Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

29-апрель: тарых барактары


29-апрель бийдин Эл аралык күнү.
29-апрель бийдин Эл аралык күнү.

Уезддик борбор 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке көчүп келген. Фрунзе менен Токмок шаарларын бириктирген поезд 1941-жылдын 29-апрель күнү Токмок шаарына келген. 29-апрель бийдин Эл аралык күнү.

Буга чейин Токмок шаарында орун алган уезддик борбор 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке көчүп келген. Уезддик борбор үчүн Кочкор, Көтмалды кыштактары сунуш кылынып, Пишпек шаарынын уезддик борборго болгон талапкердиги Түркстан генерал-губернаторунун 1870-жылы Жети-Сууга жасаган сапарынан кийин оңунан чечилген.

Генерал-губернаторго Пишпек шаарынын «тогуз жолдун тоомунда» жайгашкан географиялык артыкчылыгы жаккан. Статистикалык эсепке ылайык ал убакта Пишпекте 58 үй бүлө жашаган. Анын 9 орус, 48 өзбек, 1 татар үй бүлө болгон. Пишпектин уезддик борборго айланышы менен европалык типтеги «Пишпек шаарынын план-проектиси» жактырылган.

Фрунзе шаарынан чыккан поезд 1941-жылдын 29-апрель күнү саат 12. 30да Токмок шаарына келген. Ошентип Кыргызстандын эки шаарын бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киришкен. Борбордон келген поездди станцияда токмоктуктар шаңдуу салтанат менен тосуп алышкан.

Токмок станциясында оркестр ойноп, борбор менен Токмокту байланыштырган темир жол багытынын ачылышына байланыштуу майрам өткөрүлгөн. Темир жол багыты жалаң кол эмгегинен бүткөрүлүп, анын ишине Чүй өрөөнүнүн калкы кеңири тартылган. Мындан улам салтанатка келген калк да темир жолдун курулушун эмгек жеңиши катары баалап, анын үзүрү экономикадагы ийгиликтерден арзый тургандыгын билдиришкен.

Орус жана кыргыз тилдеринин орток колдонуш тажрыйбасы совет мезгилинде башталып, айрым убакта ал күлкү келээрлик натыйжаларды чыгартканы маалым. «Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы В. И. Лениндин» туулган күнү жана 1-май майрамына байланыштуу Фрунзе шаарында 1970-жылдын бул күндөрү «жыл 100 лет» деген плакаттар илинген. Ушундай мазмундагы жазуулар буюм-тайымдардын капталына түшүрүлүп мындай маани-мазмунсуз каталар сабаттуу адамдардын таңгалуусун жараткан.

Түркия Жумхуриетинин Кыргызстандагы элчилигине берилген имараттын ачылыш салтанаты 1992-жылдын 29-апрелинде өткөрүлгөн. Түркия элчилиги үчүн Московская көчөсүндө орун алган Биринчи май райондук компартиясынын эски имараты берилген. Элчиликтин ачылыш урматына Кыргызстанга келген Түркия Жумхуриетинин премьери Сүлейман Демирель Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жана премьер-министр Турсунбек Чыңгышевдер ичиркенткен жазгы жамгырда элчилик имараттын ачылыш салтанатына катышкан.

29-апрель бийдин Эл аралык күнү. Бийдин Эл аралык күнүн белгилөө ЮНЕСКОнун 1982-жылкы чечимине ылайык өткөрүлүп келет. ЮНЕСКО уюму мындай жол менен азыркы балет искусствосунун атасы аталган француз балетмейстери Жан Жорж Новердин (29.4.1727-19.10.1810) туулган күнүн түбөлүк тарыхка калтырган.

Америка Кошмо Штаттарында 29-апрель секретарлардын күнү катары белгиленет. Адатта Америкада Секретарлардын күнү апрель айынын акыркы шаршембисинде майрамдалат.

Граф Дюнуа менен Жанна д'Арк баштаган 7 миң француз аскерлери 1429-жылдын 29-апрель күнү англичандар курчоого алган Орлеан шаарына киришкен. Ал ай бою курчоодо калган шаар калкы француз аскерлерин кудайында тосуп алган.

Петербург шаарындагы аты анча таанылбаган адабий журнал 1847-жылдын 29-апрель күнү белгисиз француз авторунун «Идиот» аттуу чыгармасын жарыялаган. Котормочу «Идиот» сөзүнүн орусчага которулбасын белгилеп, ага атайын шилтеме берген. Француздар ал убакта «идиот» деп кекеч, сөздү туура эмес сүйлөгөн жана жаман оюнчуну айтышкан.

«Идиот» сөзү кийин XIX кылымдын соңунда барып акыл-эси ордунда эмес кемчонтойлорду белгилеш үчүн колдонууга алынган. Ф. М. Достоевскийдин чыгармачылыгын изилдеген адистер, князь Мышкиндин образын жаратууда Федор Михайлович балким француз авторунун чыгармасына көз жүгүртсө керек деп боолгошот.

Армиянын Борбордук спорт кулубу (ЦСКА) 1923-жылдын 29-апрелинде уюшулган.

Шотландия парламенти 1707-жылдын 29-апрелинде англис парламенти менен биригип, жаңы мамлекеттик биримдик Улуу Британия аталышын алган.

Оксфорд университети 1884-жылдын 29-апрелинде кыз абитуриеттерди экзаменге киргизүүгө уруксат берген.

Британия мамлекетинин финансы министри Ллойд Джордж 1909-жылдын 29-апрелинде «элдик бюджет» аталган эсебин жар салган. Мамлекеттин аскердик жана калкты социалдык жактан коргоо тармактарын каржылаш үчүн министр жер сатууга, жер иштеткендерге жана «ашыкча кирешеге» кошумча салык киргизген.

Петрограддагы «Ленфильм» киностудиясы 1918-жылдын 29-апрелинде негизделген.

ВКП (б)нын XVI Конференциясы 1929-жылдын 29-апрелинде Советтер Союзунун жумушчу табына социалисттик жарышты жайылтуу демилгеси менен кайрылган.

Советтер Союзундагы биринчи тажрыйба түрүндөгү теле көрсөтүү 1931-жылдын 29-апрелинде жасалган.

ВКП (б) Борбордук комитетине караштуу партиянын катарын тазалоо Борбордук комиссиясы 1933-жылдын 29-апрелинде уюшулган.

Дания мамлекети 1977-жылдын 29-апрелинде өлүм жазасын алып салган.

Кытай Элдик Республикасындагы калктын саны 1982-жылдын 29-апрель күнү миллиарддан ашкан.

Айтылуу тарыхчы, математик, саясатчы жана юрист Василий Татищев 1686-жылдын 29-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Таланту фольклорист жана азыркы текстик теориянын негиз салуучуларынын бири-Владимир Пропп 1895-жылдын 29-апрелинде туулган.

Ок атуучу куралдын конструктору Георгий Семенович Шпагин 1897-жылдын 29-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG