Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Өзбекстан аймактык энерго системасынан чыгып кеткен учурда Кыргызстандын түштүгүндө электр кубаты каат болуп, республика боюнча электр кубатын чектөөлөр көбөйөт. Бул жөнүндө "Азаттыкка" Улуттук электр тармактар ишканасынын башкы директорунун орун басары Мурат Дурусалиев билдирди.

- Мурат Жуманалиевич, Өзбекстан аймактык энергетика системасынан бүгүн чыкканы тууралуу маалымат тарап атат. Ушул маселенин чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Азырынча бизге андай маалымат келген жок. Мына борбордук диспетчердик кызмат менен азыр эле сүйлөштүм. Евгения Сорокина телефон чалды чыгып кетиптир деп "24 kg" сайтында жазды деп. Бирок алиге чейин андай маалымат жок. Өзбекстан чыгабы, чыкпайбы дайынсыз болуп атат.

- Эгерде Өзбекстан аймактык энерго системасынан чыгып кетсе, Кыргызстандын энергетика коопсуздугуна терс таасирин тийгизбейби?

- Тийиши мүмкүн. Эгерде алар чыгып кетсе, 500 киловольттук аймактын сол бөлүгүн алар үзүп салышат. Анда Токтогул ГЭСи аркылуу энергия келбей калат. Ошондо бул жакта түндүктө дефицит болушу мүмкүн кечинде 500-600 меговатка чейин. Бирок биз казактар менен сүйлөшкөнбүз. Казактар менен биздин келишимибиз бар. Казактан бөлүнбөш керек. Казактар бөлүнбөгөндө биз анда казактардан электр энергияны алып туруп, дефицитти Кыргызстан боюнча жабышыбыз мүмкүн. Бирок ошол жөнүндө сүйлөшүп атабыз, биздин делегация кеткен. Эгерде чечим жакшы болсо, анда чечилет.

- Ал эми биздин түштүк аймак тарабында дагы электр өткөргүч зымдары өтөт эмеспи. Ошолор боюнча транзиттик алып өтүү боюнча сүйлөшүүлөр болдубу Өзбекстан тараптан. Кандай чечилди бул маселе?

- Нормалдуу режимде иштеген бизде 220, 110, 500 киловольттук линиялар бар, бийик электр чубалгыч деп коебуз, бийик киловольттук электр энергия чубалуулары болот. Ошол линиялар нормалдуу режимде бардыгы кошулуп турат. Энергия биздин станциядан түштүккө дагы, түндүккө дагы Кыргызстан аркылуу дагы, Өзбекстан аркылуу дагы кирип турат.

Эң кыйын жагы - азыркы маалда бизде Сүлүктү болуп турат. Себеби Сүлүктү Тажикстандан гана алат электр энергияны. Тажиктер эгерде бөлүнүп калса, электр энергияны албай калса биздин 500 киловольттон, анда алар Сүлүктүнү өчүрүшү мүмкүн. Бирок тажиктер менен дагы сүйлөшүп атабыз, алар менен дагы бир келишимге келишибиз керек болот. Азырынча тажиктердин энергетиктери макул болбой жатат биз койгон маселелерге. Алар өздөрүнүн шартын коюп атышат, бизге электр энергияны кошумча бергиле деп. Эми аны өкмөт аркылуу сүйлөшүш керек болот. Себеби биз электр энергияны азыр Тажикстанга кошумча кылып бере албайбыз Сүлүктүдөн ашык.

Кыргызстандын аймагында азыр чектөөлөр жүрүп атат, өзүңөр көрүп атасыңар. Түнү менен жарык өчүп турат Кыргызстан боюнча. Ушундай учурда биз Өзбекстандын элине электр энергия берсек бул туура эмес болуп калат. Ушуну мамлекет катары чечиш керек болуп атат. Биз эки уюм чечалбай жатабыз бул маселени. Бир ай болуп калды сүйлөшүүлөр болуп атат. Биз барып келдик, алигиче бул маселе чечилген жок. Сүлүктүдө жаман болуп калышы мүмкүн.

- Эгерде чын эле Өзбекстан бирдиктүү энерго системадан чыгып кетсе, анда Кыргызстан кандай чараларга барат?

- 1-ноябрдан баштап Өзбекстан системаны бөлөбүз деп бизге алдын ала айтканда, биз барып сүйлөшүп келдик алар менен. Сүйлөшүп, болгон маселелерди чечип, анан биздин электр энергияны алар эч кандай тоскоолдуксуз жеткирип беребиз деген сөз болгон. Эгер 500 киловольттон алар үзүлүп туруп, Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда линияны үзсө, өчүрсө, анда биз 220 менен түштүк тараптын энерго коопсуздугу менен камсыз кылышыбыз керек. Эмне дегенде, Өзбекстан менен биздин келишим бар да. Эгер биз ал келишимден чыгып кетсек, анда түштүктө аябай начар абал болуп калышы мүмкүн.

Өзбек жагынан да, биз жагынан да өчүрүлөт. Ошондо кошумча болгону 200 эле мегаватт Ош тарапка кетет биздин өзүбүздүн линиялар боюнча. Аябай чоң чектөөлөр болушу мүмкүн.

- Бирдиктүү энерго системадан Өзбекстандын чыгып кетиши Кыргызстандын бардык аймактарындагы чектөөлөрдүн убактысын дагы көбөйтүшү ыктымалбы?

- Ооба, көбөйтүшү ыктымал. Убактысынан дагы, кубат жагынан дагы көбөйтүлөт. Эмнеге дегенде дефицит аябай чоң болот түштүктө. Айрыкча Баткен облусунда азыр болгону элүү алтымыш МВ алып атса, азыр он эле МВ бере алабыз.

- Ушундай кырдаалдан Кыргызстан канчалык чектөө менен чыгып кете алат? Маселен азыр кечки саат он экиден таңкы саат бешке чейин чектөө болуп атат. Эми мындан аркы кышкы маалдагы чектөөлөр канчага чейин жеткизсе ушул оор кырдаалдан чыгып кете алат?

- Ал боюнча эсептер бар. Биз аны МВ менен санаганбыз, эмнеге дегенде билесиңер өзүңөр, кечки анан эртең мененки энергетикалык максимум болот. Ошондо кубат жагынан чектөөлөр болот да. Керектөө көтөрүлүп кеткенде кубат жагынан да көп болуп кетет. Ошондо кечинде саат 19.00 дөн 23.00 гө чейин, эртең менен ссат алтыдан баштап саат онго чейин дагы кошумча чектөө киргизишибиз мүмкүн.

- Кыргызстан Датка-Кемин электр линиясын курууну тездетсе, качан бүтөт?

- Датка-Кемин боюнча азырынча сөз эле болуп атат. Бирок Датка, анан кийин Даткадан ары Баткенге чейин быйыл баштадык, 400 км дей линия салышыбыз керек. Күрпсай ГЭСин түштүк жагынан оңдоого кириштик. Эгерде Өзбекстан чыгып кете турган болсо, эмдиги жылы, эмдиги жылы болбосо 2011-жылы Өзбекстандан биз да бөлүнүп кетишибиз ыктымал. Ага чейин ал жерде Самат курулуп жатат Подстанция курууну Сүлүктүдө быйыл баштадык. Тендер боюнча 2011-жылы ноябрда бүтүшү керек. 2011-жылы биз дагы энергетикалык коопсуздугубузду түштүк тарапта толугу менен камсыз кылабыз.

- Иш жылыш үчүн кандай иш чара көрүш керек?

- Биз бул кырдаалдан чыгыш үчүн 1996-жылдары долбоору даяр болгон Датка -Кемин, Датка -Камбар-Ата сыяктуу чоң линияларды салышыбыз керек. Экинчи линияны Даткадан Кеминге чыгарып туруп, Чалдовар менен курчап бир алкак кылышыбыз керек болчу, жетишпей калдык.

Биринчи бул жерде саясый да, техникалык да моменттер көп. Техникалык дегенибиз акча каражатынын жок болгонунан биз эчтеке кыла албадык. Биз ушул жылдары кичине кичине кредиттерди алып аттык, айрым жерлерди түндүктө кичине оңдодук. Таласты Казактардан толугу менен бул жакка бөлүп чыктык. Түштүккө жетишпей калдык, акырындык менен барыш керек эле. Барып бүтүрсөк болмок, бирок бизде каражат жок болгондуктан эч нерсе кыла алган жокпуз.

- Электрге тарифтердин көтөрүлгөнүнөн сиздерге пайда болобу? Ошондон түшкөн акча каражаттарын пайдаланасыздарбы?

- Быйылкы тарифтин биринчи этабы, ушул кредитти кайра төлөшүбүз керек. Экинчи этапта Датка-Кеминдин чыгымдарын тарифке киргизишибиз керек болчу. Эми азыр тарифти биринчи этабын бекитип алдык. Ага Айгүл-Таш, Датка кирип калган, биз жактан кошумча каржылоо. Аныкы көп, биз 12 миллион доллардай төлөшүбүз керек. Азыр бизде жок болуп атат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG