Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалдык беттешүүлөр башталат


2-июлда Түштүк Африка өлкөсүндө өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешүүлөр башталат.

Учурда күйөрмандар кызыгуу менен күтүп жаткан чейрек финалда бүгүн 2-июлда Голландия менен дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен Гана мөрөй талашканы турат.

3-июлда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия жана Парагвай менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары чейрек финалда күч сынашмакчы.

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык беттешүүлөрү тууралуу өлкөнүн футбол федерациясын 16 жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиев “Азаттыкка” өз оюн мындайча билдирди:

-Бул дүйнө чемпионаты Африкада алгач ирет өтүп жатканы менен тарыхта калууда. Мыкты деген өлкөлөр ишенимди актай албай, таймашуудан чыгып калышты. Эми Бразилия, Аргентина, Германия жана Испаниянын футболчулары баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Ушул футбол чемпионатынын таасири менен Азияда, Кыргызстанда дагы бул спортко өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу керек.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын футбол боюнча мугалим машыктыруучусу Ниязбек Алиевдин божомолунда чейрек финалда Испания, Бразилия, Аргентина өлкөлөрү жеңишке жетип, жарым финалда ойноого укук алышы ыктымал.

Бишкектик футбол күйөрманы Кубан Тайлаковдун пикиринде бул дүйнөлүк таймашууда мыкты делген Европа жана Азиянын командалары сүрүлүп калып, үмүттү актай алышпады.

Чейрек финалга чыккан командалардан Бразилия алтынчы ирет чемпион болоорун Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандык күйөрмандардын көпчүлүгү 2-июлдагы беттешүүлөрдө Уругвай Гананы 1:0 эсебинде, Бразилия Голландияны 2:1 эсеби менен утат деген божомолдорун айтышууда.

Мөрөй талашуу кандай деңгээлде өтөрүүн кечиндеги беттешүүлөр аныктайт.

Чейрек финалга чыккан командалардан Бразилия өлкөсү дүйнө чемпиондугун беш ирет жеңип, лидерликти ээлеп турат. Бразилия - 1958, 1962, 1970, 1994, 2002- жылдары дүйнөлүк алтын байгенин ээси болгон.

Германия өлкөсү 1954, 1974, 1990-жылдары дүйнө чемпиондугун үч ирет жеңип алууга жетишкен.

Аргентина өлкөсүн футболдук командасы 1978- жана 1986- жылдары дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болушкан.

1930-жылы футбол тарыхында алгачкы чемпион болгон Уругвайдын командасы 1950-жылы дагы алтын байгелүү болушкан.
XS
SM
MD
LG