Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Стратегиялык тармактарды кимдер колго алууда?


Тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийин дароо сатыла баштаган мамлекеттик ири ишканалардын тагдыры көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Оппозиция өз кезегинде коррупциялык схемалар боюнча эл байлыгы таланып атканын, убагы келгенде буга тиешеси барлардын баары жазаланарын айтышууда.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева бул маселе боюнча премьер-министр Данияр Үсөновго кайрылып, кеч болуп кала электе отставкага кетүүгө чакырды.

Тарифтерди көтөрүү, мамлекеттик ири ишканаларды сатуу бир канча жыл мурда эле пландалып, акырындан иш ошого бараткан. Бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да ушундай пикирлерди айтышат.

Албетте, мындай иштер кандай максатта жасалып аткандыгы боюнча эки тараптын пикирлери асман менен жердей.
“Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат.
Р.Отунбаева

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эгемен Кыргызстандын тарыхы мамлекеттин карамагындагы ишканалар начар иштей тургандыгын көргөздү. Анын үстүнө дүйнөлүк практикада деле жеке менчик ишканалар калкты сапаттуу тейлей турганын эбак далилдеген. Өкмөт мүчөлөрү дал ошол себептен мамлекеттик ири ишканалар жеке колго өтүшү керектигин айтып келатышат. Эми алар сөздөн ишке өтүштү. “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу мамлекеттик гигант компаниялар сатылып, кезекте “Ошэлектро”, “Жалалабадэлектро”, “Чыгышэлектро” компаниялары турат.

Ал эми каршы тараптын ырасташынча, жогоруда айтылгандар президенттин үй-бүлө мүчөлөрү менен аларга жакын топтордун коррупциялык схемаларынын ишке аша баштоосу. Оболу президент өз бийлигин катуу чыңдады. Андан соң президент өзү түзгөн “Ак жолдун” колу менен энергетика тармагынан “стратегиялык” деген макамды алып таштап, тармакты сатууга жол ачып алышты.

Өлкөнүн ири ишканаларын сатууну Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева, “элдик байлыкты тоноо” катары баалап, учуру келгенде буга тиешеси бар чиновниктердин бардыгы жазасын аларын айтат:
Роза Отунбаева

- “Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат. “Түндүкэлектрого” кирсеңиз кассасындагы күнүмдүк пайдасы эле 30 миллион сомдой болсо керек. Анан кантип 3 эле миллионго кетип калат. Анан кантип эле ушунча арзан кетип калды. Бул деген Кыргызстандын элин тебелеп-тепсеп, бутун арчып атат деген эле сөз.

Р.Отунбаева: Премьер кеч болуп кала электе отставкага кетиши керек

Р.Отунбаева премьер-министр Данияр Үсөновго ачык кайрылып, кеч болуп кала электе токтоосуз отставкага кетүүгө чакырат. Ал өз сөзүндө айрым кызыктуу цифраларды келтирет. Маселен, 2008-жылдын 29-октябрында мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүк жыйында отуруп, көз карандысыз аудитордук компания “Түндүкэлектронун” баштапкы баасын 137 миллион долларга баалаганын айткан. Баштапкы гана баасы ушунча бааланган ишкана бүгүн 3 миллион долларга “Чакан ГЭС” аттуу эл билбеген чакан ишканага сатылып кетти. Ошол эле маалда “Чакан ГЭСтин” экономикалык көрсөткүчтөрүн, жылдык кирешесин, кандай ийгиликтерге жетишкенин жана ал кимдерге таандык экенин эч ким билбейт.
2010-жылдын 1-февралында конкурстук комиссиянын чечими боюнча “Түндүкэлектронун” мамлекеттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп “Чакан ГЭС” табылды.

Т.Турдумамбетов

Депутаттын маалыматында, “Кыргызтелекомдун” айрым филиалдары эле жүз миллиондогон долларга бааланышы керек эле. Ошондой эле аларда GSM жана CDMA стандарттарындагы уюлдук байланыш жыштыгы үчүн эки лицензиялары бар. “Булардын бирөөсү гана ачык аукциондо сатылса казынага эң аз дегенде 100 миллион доллар түшүрмөк”,- дейт Р.Отунбаева.

Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов болсо аталган эки компания сатылганын жарыялап жатып, “Кыргызтелеком” 40 миллион долларга Казакстан, Кыргызстан, Кипрдин компаниялары кирген юридикалык консорциумга сатылганын билдирген. “Түндүкэлектро” компаниясынын сатылышы боюнча ал буларды айткан:

- “Чакан ГЭС” сунуштаган инвестициянын көлөмү 73 миллион 900 миң долларды түздү. Мамлекеттик акиялар үчүн 3 миллион доллар сунушташты. 2010-жылдын 1-февралында конкурстук комиссиянын чечими боюнча “Түндүкэлектронун” мамлекеттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп “Чакан ГЭС” табылды.

“Чакан ГЭС” андан тышкары “Түндүкэлектронун” 3 миллиард 630 миллион сомдук карызын төлөө милдеттин алууда. Дал ошол карыздын көптүгүнөн улам анын акцияларынын наркы төмөндөгөн. Т.Турдумамбетовдун ырасташынча, “Түндүкэлектро” сыяктуу ишканалар сатылып атканы менен келишим боюнча тарифтерди өкмөт көзөмөлдөйт. Андыктан тынчсызданууга негиз жок.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү убактысы келгенде булардын бардыгы мамлекетке кайтарыларын, мамлекеттик ишканаларды сатууга тиешеси барлардын бардыгы жазаланарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG