Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

ТАКТАЛА ЭЛЕК ТАЛАШТЫН УЗАК СОТУ


Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун териштирүүнү 2-июлга жылдырды. Антишке сотко доо-арыз жолдогон парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун, “Кумтөр” алтын кен компаниясынын өкүлдөрүнүн келбей калышы себеп болду. “Кумтөр” алтын кенине байланышкан дагы бир иш эларалык арбитраждык сотто жатат.

2003-жылкы өкмөттүн токтому, анан да “Центерра Голд Инк.” компаниясындагы Кыргызстандын үлүшүнүн азайып кетиши төрт жылдан бери талашты чакырып келатат. Талаштуу токтомго а кездеги премьер-министр Н.Танаев жалгыз өзү кол коюп, өкмөт мүчөлөрү 2003-жылдын 31-декабрында жыйналышпаганын, мындан келди ал расмий документ мыйзамдык күчкө ээ эместигин парламенттин вице-спикери, “Акжол” фракциясынын өкүлү Кубанычбек Исабеков такай айтып келатат.

- Өкмөт өзүнүн токтомун, Н.Танаев жалгыз кол койгон токтомун жокко чыгарса болот болчу. Үч ай мурун жазуу жүзүндө кайрылгам. “Силер өзүңөрдүн мыйзамсыз токтомуңарды жокко чыгарсаңар болот” дегем. Башкы прокуратурага да кайрылгам. Алар болсо: “Финансы полициясы иш козгогон” дешет. Финполициянын бул жерге кандай тиешеси бар?

Ал эми өкмөт башчы И.Чудинов 2003-жылкы “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүүдөн Кыргызстандын үлүшү абыдан эле азайтылып калганын айтып, аны азыркы турушунан кеминде 10% арбын болушу керектигин билдирди. Ушул максатта канадалык компания менен дагы сүйлөшүүлөр жүрө тургандыгын маалымдады.

Кыргызстандын өкмөт башчысы сүйлөшүүлөр тууралуу маалым кылгандан аз өтпөй “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жетекчилиги жаңыланды. Бул кадам -талаштан башы чыкпаган “Кумтөр” алтын кен долбоорунун негизги авторлорунун бирин ардактуу эс алууга жөнөтүүнүн артында Кыргызстан тарапка жасалган ишара болушу деле мүмкүн. Алдагыдай божомолдун чыгышына компания жетекчилигин алмаштыруу маалында баса айтылган “Центерра Голддун” мындан аркы стратегиялык багытын кайра карап чыгуу зарылдыгы себеп болду окшойт.

Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна “Кумтөр” алтын кен компаниясынан өкүлдөр келген жок. Компания ушу тапта доо-арызы эларалык арбитраждык сотто карала тургандыгын маалымдап, бир эле учурда эки сотко катыша албастыгын Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна жөнөткөнүн сот Мыктарбек Алымкулов жарыя кылды.

- Азыркы учурда “Центерра”, “Кумтөр” алтын кен компаниясы жергиликтүү экономикалык соттун отурумуна катыша албайт.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Максат Жээналиевдин айтуусунда, эларалык арбитраждык соттон тараптардын бирөө да утушка ээ болбойт.

- Эларалык арбитраждык сотко бергени бизге деле такыр ылайыксыз. Өздөрүнө деле таптакыр ылайыксыз. Себеби алар эларалык деңгээлдеги компания, өздөрүн жаманатты кылбаш үчүн кадыр-баркын, атын жакшы сакташы керек да.

Өкмөт менен канадалык компаниянын тирешүүсүнөн акция баасы төмөндөп баратканын Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев маалымдады.

- Жанагы жаңы келишим боюнча биздин миллион долларыбыз бар деп жүрсөк, азыр андай акчабыз жок, өтө азайды. “Центерранын” жоготкону аябай чоң. Үч эсе жоготуп койду. Бул абдан чоң чатакка айланды.

“Центерра Голд Инк.” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы 2007-жылдын августундагы келишими парламенттен жактырылбай, эми жаңы келишим түзүүгө даярдык көрүлүүдө. Компания жетекчилигин жаңылап, кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөргө кимдер катышарын тактоодо.

Ал арада Бишкектин райондор ортолук сотунун 2003-жылкы өкмөт токтому тууралуу чечими да чыгып калышы ыктымал. Азырынча бүдөмүк маселе кыргыз өкмөтү 2003-жылкы токтомун жокко чыгарып, ишти 90-жылдардагы Башкы келишим шартына ылайык жүргүзөбү же канадалык компаниядагы акцияларынын көбөйтүү менен эле чектелип калабы, суроосу болууда.

XS
SM
MD
LG