Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына 32 команда тандалды


Португалия Боснияны 1:0 эсебинде жеңип, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды, 14-ноябрь 2009-ж.
Португалия Боснияны 1:0 эсебинде жеңип, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды, 14-ноябрь 2009-ж.

2010-жылы Түштүк Африка республикасында өтө турган футболдон дүйнө мөрөй талашуучу 32 өлкө аныкталды.

2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өтө турган футбол чемпионатына акыркы жолдомолорго кечээ Португалия, Франция, Словения, Грекия, Алжир жана Уругвай өлкөлөрүнүн футболчулары ээ болушту.

Кыргызстандык футбол күйөрмандардын көпчүлүгү Орусия жана Украина өлкөлөрүнүн командаларын сүрөөнгө алышты. Тилекке каршы, экөө тең жеңилүү ызасын тартып, дүйнө чемпионатына жолдомо албай калышты. Словенияга орусиялыктар 1:0 эсебинде жеңилди.

Бишкектик спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде орусиялык мыкты футболчулардын көбү чет өлкөлөрдө ойноп жүргөндүктөн башы бириккен бир команда катары ойной алышпады.

Кыргызстандын аймагында түндөсү электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн көпчүлүк футбол күйөрмандары 18-ноябрдын түнүндө өткөн беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын билбей калышты.

Чечүүчү оюндардын жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.

Словения Орусияны 1:0 эсебинде, Грекия-Украинаны да 1:0 эсебинде, Португалия да Боснияны 1:0 менен жана Алжир өлкөсү Египетти дагы 1:0 эсебинде утуп алышты.

Франия менен Ирландия 1:1 эсебинде жана Уругвай менен Коста-Рика өлкөлөрү дагы 1:1 болуп, тең чыгышты. Франция менен Уругвай мурдакы беттешүүлөрдө уткандыктан дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.

Ошентип 2010-жылы Түштүк Африка республикасында өтө турган футболдон дүйнө мөрөй талашуучу 32 өлкө аныкталды.

Алардын көпчүлүгүн мурдакыдай эле Европа өлкөлөрү: Голландия, Англия, Испания, Германия, Дания, Италия, Сербия, Словакия, Швейцария, Грекия, Португалия, Словения жана Франция мамлекеттери түзөт.

Ал эми Түштүк Америкадан футбол менен дүйнөгө мурдатан таанылып келаткан Аргентина, Чили, Бразилия, Парагвай жана Уругвай өлкөлөрү жолдомо алышты.

Адистердин баамында акыркы жылдары Африка континентинде футбол өнүгүп, Алжир, Кот-д’Ивуар, Нигерия, Камерун, Гана жана дүйнө чемпионатын уюштуруучу катары Түштүк Африка республикасы жолдомонун ээлери болушту.

Түндүк Америка аймагынан болгону үч өлкө гана дүйнө чемпионатына барууга укук алышты. Алар: Гондурас, Америка Кошмо Штаттары жана Мексика.

Азия континентинде элүүгө жакын мамлекет болсо, алардын мыктылары ирелип олтуруп, Австралия, Жапон, Түштүк Корея жана Түндүк Корея өлкөлөрүнүн футболдук командаларын дүйнөлүк таймашууга жолу ачылды.

Ошондой эле Океания аймагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнүн командасы да дүйнө чемпионатына жолдомо алган.

“Заман-Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде Түштүк Африка Республикасында эмдиги жылы өтө турган дүйнө чемпионатында Голландия, Германия, Франция, Италия, Аргентина, Бразилия жана Африка өлкөлөрүн алдыңкы топко чыгышы ыктымал.

-Футбол-дүйнө жүзүн кучагына алган кызыктуу оюндардын бири. Бул оюнду кары-жашына, аял-эркегине карабай жан-дили менен сүйгөн адамдардын катары жылдан-жылга өсүп барат. Ал эми төрт жылда бир дүйнө чемпионаты өткөрүлүп келет. Акыркы учурда Африка аймагындагы өлкөлөр футболдон таанылууда. "Карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат. Испания менен Голландиянын дагы даярдыгы мыкты. Кырк жылдан ашуун тыныгуудан кийин Түндүк Корея да жолдомо алды. Алжир, Гана, Камерун, Нигерия жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу ыктымал.

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулушуп, эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) негиздеген.

Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

1921-жылы футбол федерациясынын жетекчилигине (ФИФА) француздук адис Жюль Риме бекитилип, ошондон баштап футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1928-жылдын 29-майы күнү Амстердамда ФИФАнын кезектеги жыйыны өтүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан жыйын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун түзүлүшүн колдоого алышат. Ошол күндөн тартып, футбол дүйнөсүнүн жаңы доору башталат.

Ошентип, 1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү белсенишет. Акыры ФИФАнын чечими менен биринчи дүйнөлүк чемпионатты Уругвай өлкөсү уюштурууга мүмкүнчүлүк алат.

Анткени, бул Латын Америка өлкөсү 1924-28- жылдары футбол боюнча олимпиадалык оюндарды эки жолу катары менен жеңип, жеңилгис командалардын бири болгон.

Ошондон уламбы, биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен мөрөй талашка чыгат. Жыйынтыгында, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышпады.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин ФИФА чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп ага 1:2 эсебинде уттуруп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта Тумандуу албиондуктар финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында ар бир өткөн дүйнө биринчилигинде күтүлбөгөн нерселер байма-бай болуп турат.

-Айтсак, 1990-жылы Италияда болуп өткөн мелдештерде дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселени жаратышкан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок, жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия курама командасы камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн токтотушкан. Ошентип, Камерун Африка өлкөлөрүнөн тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн футбол боюнча эң мыкты 8 өлкөсүнүн катарынан орун алган. Ал эми андагы финалда Германия Аргентинаны 1:0 эсебинде утуп, экинчи ирет чемпион аталды. Ал эми бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия болушу күтүлөт. Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар.

2002-жылдагы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат - футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени, мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, сенсацияга мол болду.

Мисалы, 1998-жылы чемпион аталган Франция биринчи айлампада эле африкалык аты чыкпаган Сенегал командасына уттуруп, тобунан кийинки оюндарга чыкпай калган. Ошол чемпионатта Түркия командасы коло медалды ээлеп, футбол тарыхында мыктылардын катарына кошулду.

Бразилия болсо дүйнөлүк кубокту бешинчи ирет багындырып, учурда көч башында жүрөт.

Кийинки чемпионат 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өтөт. Бул өлкөдөн сырткары "чемпионатты уюштурууга Марокко, Египет, Тунис жана Ливия өлкөлөрү талапкерлигин коюшкан. Ошентип, 2010-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи ирет Африка материгинде болмокчу.

Дүйнө чемпиондугу үчүн беттешүүлөр 2010-жылдын 11-июнунан 11-июлуна чейин болмокчу. Ал эми атаандаштарды аныктоочу чучукулук кармоо 4-декабрга белгилеген.

1998-жылы Францияда өткөн чемпионаттын финалдык бөлүгүн жер шарынын 2 млрддан. ашык теле көрүүчүсү көргөн. Ал эми Франция жеңүүчү аталганда Париждин көчөсүнө 1.8 млн. киши чыккан.

Адистердин баамында азыркы күнгө чейин дүйнө чемпионатынын тарыхында "эң мыкты гол" деп 1998-жылдагы Англия курама командасынын жарым коргоочусу Майкл Оуэн Аргентина дарбазасына киргизген топ эсептелип жүрөт.

Дүйнөлүк атак-даңкка жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия –дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай- дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950) болушкан.

XS
SM
MD
LG