Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

23-январь: Тарых барактары


Салижан Шарипов жана Кыргызстандын премьер-министри Алмаз Атамбаев. 2007-жыл.

Салижан Шарипов жана Кыргызстандын премьер-министри Алмаз Атамбаев. 2007-жыл.

Князь А. А. Вяземский 1787-жылдын 23-январында Атаке Баатырга кат жолдогон. Түбү кыргызстандык, россиялык летчик-космонавт Салижан Шарипов 1998-жылдын 23-январында биринчи жолу космоско учту.

Князь А. А. Вяземский 1787-жылдын 23-январында Атаке Баатырга кат жолдогон. Князь А. А. Вяземский Атаке Баатыр жазган катты алгандыгын жана ал императорго берилгендигин кабарлаган. Ал императордун атынан Атаке Баатыр жиберген арапка жана үч илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирген.

Атаке Баатырдын белегине жооп ирээтинде, император кайра кыргыз уруу башчысына 500 рубль күмүш акча жана белек-бечкекке деп 300 рубль күмүш акча берген. Князь А. А. Вяземский Атаке Баатыр менен ишенимдүү мамиле орногондугуна ыраазылык билдирип, алака мындан ары да өнүгө тургандыгын белгилеген.

Князь А. А. Вяземский 29 жыл чамалуу Башкы прокурордун кызматын аткарып, Екатерина II чексиз ишенимине байланыштуу кийин юстиция, финансы жана ички иштер тармактарын көзөмөлдөп турган.

Князь А. А. Вяземский 1787-жылдын 23-январында Сибирь драгун полкунун адъютанты Сипайловго, Атаке Баатырдын элчилерине жардам көрсөтүп, аларды коштоп жүрүү туурасында буйрук берген. Княздын буйругунда Атаке Баатырдын элчиси Абдрахман Кучаков жолдоштору менен Россия императору менен жолуккандыгы белгиленип, аларга сарптала турган чыгым көлөмүн көрсөтүлөт.

Мындан тышкаары, алардын бара турган жери жана маршруту толук аныкталып, элчилерге сылык-сыпаа мамиле жасалыш керкетиги эскертилет. Кыязы, Абдрахман элчинин денсоолугу узак жолдон бузулганданбы, айтор князь А. А. Вяземский эгер ал белгиленген убакытта жолго чыга албаса казналык акчага тийбеш керектигин эскерткен.

Россия империясынын Башкы прокурору, князь А. А. Вяземский 1787-жылдын 23-январында Сибирь корпусунун командири Н. Г. Огаревге кат жазган. Катта казактар менен таштуу тоолор аралыгында жашаган кыргыз улугу Атаке Баатырдын элчиси Абдрахман Кучаковду жолдоштору менен Ыйык Петр чебине жөнөтүлгөңдүгү кабарланат. Аларды Сибирь драгун полкунун адъютанты Сипайлов коштоп, ага жол кире үчүн акча каражат бөлүнгөндүгү маалымдалган.

Россия империясынын Башкы прокурору, князь А. А. Вяземский 1787-жылдын 23-январында канцелярия кеңешчиси Муратовго кат жолдогон. Башкы прокурор Атаке Баатырдын элчилерине татыктуу урмат-сый көрсөтүп, аларды Ыйык Петр чебине жеткирип коюсун өтүнгөн. Эгер, кыргыз элчиси сыркоолоп калса, анда ал сакайып кеткенче күтүш керектиги эскерткен.

Пишпек уезддик депутаттар Совети 1919-жылдын 23-январында «Беловодск козголоңун» басууга катышкан кызыласкерлерге акчалай сыйлык тапшыруу туурасында чечим кабыл алган. Козголоңду басуууга өз ыктыяры менен тартылган кызыласкерлерге күнүнө 25 рублден акча төлөнүп, мындан тышкаары аларга бир айлык көлөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылган.

Түбү кыргызстандык, россиялык летчик-космонавт Салижан Шарипов 1998-жылдын 23-январында биринчи жолу космоско учкан. С. Шарипов америкалык «Индевор» кораблинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Салижан Шариповдун эрдиги Кыргыз Республикасынын Баатырдык наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага үч бөлмөлүү квартираны белекке берген.
Президент Аскар Акаевдин Россия Федерациясына жасаган визитинин алкагында, 2005-жылдын 23-январында ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана аны өркүндөтүүнүн келечеги туурасында пикир алмашуулар айтылган.

Бир жума мурун президенттин жардыгы менен кызматынан бошотулган Талас областынын мамлекеттик администрация жетекчиси И. Айдаралиев. 2006-жылдын 23-январында митигчилер тарабынан кайра кызматына коюлган. Талас шаарында өткөн митингге он миң чамалуу адам катышып, алар И. Айдаралиевге чапан жаап, башына калпак кийгизип, аны губернатордук креслого отургузушкан.

Бул күнү, 599-жылы атактуу Кытай императору Тай цзун,1783-жылы француз жазуучусу Стендаль, 1832-жылы француз сүрөтчүсү, импрессионизмди негиздөөчүлөрдүн бири - Эдуард Мане, 1907-жылы япон физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Хидэки Юкава, 1892-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери Виктор Швембергер жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG