Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

8-апрель: Тарых барактары


Касым Тыныстановдун «Баку калаасында боло турган тюркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы "Эркин Тоо" гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында жарыяланаган. Фрунзе полиграфиялык комбинаты 1966-жылдын 8-апрелинде ишке киришкен. Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү ортосундагы Түбөлүк достук жана аскердик кызматташуу Келишимине 1997-жылдын 8-апрель күнү кол коюлган.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин ийгиликтүү жүpөгө ашырылган тармактын бири - маданий реформа эсептелинет. Кыргызстанда адегенде колдонулган араб алфавити жаңы илим жана билим талаптарына жооп бербестигин коомдук өнүгүү нугу ашкерелеген. Мындан улам өлкөдө араб тамгасынан латын графикасына өтүү маселеси кабыргасынан коюлган.

Латын алфавитин адегенде жактагандардын бири - Касым Тыныстанов болгон. Касым Тыныстановдун «Баку калаасында боло турган тюркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы "Эркин Тоо" гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында жарыяланаган. Макалада латын алфавитинин долбоору жана мааниси көрсөтүлүп, аны кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген.

Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтотулган футболдук оюндар 1945-жылдын 8-апрелинде кайра башталган. Фрунзе шаарында шаарлар аралык оюн 8-апрелде өткөрүлүп, ВЦСПСтин 1944-жылкы чемпиону «Торпедо» командасы
фрунзелик чегарачылар командасын 9 : 0 эсеби менен утуп алган.

Фрунзе полиграфиялык комбинаты 1966-жылдын 8-апрелинде ишке киришкен. Жаңы комбинат убагында Орто Азиядагы эң кубаттуу ишканалардын бири эсептелинген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өлкө башына түшкөн оор сыноо наркотикалык заттар менен күрөшүү стратегиясын аныктоого байланышкан. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1993-жылдын 8-апрелинде «Наркотиктерди көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссияны уюштуруу» туурасында жардыкка кол койгон. Жардыкта наркотикалык заттарды чектөөнүн жолу, кызыкдар мекемелер арасындагы байланышты күчөтүү сыяктуу маселелер каралган. Мамлекет башчысынын жардыгы менен жаңы уюшулган комиссияны такшалган офицер Б. М. Рыскулов жетектеген.

Кыргыздар менен казак калктарынын ортосундагы мамиле илгертеден туугандык жана коңшулук карым-катнашка ылайык өнүгүп келгени маалым. Эки өлкө эгемендикке жеткенден кийин да мындай алака сакталып, Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ич ара ишенимдүү мамиле орногон.

Анткен менен айрым жетишилген келишимдер азыркы эларалык саясий дипломатиялык нормалардан четтеген жактары да байкалбай койгон эмес. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 1997-жылдын 8-апрелде Казакстанга жасаган расмий визити маалында Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү ортосунда Түбөлүк достук жана аскердик кызматташуу Келишимине кол коюлган.

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун «Беш Терек» аттуу фильми убагында визуладык антропологдордун кызыгуусун жараткан. Нукура кыргыз дүйнөсүн чагылдырган фильм 2002-жылы Москва шаарында өткөн визуалдык антропологдордун «Бөлөк дүйнө менен диалог»» аттуу Биринчи эларалык фестивалы үчүн тандалып алынган. «Беш Терек» фильми эларалык фестивалдын жыйынтыктоочу күнү 8-апрелде көрсөтүлүп, дүйнөгө аты таанылган антропологдор кыргыз жашоосу туурасында пикир алмашышкан.

8-апрель тайцзи жана цигун машыгуусунун Эларалык күнү.

Петр I жардыгына ылайык 1722-жылдын 8-апрелинен тарта Петербургда аба ырайына дайыма байкоо жүргүзүлө баштаган.

Советтер Союзунда 1918-жылдын 8-апрелинде Россиянын үч түстүү туусунун ордуна кызыл желек кабыл алынган.

Кызыл Армияга 1918-жылдын 8-апрелинен тарта аскер комиссарлар институту киргизилген. Аскер комиссарлары жоокер командирлерге бекитилип, алар аскердеги коммунисттик тарбияны көзөмөлдөшкөн. Троцкийдин армияга киргизген жаңылыгын Ленин өзү колдоп, ал жаңыдан түптөлгөн Кызыл Армия үчүн абалдан чыгуунун бидин-бир жолу болгон.

Ал убакта кызылдарда армия жетектемек түгүл, оңдоп буйрук бере турган командирлен болгон эмес. Ошондуктан Кызыл Армияга мурдагы падышалык Россиянын офицерлери кабыл алынып, большевиктер аларга ишенишбеген. Ошондуктан комиссарлар аскер командирлерин көзөмөлгө алып, алардын жолун коммунисттик идеогоиягы ылайык түздөп турушкан.

Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1920-жылдын 8-апрель күнкү Декретине ылайык «Ардактуу революциялык курал» сыйлыгы киргизилген.

«Советское фото» аттуу журнал 1926-жылдын 8-апрелинде негизделген.

Советтер Союзу 1935-жылдын 8-апрелинде жашы 12-ашкан кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизген.

Улуттар Лигасынын акыркы жыйыны 1946-жылдын 8-апрелинде Женева шаарында өткөн.

«Москва шаарындагы «Современник» театры 1957-жылдын 8-апрелинде ачылган. Театрдын ачылыш салтанатынын урматына В. Розовдун «Түбөлүк тирүүлөр» аттуу спектакли коюлган.

Л. И. Брежнев 1966-жылдын 8-апрелинде КПСС Борбордук Комитетинин Генералдык секретары болуп дайындалган.

Дүйнөлүк үч диндин биринин негиздөөчүсү, кайра кубулгандан кийин Будда ысмын алган индиялык принц Сиддхарта Гуатама б. з. ч. 563-жылдын 8-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Италиялык скрипач, композитор Тартини Джузеппе 1692-жылдын 8-апрелинде туулган. Тартини Джузеппе скрипкада ойноо техникасын өркүндөтүп, скрипканын тээгин жаңыча жасап чыккан.

XS
SM
MD
LG