Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

“Дордойдун" африкалык эки оюнчусу Тажикстанга кетип калды


"Дордой-Динамо" командасы.
"Дордой-Динамо" командасы.

Футбол боюнча өлкөнүн 6 жолку чемпиону “Дордой-Динамонун” катарындагы африкалык эки жалданма оюнчу Тажикстандын “Вахш” командасына кетип калды.

“Дордой-Динамо” командасы жаңы жыл майрамына байланыштуу кыска мөөнөткө эки күндүк эс алууга чыгышкан. Себеби 16-январда Москвада өтө турган "Шериктештик" Кубогуна Кыргызстандын намысын коргоо үчүн укук алгандыктан үзбөй машыгууларды өткөрүп жатышкан.

3-январда машыгуусу башталган ”Дордойдун” футболчуларынын катарында Африка континентиндеги Гана өлкөсүнөн келген легионер, жалданма оюнчулар Дэвид Тэтте менен Даниэл Таго көрүнгөн эмес.

Бул оюнчулар дал ошол 3-4-январь күндөрү учурдагы Тажикстандын чемпиону “Вахш” командасынын катарын толукташкандыгын Тажикстандын «Варзиш-Спорт» агентиги маалымдаган.

Негизинен бул спортчулар “Дордой-Динамонун” катарындагы алдыңкы оюнчулардан болуп келишкен. Алсак, 28-декабрда Даниэл Таго 2009-жылдагы Кыргызстандын мыкты футболчусу наамынын ээси болгон. Ал эми Дэвид Тетте 2008-жылдын мыкты чабуулчусу аталган. Мындай ийгиликтери менен алар Кыргызстандын жогорку лигасындагы алдынкы футболчулар экенин тастыкташкан. Негизинен Дордой клубунун маалыматы боюнча, бул эки футболчу менен болгон келишим 2012-жылга чейин түзүлгөн.

“Дордой-Динамо” командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагуловдун айтымында, африкалык эки жалданма оюнчулар келишимди бузуп, эч кайда кете албайт.

- Бул маалымат тактала элек. Менимче ал футболчулар Тажикстанга барышпайт. Данил Таго менен Дэвид Тетте биздин клуб менен келишим түзгөн. Ошондуктан алар "Дордойдон" башка команданын катарында ойной алышпайт. Негизинин мындай кадамы үчүн алар сот жообуна да тартылышы мүмкүн.

Бирок Тажикстандын «Варзиш-Спорт» агенттиги Дэвид Тетте менен Даниэл Таго “Вахш” клубуна бир жылдык мөөнөт менен келишим негизинде келгендигин жазып, алар менен баардык шарттар макулдашылгандыгын маалымдады.

Ошол эле маалда Дэвид Тетте “биз Дордойдун катаранынан көптөгөн наамдарды жеңдик, эми Тажикстандын чемпионатында өзүбүздү сынасак деп турабыз” деген пикирин «Варзиш-Спорт» агенттигине билдирген.

Негизинен “кара кыргыз” атыккан Дэвид Тетте Кыргызстандагы футбол күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ал үч жылдан бери Бишкекте жашап, кыргыз паспортунун да ээси болуп, өлкөнүн атуулдугун да алган.

“Дордой-Динамо” клубунун башкы директору Борис Подкорытов Дэвидди Кыргызстан курамасынын катарынан көргүсү келгендигин да билдирген. Ал үчүн Теттеге дагы бир жарым жыл гана жетишпей жаткандыгын айткан эле.

Кандай болбосун “Дордой-Динамо” клубу Москвада өткөнү турган “Шериктештик” Кубогуна катышуу камын көрүүдө. Бул мелдешке команданын 17 футболчусу 8-январда Москвага кетишти. Алардын катарында Девид менен Таго да болушу керек эле.

Бул футболчулар жакында өткөнү турган мелдеште "Дордойдун" катарында ойношу керек болчу. Бирок алардын кайда экени билинбей жатат. Азыркы маалда клубдун оюнчулары машыгууларын улантууда.

Футболдон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, келишимди бузган эки африкалык оюнчунун Эл аралык футбол федерациясына билдирип, эл аралык сотко берүү керек.

Бишкектин «Дордой-Плаза» командасынын башкы устаты Токтогон Элтиновдун айтымында 16-январдан баштап кыргызстандык футболчулар үчүн чоң сыноо алдыда турат. Москвада өтө турган "Шериктештер" Кубогунун алдында ишеним арткан африкалык эки оюнчунун Тажикстанга кетип калуусу футбол жетекчилери ойлонтууга тийиш. Ошондуктан жергиликтүү футболчуларга шарт түзүп, көңүл буруу зарыл.

Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы Москвада өтө турган "Шериктештер" Кубогунда мөрөй талашат. Мелдеш 16-январда башталып, 24-январда жыйынтыкталат.

Бул ирет да кыргызстандыктар үчүн таймашуулар дагы кыйынга турчудай. Себеби чүчүкулак кармоодо «Дордой-Динамо» командасы күчтүү атаандаштарга туш болду. «дордойчулар» «А» тобунда Белорусиянын чемпиону «Днепр», Латвиянын чемпиону «Металлург» жана Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командалары менен мөрөй талашканы калды.

16-январда «Дордой-Динамо» биринчи беттешүүнү Белорусиянын чемпиону «Днепр» командасы менен өткөрөт. 17-январда Орусиянын чемпиону Казандын «Рубин» командасы менен мөрөй талашуусу кыйынга турчудай.

19-январда Латвиянын чемпиону «Металлург» командасы менен беттешет. 20-январда болсо чейрек финалдык беттешүүлөр өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG