Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

18-февраль: Тарых барактары


Абдыкерим Сыдыков (1889-1938)
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938)
Падышалык Россиянын Фергана өрөөнүндө жүргүзгөн саясатынын натыйжасында, аймакта кырдаал курчуган. Бир тарабынан кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш башташса, экинчи жагынан хандык эми империя менен кыргыздарга каршы күрөшүүгө аргасыз абалда калган.

Орус аскерлеринин 1865-жылкы ири аскер операциясынын натыйжасында Кокон хандыгынын ээлиги Фергана өрөөнү менен кыргыздар жашаган Памир-Алай аймагы менен чектелген. Кыргыздар болсо империяга моюн сунууну көздөп, Мамыр баштаган кыргыздардын бир жарымы 1874-жылдын жаз айында Түркстан генерал-губернатордугуна кайрылышкан. Падышанын 1876-жылдын 18-февралында манифестине ылайык Кокон хандыгынын аймагы Россия империясына киргизилген. Аталган аймак жалпы жонунан Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Фергана областы болуп уюшулган.

Совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетинин түптөлүш процесси тышкы борбордук талаптарга жана ички жарым феодалдык коомдук абалдын өзгөчөлүгүнө ылайык өнүккөн. Кыргызстандагы таптык күрөштүн күч алышына байланыштуу СССР ички иштер министри Н. Ежов «он миң тап душмандарын жок кылуу» туурасында буйрук берген.

Бийлик үчүн жүргөн күрөштө саясий ыплас ыкма колдонулбай койгон эмес. Абдыкерим Сыдыковдун оппоненттери акыркы аргумент катырнда, анын бай-манаптык тегин көтөрүп чыгууга аргасыз болушкан. Мындан тышкары, ага «Туран», «Алаш ордо» партиясынын мүчөсү деген жалаа жабылып, акыры 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган. Кыргыз ССР НКВД үчилтигинин 1938-жылдын 10-февраль күнкү токтомуна ылайык А. Сыдыковду атуу өкүмү чыгарылган. НКВД өкүмү 18-февраль күнү өтөсүнө чыгарылып, А. Сыдыковдун өмүрү 49 жаш курагында кыйылган.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын 18-февралында Конституциянын Жаңы редакциясына кол койгон. Конституциянын Жаңы редакциясы 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн референдумда кабыл алынып, ал Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк коомчулук арасында эки ача пикир жараткан.

Кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 18-февралында Кыргызстандын Экономикалык саясатына арналган кеңешме жыйын өткөргөн. Жыйында Дүйнөлүк Банктын 2003-2006-жж. аралыгында Кыргызстанга көрсөтө турган финансалык жардамынын стратегиясы талкууланган.

Бүгүн Россияда транспорттук милициянын күнү белгиленет. Совет бийлигинин орногондон кийин 1919-жылы большевиктер «Темир жолдорду коргоо үчүн ведомстволор аралык комиссия уюштуруу туурасында» Декрет кабыл алган. Аталган документтин негизинде темир жолдорду коргоо транспорту курулуп, кийин алган Россия Федерациясынын транспорттук милиция күнүң белгилөөгө негиз болгон.

Петр III 1762-жылдын бул күнү «россиялык дворяндарга эркиндик тартуулоо туурасында Манифест» кабыл алган. Падыша жардыгында дворяндар милдеттүү аскер кызматынан бошотулуп, үйүндө билим алууга, чет өлкөгө чыгууга укук алышкан. Жардык Россиянын Европа маданиятына аралашып, илим-билимдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.

Королго кутум уюштурду деген айып коюлуп, өлүм жазасына өкүм чыгарылган маркиз де Фаврас түрмөгө камалган. Маркизге өкүм 1790-жылдын 18-февралында угузулган. Маркиз де Фаврас өкүмдү кунт коё угуп, эне тилин сүйгөн анык француз катары сот өкүлүнө «Таксыр, Сиз үч орфографиялык ката кетирдиңиз», деген экен. Анткен менен маркиздин сабатсыздарга карата айтылган эскертүүсү эске алынбай, чыгарылган өкүм анын эртеси аткаралган.

Орус окумуштуусу Александр Попов 1900-жылдын 18-февралында дүйнөдө биринчи жолу деңиздеги кырсык туурасында радио менен SOS сигналын берген.

Америка Кошмо Штаттарынын тарыхындагы почта маркалары биринчи жолу 1908-жылдын 18-февралында колдонууга киргизилген.

Америкалык күйөрман-астроном Клайд Томбо 1930-жылдын 18-февралында Күн системасындагы 9-планета Плутонду ачкан. Ачылыш туурасындагы билдирүү 1932-жылдын 13-март күнү жасалган.

Авcтриялык физик, философ-идеалист жана эмпириокритицизм теориясынын негиз салуучусу Эрнст Мах 1838-жылдын 18-февралында жарык дүйнөгө келген. Махтын теориясын В. И. Ленин жининдей көргөн жана ага каршы «Материализм и эмпириокритицизм» китебин жазган.

Айтылуу италиялык автомобиль куруучу Энцо Ансельмо Феррари 1898-жылдын 18-февралында туулган. Энцо бала чагында эле опера ырчысы же спорт журналисти, болбосо автоайдоочу болууну самоочу экен. Жеткинчектин биринчи каалосу - үндүн жоктугуна байланыштуу аткарылган эмес.

Экинчи каалону - ал жарым жартылай аткарып, 16 жашында футбол оюну туурасында спроттук газетага макала жарыялаган. Э. Ферраринин үчүнчү каалосу толугу менен аткарылып, ал «Альфа-Ромео» командасынын автоайдоочусу катары таанылган. Кийин ал өзү конструкциялаган машиналарды чыгарып, андан соң айтылуу «Феррари»компаниясын негиздеген.
XS
SM
MD
LG