Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: ЭНЕРГЕТИКА МЕНЕН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДАГЫ КРИЗИСТИ ТИЗГИНДӨӨ КЕРЕК


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Кыргызстандын калкына кезектеги кайрылуу сөзү менен чыгып сүйлөдү. Мамлекет башчы өлкөдөгү жалпы социалдык-экономикалык абалга токтолуп, жол, мектеп курулуштарына, социалдык керектөөлөргө, пенсия-пособияларды жогорулатууга мамлекеттик чыгымдар көбөйүп жатканын айтып өттү. Бакиев ошол эле учурда дүйнөлүк каржылык кризис Кыргызстанды кыйгап өтпөй турганын белгилеп, өлкөнүн алдында турган коркунучтарга, атап айтканда энергетикалык жана азык түлүк кризисине токтолду. Президенттин айтымында, Кыргызстан аталган коркунучтарга даяр болуу үчүн, биринчиден, тышкы кыйынчылыктарга жооп берүүгө жөндөмдүү болууга тийиш. Экинчиден, энергетика менен айыл чарбасындагы кризисти тизгиндөө керек, үчүнчүдөн өз экономикасынын атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга тийиш. (KCh)

XS
SM
MD
LG