Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Бакиевдердин байлыгы мамлекетке алынууда


Убактылуу өкмөттүн териштирүү иштеринин натыйжасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү ишканалар аныкталып, четинен мамлекетке кайтарылып улутташтырыла баштады.


Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакын адамдарына тиешелүү деп эсептелген ишканалар мамлекетке өткөрүлө баштады.

Үстүбүздөгү жуманын башында убактылуу өкмөт “Азия универсал банкын" улутташтырды. “АУБ” Максим Бакиевдин айланасындагы адамдарга тиешелүү экендиги айтылып, апрель окуясынан кийин 157 миллион доллар сыртка которулуп кеткендиги аныкталган.

Ошондой эле алгач Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевге, кийин Максим Бакиевге тиешелүү көмүскө фирмалар ээлик кылган “Аалам сервис” ишканасы да улутташтырылган.

Жакында эле өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Чүй облусунун жашоочулары менен жолукканда “Биз Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык бардык мүлктөрдү мамлекетке кайтарып, сатыкка коебуз. Андан түшкөн каражаттар бюджеттик мекемелерде иштегендердин маяналарын көбөйтүүгө жумшалат”,- деп билдирген.

“Калыс” коомдук бирикмеси ишканаларды улутташтырууну азырынча токтотуп туруу талабы менен чыгышты. Алар өздөрүнүн мындай турумун бийликтин легитимсиздиги менен байланыштырышты.

- Убактылуу өкмөттүн чыгарган декреттерине ылайык Кыргызстанда улутташтыруу иштери жүрүүдө. Биздин көз карашта бул кадамдар туура эмес. Себеби, убактылуу өкмөт Кыргызстанда биримдик орнотуп, тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. Ошол эле маалда алар лигитимсиз иштеп жатышат. Алардын чыгарган декреттери мыйзамсыз болууда. Ошондуктан референдум өтүп, шайлоо аяктаганга чейин улутташтырууну токтото туруу керек, - деди “Калыс” коомдук бирикмесинин жетекчиси Тилек Исаев.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалында мамлекетке тиешелүү болгон ири объектерди менчиктештирүү негизинен эки жол менен жүргөн. Бири ишканаларды жасалма түрдө банкротко учуратуу болсо, экинчиси күчтөп тартып алуу принцибине байланган.

Акыркы маалыматтар боюнча убактылуу өкмөт тараптан отуздай компаниялар улутташтырылган. Алардын катарына “Бишкек мунай” компаниясын, “Кайыңды-Кант”, “Шампанкомбинат” “Бишкек ликер-арак заводун”, “Кристал” заводун жана Ысык-Көл жээгиндеги бир катар эс алуучу жайларды кошууга болот.

Өткөн жумада маалымат жыйынын өткөргөн убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров “Континет-Принт” ишканасы, «Каприз» пансионаты жана Алексей Ширшовго тиешелүү болгон Як-40 учагы улутташтырылгандыгын билдирген. Ошондой эле “Мегаком” ишканасына тышкы көзөмөл киргизилсе, Кант цемент-шифер комбинатынын 13 % акциясы өкмөткө кайтарылып берилген.

Экономист Мавлян Аскарбеков ишканаларды улутташтыруу маселеси туура деп баалайт. Анын баамында бул мүлктөр мыйзамсыз түрдө Бакиевдердин үй-бүлөсүнө өткөн:

- Элге тиешелүү болгон ишканалар мыйзамсыз түрдө Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жана жакын адамдарына өтүп кеткенин баарыбыз билебиз. Мисал катары алсак, Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларды Максим Бакиев өзүнүн карамагына өткөрүп, анан өзүнүн жакын адамдарына каттатып жүрүп отурган. Мындай учурда бул жеке менчик, бул жайга тийүүгө болбойт деп айтуу туура эмес. Ошондуктан биз сот аркылуу ошол келишимдерди мыйзамсыз деп таап мамлекеттин карамагына өткөрүү зарыл, - деди Мавлян Аскарбеков.

Убактылуу өкмөт апрель окуясынан кийин атайын декрет кабыл алган. Ага ылайык өлкөдө шектүү деп эсептелген бир нече ишканаларга тышкы башкаруу киргизилип, алардын айрымдары учурда улутташтырыла баштады.

XS
SM
MD
LG