктоо көп убакытты жана убаракерчиликти талап кылат, мындан тышкары каражат да көп кетерин айтып, мына ушул себептен ага барбаганын айтып келишет?..

- Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берип жаткан учурда көп нааразылыктар чыгып келет. Айрым убактарда ижарага алып аткан киши аны юридикалык жактан каттоодо чыныгы төлөнүүчү баасынан ашыкча акча төлөп калган учурлар бар. Бул туура эмес көрүнүш. Мына ушундан улам да тараптардын ортосунда түшүнбөстүктөр пайда болгон учурлар бар.

- Жер ээси менен ижарачынын ортосундагы келишим кандай түзүлөт? Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө..

- Жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп кетсем, сөзсүз түрдө алар кагаз жүзүндө келишим түзүп, аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү керек. Дагы баса белгилеп кетүүчү нерсе эгер ижара үч жылга чейинки мөөнөттө берилип атса, анда мамлекеттик каттоодон өткөрүү сөзсүз эмес.

- Айрым учурларда айыл калкы мамлекеттик каттоо райондук борбордо жайгашканын, ижарага берилген жерди каттоодон өткөрүү машакаты бир-эки күндө эле бүтүп калбасын айтып, мына ушундан улам эки тараптын келишимин оозеки бүтүрүшкөндүгүн айтып жүрүшөт. Мына ушул тартиптерди жөнөкөйлөтүп, жарым, бир күндө бүтүрө турган мыйзамдык шарттар барбы?

-Мындай шарттар жок. Бирок көбүнчө алыс жайгашкан мамлекеттик каттоо өкүлдөрү айылдарга барып, ага чейин келип түшкөн арыздарды карап, бир-эки күндө ошол айылдарга барып, аны өткөрүүгө аракет кылышат. Бул өзүн актаган жок, көп натыйжа алып келген жок, десек болот. Анткени арыздардын баары эле бир убакта түшпөйт, баарын бир күндө болжолдоп жазып коюу мүмкүн эмес.

- Жер ээси менен ижарачынын укуктук сабатсыздыгы да эки тараптын талаш-тартышына алып келери айтылып жүрөт. Сиз кандай дээр элеңиз?

-Калет жок. Чындыгында көп адамдар өздөрүнүн укуктарын билбей, туура эмес келишимдерди түзүп, кол коюп алып, кийин ошонун айынан көп көйгөй тарткан учурлар абдан көп кездешет. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай: жер ээлери же ижарачылар ар кандай маселелер болгон учурда аны өз убагында тиешелүү органдарга кайрылып, чечүүнүн ордуна кенебей жүрө беришет. Аягында бул маселе абдан оорлошуп, болжонгон мөөнөттөрдүн баары өтүп кеткенден кийин кайрылган учурлар бар. Жерге эле эмес, өздөрүнүн укуктарына кайдыгер болбосо дейсиң.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG