Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:05

Бул тууралуу Москвадагы “Аруужан” коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекова “Азаттыкка” айтып берди.

- Бактыгүл айым, аялдар кайсы жерде болбосун аялуу бойдон кала берет экенбиз.. Мына ушул аялдарга ар тараптуу жардам берүү максатында Орусиянын борбору Москва шаарында “Аруужан” деп аталган коомдук фондун түзгөн экенсиздер. Ушул фонддун ишмердүүлүгү, максаты тууралуу тааныштырып кетсеңиз?

- Биз бул максатты алдыбызга коюп, иш баштайлы дегенибизге үч жылдан ашты. Ошол үч жыл ичинде кагаз жүзүндө болбосо да, иш жүзүндө иштеп жаттык. Ал эми расмий түрдө каттоодон өтүп, расмий түрдө ачылышыбыз июль айында болду. Мындай фондду уюштуруп, аны ачууга түрткү болгон нерсе –биздин чет жактагы, негизинен ошол Орусиядагы эмгек мигранттары болуп жүрүшкөн аялдар, өзгөчө жаш кыздар болду. Анткени биздин Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, айылдардан Москвага, Екатеринбургга, же дагы башка шаарларга иштегени барып калган кыргызстандык кыз-келиндер тил билбейт. Билсе да ооруп калса, же башка турмуштук кырдаалдарга байланыштуу медициналык, укуктук жана башка жардамдар үчүн кайда кайрыларын билишпейт. Аны билсе дагы булар Орусияда өтө чоң акчаны талап кылат, андай акчалар биздин кыз-келиндерде, өзгөчө көбүнчө кара жумуштарда иштеп, тапканы аз кыз-келиндер үчүн өтө чоң каражат болуп эсептелет. Көпчүлүгү ошол каражатты өзүнүн ден соолугуна жумшагандан көрө айылда калган үй-бүлөсүнө, ата-энесине, балдарына жиберүүнү артык көрүшөт. Ошондуктан, биз улутубуздун келечеги болгон энелер үчүн, кыздарыбыз үчүн кам көрүүнү чечтик.

- Сиздердин “Аруужан” фонду уюшулган Москва шаарында кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин негизги көйгөйлөрү кайсылар?
Москвада кыргыз кыздары төрөп таштап кеткен балдардын саны 230дан ашты.


- Биздин учурда жүрөгүбүздү оорутуп жаткан негизги маселе – биздин жаш кыздардын абалы. Мисалы, мурдараак бирин-серин угулуп, айтылып калчу, акыркы эки жылда кыргызстандык кыздардын төрөп таштап кеткен балдарынын саны Москвадагы балдар үйлөрүндө, төрөт үйлөрүндө 230дан ашты. Эң эле аянычтуу себеби ушул. Кыргыз таштанды балдарынын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат, көптөгөн мына ушундай ташталган кыргыз наристелер башка чет мамлекеттердин жарандары тарабынан асырап алынып, башка жактарга кетип атышат. Мына ошолордун тагдыры да оор, анткени алар өздөрүнүн кыргыз экендигин да билбей калышат.

- Мына ушундай окуяларды көбөйтпөө, алардын алдын алуу боюнча кандай иштерди жүргүзөсүздөр?

- Биз ишти түшүндүрмө баракчаларды темир жол бекеттеринде Кыргызстандан жаңы келип түшкөн кыз-келиндерге таратуу менен баштадык. Бир жумада үч-төрт жолу Кыргызстандан поезд барат, мына ошол учурларда баракчаларды кыз-келиндерге берип, “мына ушундай фонд бар, кайрылгыла, жардам беребиз” деп маалымдайбыз. Азыр өздөрү деле билип калышты, бири-биринен угуп да кыздар келип атышат. Мындан тышкары бир нече уюм, диаспоралар аркылуу иштейбиз. Уюмдун алдында гинеколог жана башка дарыгерлерибиз бар, алар кыздарды көрүп, кеп-кеңешин айтып, керек болсо акысыз дарылап да беришет. Биздин кыйналган эле эмес кыйын кыздарыбыз да бар да, Москвада тажрыйбалуу врч-гинекологдор, аптекалардын жетекчилери бар, алар дагы бизге өздөрүнүн жардамдарын аянбай беришет.

-Таштанды балдардын көбөйүүсүнө эмне себеп, кыздарды күнөөлөйбүзбү же?..

-Мен кыздарды күнөөлөбөйт элем. Кандай эле эне баласын таштасын?.. Аларды ушуга жашоо-шарты, билбестиги апкелип атат. Мисалы мен айта кетейин: ушул учурда Москвадагы 1 бөлмөлүү үйдүн ижара акысы 70 миң рубль. Мындай акчаны эки-үч ай үч бүгүлүп иштесе да таппаган кыздар бирин-экиндеп ижарага ала алышпайт. Анан ушундай бир бөлмө батирге 20-30-40 киши кыз-эркек дебей батып жашап жүрүшөт. Алар өздөрү айткандай капталынан гана жатууга болот. Мына ушундай шартта, өздөрү алыста жүрсө, ар кандай болот экен. Энесинин койнунан чыгып эле башка шартка түшкөн кыздар же сактанганды билишпесе... айла жок уялганынан ушуга барышат. Бул 230 бала төрөп, таштап кетишкен балдар. Күн сайын канча аборт болот... Биздин фонддун жетекчилери күн сайын мөөнөт менен гинекологиянын алдында байкоо жүргүзүп көрдүк. Ал жерде күнүгө канчалаган аборттор болот...

- Мына ушундай кыргызстандык жаш кыздарга, деги эле мигрант аялдарга жардам берет экенсиздер. Сиздерге ким көмөктөшүп, ким жардам берип, бул иштерди жүзөгө ашырууда?
Күн сайын канчалаган кыргыз кыздары аборт жасатат.

- Мен айта кетейин, биздин коомдук фонд ар кандай тагдырга туш болгон кыргыз кыздарды куткардык. Кыргыз кыздарын коркутуп-үркүтүп жашап алышкан тажик улутундагы жигиттер бар экен, “качып кетсең таап алам, бирөөгө айтсаң өлтүрөм” ж.б. деп эле коркутуп-үркүтүп жашап жүрүшүптүр. Мына ушинтип жашап жүргөн жети кыргыз кызды биз сот аркылуу бошотууга жетиштик. Кээ бир жаш кыздарды өздөрүнүн эле айылдаштары, туугандары үй иштерине, соодасына жардам берет деп алып келип, иштетип, анан өздөрүнүн иши бүткөндө кетип калып, кыздар көчөдө калып атышат.

Биздин арабызда Урмат Байматова деген эже иштейт, ал өмүр бою милицияда иштеген, азыр отставкада. Ал Тажикстандан окуп, Тажикстандан иштегени үчүн тажик тилинде да, өзбек тилинде да жакшы сүйлөйт экен. Мына ошол эженин жардамы менен биз жанагындай тажиктердин коркутуусу менен жашап жаткан кыздарды куткарып алдык. Кадимкидей соттошуп, баштарын ачып куткарып, үйлөрүнө жибердик, кеткиси келбегендерди башка ишке киришине көмөктөштүк. Биздин фондубуз жаңы түзүлгөнү үчүн каражаты да көп эмес. Бирок биз фонддун түзүүчүлөрү, мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө 500 рублден мүчөлүк акы төлөп турууну чечкенбиз. Ушул тапта биздин мүчөлөрдүн сана 470ке жетти. Мына ушулардан чогулган каражат бизге аздыр-көптүр кыргызстандык мигрант кыз-келиндерге жардам берүүгө, аларга медициналык, укуктук, жада калса социалдык-экономикалык жактан көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Биз кыргыз өкмөтүнөн да, башка эл аралык уюмдардан да эч кандай жардам алган жокпуз. Бардыгын өзүбүздүн каалообуз менен, өзүбүздүн каражатка жасап, ишке ашырып жатабыз.

-Бактыгүл айым, маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG