Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

И.Өмүркулов: УТРКны азыр элдин көбү көрбөй да, укпай да калган


Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы, СДП фракциясынын башчысынын орун басары Иса Өмүркулов УТРКдагы соңку жагдай, жалпы эле өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Улуттук телерадио корпорациянын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен кызматкерлер тобу мөөнөтсүз нааразылык акциясына чыкканын жарыялашууда. Сиздин баамыңызда УТРКда мындай жагдайдын түзүлүшүнө эмне себеп болду?

- УТРКдагы кырдаал жалпы эле мамлекеттеги кырдаалды көрсөтүп турат. Мамлекеттин ичинде кандай кадрдык, идеологиялык, социалдык, саясий кырдаал болуп атат, ошондой кырдаалды бул мекеменин мисалында көрүп атабыз.

- Акыркы жылдары айрыкча УТРКны реформалоо маселеси күн тартибине коюлуп, бирок ишке ашпай келаткан жагдай катары саясий чөйрөдө айтылып келатат. Жетекчини алмаштыруу аркылуу УТРКдагы абалды жөнгө салуу мүмкүнбү?

- Бүгүн Эшимканов келеби, анын ордуна бөлөк бирөө келеби эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби системаны түп-тамырынан алмаштыруу керек. Мен жалпы бийлик системасын айтып атам. Бүгүн УТРКны Кыргызстанда көпчүлүк калк укпай да, көрбөй да калган. Себеби бул канал элдин ишениминен толук кеткен. Экинчиден, мамлекетте жалпы идеологиянын жоктугун көрсөтүп турат. УТРК ушул идеологияны жалпы элге жеткирүү, элди ушул багытка алып баруу, тарбиялоо сыяктуу зор иш кыла турган куралдардын бири. Азыр андайды көрбөй турабыз. Ошол үчүн реформа болгон жок. УТРК эмес, калган дагы административдик мекемелерде, министрликтердин бирөөндө дагы реформа, алдыга жылыш болбой атат. Ошондуктан мындай көрүнүш боло берет, ызы-чуу боло берет, “бириң өлүп, бириң кал” деген саясат болуп атат окшойт.

- Иса мырза, соңку убакта айрым журналисттер, укук коргоочулар радио, теле берүү жөнүндөгү мыйзамды кайра карап өзгөртүү киргизебиз деп аракет кылып жүрүшөт. Азыр эми сиздер айтып жүрөсүздөр сөз эркиндиги таптакыр чектелип калды деп. Ошондой өңүттөн алганда сиздердин комитет тарабынанбы, фракция аркылуубу кандайдыр бир басма сөздүн эркиндигин камсыздай турган жаңы багыттар, жаңы демилгелер көтөрүлөбү, аракеттер барбы силерде?

- Аракеттер болуп эле жатат, УТРК боюнча мыйзамдын долбоору каралып атканда эле биздин комитет түп тамырынан каршы болгон ага. Себеби бул бүт жагынан бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей турган мыйзам, ушул мыйзамдын негизинде көп майда-барат радио, теле компаниялардын баары тең жумушсуз калат, буларга бөгөт коюлат деп айтылган. Бирок тилекке каршы “Ак жол” фракциясы аны бүкүлү бойдон өткөрүп жиберди, мына ошонун тыянагын бүгүн көрүп атабыз. Албетте бул маселени биз көтөрөбүз, бирок ал ишке ашат деген ой күмөн. Себеби кийинки кездерде сөз эркиндигинин, жалпы эле ММКларга мамлекет тарабынан мамилени көрүп атасыздар, бирөө өтө курч сын менен чыга турган болсо ал гезиттерди жаап атат, куугунтуктар болуп атат. Жакынкы арада бул маселеде кандайдыр бир жылыш болот деп ишенүүгө болбойт. Андан тышкары билесиздер, мурунку мыйзам боюнча байкоочу кеңешинде жарандык коомдон 5 киши, Жогорку Кеңеш тарабынан 5 киши жана президент тарабынан 5 киши болчу. Азыр толугу менен жаңы мыйзам боюнча президент сунуштайт дагы, “Ак жол” фракциясы көпчүлүк болгондон кийин каалаган кишилердин баарын тең өткөрүп коет. Азыр телевидение калыс болсун, элге иштесин, реформа болсун деген бирөөнүн дагы иш аракети жок.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG