Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

СДП: Байкуш элди "бакырган баалар" жеп коет


Социал-демократтар фракциясы уюштурган жыйындын катышуучулары электр менен жылуулуктун асмандаган бааларын калктын аялуу катмары көтөрө албайт деген бүтүм чыгарышты.

18-ноябрда ЖКнын социал-демократтар фракциясы тарабынан энергетикага баалардын кымбатташы боюнча талкуу уюштурулуп, ага фракция мүчөлөрүнөн тышкары өкмөт мүчөлөрү, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана энергетика адистери катышты.

Кары-картаңдардын “Боорукер күчтөрдүн биримдиги” уюмунун лидери Валентина Житенева талкуу учурунда социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Назгүл Ташпаевага кайрылып, пенсияга кантип жашоону үйрөтүүсүн талап кылды:

-Мына мен 2800 сом пенсия алам. 200 сом кошуп берсеңиз, 3000 сом болот. Мен майып абышкам менен кошо мына ушул акчага кантип жашайм? Мына ушуну түшүндүрүп, көрсөтмө берчи мага? Мен электр энергиясы менен жылуулуктан башка дагы дары сатып алышым керек. Кел, анда алмашалы, эки ай мен сиздин айлык акыңыз менен жашайын, сиз менин пенсияма жашап көрүңүз, анан кантип жашашты мага үйрөтөсүз.

Ардагердин белгилегени боюнча, бүгүнкү күнү 1 литр сүт 32 сом, 1 бөлкө нандын арзаны 13 сом турат. Күн сайын эт, май жана башка азыкты коюп, сүт менен нан эле алганга да азыркы орто өлчөмдөгү пенсия жетпейт, ал эми жаңы жылдан тарта электр, ысык суу менен жылуулукка баа көтөрүлсө, карыялар четинен кырылат, дейт В. Житенева.

Жаңы жылдан тарта энергетикага баалардын көтөрүлүшү эң алды менен калктын аялуу катмарын: пенсионерлерди, айлык акысы аз бюджеттик кызматта иштегендерди, майыптарды кыйынчылыкка кептээри тууралуу социал-демократтардын жыйынында бир топ сөз болду.

Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Назгүл Ташпаеванын жыйында билдиргени боюнча, өкмөт тарабынан берилүүчү 200 сом компенсация электр энергиясы үчүн гана, ал эми жылуулук менен ысык суу боюнча дагы кошумча төлөөлөр тууралуу азыр кеңешилип жатат:

-Бул маселе 1-вице-премьер-министр менен Бишкек шаарынын мэри тарабынан каралууда. Мен ойлойм, баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу элди колдоо боюнча шаар мэриясы да, өкмөт дагы бул кеңешменин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беришет.

Социал-демократтардын талкуусунда жарандык коом, саясий партия өкүлдөрү тарабынан, эксперттерден КР энергетика министри Ильяс Давыдовго да бир катар суроолор жаады. “Электр станциялары” АКнын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы Токтогул ГЭСи тарабынан чыгарылган 1 кВт саат электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйынга барабар.

Ал эми элден талап кылынган акча мындан 20 эсе көп, деп туталанды БЭКтин лидери Алмазбек Атамбаев:

- Сегиз тыйындык электр энергиясын элге 150 тыйындан, өздүк наркынан 18 эсе кымбат сатып жатышпайбы. Жай мезгилинен тартып 2 сомго чыкса дээрлик 25 эсе кымбат сатылат. Анын үстүнө электр энергиясынын баасы көтөрүлсө башка бардык баалар жогорулайт, кызмат көрсөтүү, азык-түлүк жана башкалар. Муну экономикада мультипикациялык эффект деп коет. Мындан элдин жашоосу өтө оорлойт, кыйынчылык болот. Ошондуктан, биз айтып атабыз, дагы ойлонуп, муну токтоткула деп атабыз.

Кыргызстандагы электр энергиясынын 91 % Токтогул ГЭСи тарабынан чыгарылат, калганын Бишкек ТЭЦи иштеп чыгат. Энергетика министри Илияс Давыдовдун маалыматы боюнча Бишкек ТЭЦи иштеп чыккан электр энергиясынын 1 кВт саатынын өздүк баасы 3 сом 60 тыйын, ал эми сатылган баасы -72 тыйын. Ушундай эле абал жылуулук менен ысык сууда да бар.

Энергетика тармагында чарбасыздык, коррупция орун алганы, буга чейин энергетикалык кредит катары алынган 200 млн. доллардан ашык акчанын кайда жумшалганы тууралуу да суроолор болду. Энергетика министри бул суроолорго негизинен жооп бере алган жок, ал тармактагы коррупция менен күрөшүү натыйжасында бир нече кызматкер кызматтан алынганын айтуу менен чектелди:

-Мен министр болуп келгенде атайын комплекстүү тапшырма койгом, эң негизги милдет - тармактагы жоготууларды азайтуу болчу. Бул жылы 25 %, кийинки жылы 21 %, аркы жылы 18-15 % чейин. Мындан тышкары уурдоолорду азайтуу, элге кошулуп алып жеген кызматкерлерди иштен алдык. 12 РЭСтин жетекчисин кетирдик, акыркы болуп Ошэлектро ишканасынын башчысы кызматтан алынды. Биздин тармак, техникалык инвестицияны талап кылат, биз мына ушул маселе боюнча артта калып атабыз, -деди Ильяс Давыдов.

Аягында жыйындын катышуучулары баалардын кескин көтөрүлүшүн эл көтөрө албайт деген бүтүм менен өкмөт мүчөлөрүнөн президентке кат жолдоосун өтүнүштү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG