Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө


Бишкектеги Улуттук госпиталда Оштогу тополоң окуялардан жабыркаган сегиз адам, ал эми Травматология жана ортопедия борборунда төрт адам дарыланууда. Жабыркагандардын дагы жаңы тобу келиши күтүлүүдө.


Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнүн башчысы хирург Бектемир Мукамбетөмүров экөөнүн абалы оор экенин маалымдады. Калган алты оорулуу реанимацияда жатат: Академик Миталип Мамытов жетектеген топ экөөнө операция жүргүзүүдө. Бир жабырлануучунун башына ок кирип чыгып кеткен. Андан сырткары бел омурткасы сынып, буту иштебейт. Дагы бир жигитке өпкөсүнө, омурткасына жана жүлүнүнө операция жасалып жатат.

Травматология жана ортопедия улуттук борборундагы Оштон алынып келинген төрт оорулуунун абалы орточо. 24 жаштагы Бакыттын 12 жерине ок тийген, азыр анын абалы жакшырып баратат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикованын билдиришинче, каза болгондордун эсеби - ооруканаларга түшүп, каза болгондор боюнча жүргүзүлүүдө. Андыктан набыт болгондордун саны расмий маалыматтагыдан көп болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Бишкектен 12-июнда Ошко жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көчөлөрдөгү атышуулардан улам, айрым ооруканаларга жеткирилиши кыйынга турду. Ошондон улам бир дарыгер жабырланып, ооруканада жатат. Бирок учурда дары-дармектерден турган гуманитардык жардам тиешелүү жерлерге жеткирилди.

Света Байтикованын “Азаттыкка” билдиришинче, учак менен Бишкекке жабырлануучулардын жаңы тобу алынып келинет:

- Самолетто келгенге жарамдуу, бирок акыбалы оор оорулууларды ал жактагы штабда тизмелеп жатышат. Бишкектен кеткен 49 дарыгерге кошумча 14-июнда бул жактан дагы 15 дарыгер жөнөп кетти түштүккө. Бир дарыгер менен бир мээрман айым ал жактагы оорулуулар менен бирге кайра кайтат,-деди С. Байтикова.

Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери Касымбек Мамбетов Ошто, Самат Тойматов Жалал-Абатта жабырлануучулардын саламаттыгына медициналык көзөмөл жүргүзүү иштерин жетектешүүдө.

Бир канча дүйнөлүк донор уюмдар медициналык-гуманитардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Учурда зарыл дары-дармектер Саламаттык сактоо министрлигинде тизмеленүүдө.

Ош жана Жалал-Абат облустарындагы жабырлануучуларга азырынча кан жетишсиздиги боло элек. Кан борбору облустук ооруканада жайгашкан. Андыктан канды жеткирүү тоскоолдугу жок.

Республикалык кан борборунун директору Мухуметалим Турсунбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче Ош облустук ооруканасында учурда 410 мл плазма бар. Ал эми Жалал-Абатта 62 литр кан запасы турат.

Анын айтымында эгер кан зарылдыгы боло турган болсо, өлкөнүн түштүгүнө жөнөтүүгө кандын запасы жетиштүү.

XS
SM
MD
LG