Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында тоо рельефтеринин өсүшүнөн жана мөңгүлөрдүн эрип башташынан жарылып кетүү коркунучу бар көлдөр көбөйдү.

Мындай көлдөр жер титирөө, сел-көчкү сыяктуу эле коркунучтуу. Кыргызстанда бир нече миңдеген көлдөр бар. Алардын ичинен 1950сү чоңураак көлдөр, майдалары мындан да көп. Алардын ичинен жарылып кетүү коркунучунда турган 330 көл бар.

2006-жылдан бери Кыргызстандын мына ушундай көлдөрүн изилдөө, алардын жарылып кетүү коркунучунунун алдын алуу боюнча Кыргызстан менен Чехиянын гидрогеологиялык кызматы иш алып барууда.

Гидроинженер, Кыргызстан тараптын гидрогеологиялык иштер боюнча жооптуу аткаруучусу Сергей Ерохин кыргыз жана чех адистеринин 2009-жылдын жай мезгилиндеги иш аракеттерине токтолду:

- Быйылкы жай тоолуу аймактарда суугураак болду. Андыктан көлдөр өлчөмдөн ашып, толуп-ташып кеткен жок. Бирок 4-июнда Бишкектен 60 чакырым аралыктагы Нооруз өрөөнүндөгү Такыр-Төр көлү жарылууга учурады. Бир топ чарбалык зыяндарды алып келгенине карабай, адам өмүрүнө зыяны тийбеген мындай жарылуулар көпчүлүккө көп билинбей өтүп кетет. Такыр-Төр көлү жарылуудан кийин ордунан 50 чакырымдай алыстыкка атылып чыккан. Бул көрүнүш – жарылууну алдын ала аныктоонун канчалык татаалдыгын көрсөтүп отурат. Себеби биз ошол учурда аймактагы башка көлдөргө байкоо жүргүзүп жатканбыз. Алар муз алдында эле. Такыр-Төрдүн жарылары оюбузга келген жок албетте. Мындай жарылуулардын алдын алуу иш чараларын жүргүзүү үчүн чоң каражат керек. Өкмөт бөлгөн каражат өтө эле аз. Бирок Чех мамлекетинин, чех адистеринин жардамы менен биз чалгындоо иштерин жүргүзүп, айрым айыл элдерине кырсыктын болушу мүмкүндүгүн эскерткен учурларыбыз болуп жатат.

Жогоруда белгилегендей, Чехия мамлекетинин гидрогеология кызматы Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жарылып кетүү коркунучунда турган көлдөрдү изилдөөгө колдоо көрсөтүп келатат.

Чехия тараптын гидрогеологиялык иштер боюнча жооптуу аткаруучусу Михал Черны эки тараптын адистери тарабынан 2009-жылда аткарылган иштерди төмөнкүчө белгиледи:

- Жарылып кетүү коркунучунда турган көлдөрдү аныктоо максатында биз Кыргызстанды кыдырып келатабыз. Өткөн жылы Ысык-Көл аймагын изилдеп чыксак, быйыл Баткенде болдук. Байкасак Кыргызстанда жарылып кетүү коркунучундагы көлдөр өтө интенсивдүү өнүгүп жатыптыр. Учурда 20 дай көл соңку коркунучта турат. Мисалы Кегетидеги Көл-Төр көлү азыр өтө коркунучта. Качан да болсо жарылып кетиши мүмкүн. Көл өзү да чоң. Биз мындай көлдөрдүн желип кетип жаткан жерлерин катыруу, бекемдөө иштерин жүргүзүп жатабыз.

Өткөн жылы биз Бишкектин үстүндөгү Ала-Арча өрөөнүнүн 3600 метр бийиктиктигиндеги Адигине мөңгүсүнүн алдына илимий станция курганбыз. Станция гидрогеологиялык, геологиялык жана биологиялык изилдөө максатында жыл ичи токтобой иштей берет. Бул жерде Кыргызстандагы эң чоң метеостанция бар. Быйыл дагы жаңы жабдыктарды коебуз. Ошондой эле быйыл Баткен облусунун Исфайрам-Сай өрөөнүндөгү ондогон көлдөрдү текшерип чыктык. Алдыда дагы Кумтөрдөгү Петрово көлүн 4-жыл изилдөө турат.

Чехия тараптын гидрогеологиялык иштер боюнча жооптуу аткаруучусу Михал Черны белгилегендей, Кыргызстанда 15-20 көл жарылуу стадиясында турат. Бул көлдөрдүн коркунучтуулугу – алардын качан жарылып кетишин так аныктай турган изилдөөчү жабдыктардын жоктугунда. Мисалы бул жерде – вертолет менен көктөн изилдөө, космостон сүрөткө алуулар зарыл. Ага жетишерлик каражат жок.

Анткен менен чех жана кыргыз гидрогеологдору коркунучтуу көлдөргө тосмолорду коюу жана жасалма жол менен көлдү теңдөө иштерин жүргүзүп жатат.

Гидроинженер, Кыргызстан тараптын гидрогеологиялык иштер боюнча жооптуу аткаруучусу Сергей Ерохин сөзүн жыйынтыктап жатып, изилдөөнүн мындай жыйынтыгын маалымдады:

- Биз жарылып кетүү коркунучунда турган көлдөрдү изилдөө менен мөңгүлөрдү да изилдеп жатабыз. Климаттын глобалдык ысышынан мөңгүлөр ээрип, азайып жатат. Мөңгүлөрдүн ээришинен жаңы көлдөр пайда болууда. Ала-Арчада мисалы учурда 5 көл жарылып кетүү коркунучунда турат. Алардын бири непаада жарылып чегинен чыгып кете турган болсо, Ала-Арчанын жака-бели, Бишкектин Ала-Арчага жакын турган райондору чоң зыян тартышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG