Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Укук коргоочулар “Дело №” гезитинин кабарчысы В.Ночевкиндин УКМКда сурак бериши маалымат алуу укугун чектейт деп тынчсызданышууда. "Кылым шамы" уюмунун башчысы А. Абдрасулова бул маселе боюнча "Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

-Азиза айым, сиз жетектеген борбор баштаган укук коргоо уюмдары 6-ноябрда билдирүү таратып, анда “Дело №” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкиндин Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылуусун өлкөдөгү ар бир жарандын маалымат алуу укугуна коркунуч пайда болду деп бааладыңыздар. Бүгүн “Маданият - тынчтык жарыгы" аттуу укук коргоо уюму да УКМК алдында “Мурат, сөзгө тийишпе” деген акция өткөргөнү жатат. Билдирүү таратууга жана ушундай акцияларды өткөрүүгө эмне түрткү берип жатат?

-Акыркы кезде Кыргызстанда жарандардын сөз эркиндигине болгон укугу, атап айтканда журналисттердин маалымат алуу аракети чектелип, укугу бузулуп жатат. Буга Алишер Саиповдун өлүмү жакшы далил. Андан тышкары бир нече журналисттер чет мамлекетке качып, башка өлкөлөрдөн саясий башпаанек суроого аргасыз болушууда. Мына акыркы кезде эле энергетика тармагындагы кырдаал тууралуу көп материалдарды байма-бай чагылдырып турган гезиттин кабарчысы, ошол макалалардын автору Вадим Ночевкиндин Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылышы дагы укук коргоочуларды абдан катуу кооптонтуп жатат. Бул жарандардын сөз эркиндигине болгон укуктарын чектеп, мындан ары бир гана журналист эмес бардык жарандардын маалымат алуу аракеттери кандайдыр бир кылмыш катары эсептелип калабы деген коркунучка кептелип калдык. Ошон үчүн журналисттердин жана жарандардын сөз эркиндиги боюнча укугун коргоо үчүн ушундай билдирүү кабыл алдык. Маалымат каражаттарынын жана жарандардын маалымат алуу, аны таратуу эркиндигин коргоо үчүн мындан башка да иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз.

-Укук коргоочулар билдирүү таратып, маалымат алуу укугун сактоого жан далбастаган менен маалымат каражаттарынын эркиндиги менен көз карандысыздыгын камсыздоо жаатында иш алып барган коомдук уюмдар унчугушкан жери жок. Балким алар басма сөз эркиндигине чыныгы коркунуч болгон жери жок деген ойдодур?

-Басма сөз эркиндиги жана укуктары боюнча иштеген уюмдардын Кыргызстандагы жарандардын сөз эркиндигине болгон укуктары жакшы деген пикирде деп ойлобойм. Себеби алар менен бирге иштешебиз. Алар менен жолугушууда андай уюмдардын өкүлдөрү өтө чоң кооптонууларын билдирип жатышат. Ошондуктан журналисттер менен укук коргоочулар биргелешип иш алып барышыбыз зарыл. Бул багытта аракетибизди күчөтүшүбүз керек. Анткени адам укуктарынын ичинде бир гана сөз эркиндиги эмес башка укуктар жаатында да өтө чоң коркунучтар бар. Мен биздин бул акцияларыбызды бир гана журналисттер менен укук коргоочулар эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү да колдойт деп ишенем.

-Азыр айрым саясат талдоочулар Кыргызстанда адамдын бедели менен ар намысын бара-бара кысып отуруп, бийлик саясаты боюнча өз көз карашын билдире албаган абалга жеткирген аракеттер болуп жатат, мунун акыры жалпы өлкө калкын өз ою, пикири жок унчукпас элге айлантат деген кооптонууларын айта башташты. Буга негиз барбы? Эгер негиз бар болсо аны кандай көрүнүштөр далилдейт?

-Буга негиз бар. Атап айтканда, жарандардын эркин жыйындарды, жүрүштөрдү жасоо эркиндигине болгон укугун мисалга алсак, азыр Кыргызстанда нааразылык билдирип бир адам көчөгө чыкса эле кармап кетип жатышат. Маселен, Максим Кулешов акциясын баштаар замат эле кармап кетип жатышат. Ал эми сөз эркиндиги, жыйын куруу эркиндиги чектелген деген Өзбекстанда 10-15 адам чогулуп, өз оюн билдирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ушул жааттан алып караганда, сөз эркиндиги, жыйын куруу жана өз көз карашын эркин билдирүү укуктары боюнча Кыргызстан Өзбекстандан да артта калган өлкө болуп калды. Ошондуктан бул өтө катуу ойлонто турган маселе.

-Эгер ушундай аракеттерди көрө бере турган болсоңуздар бийлик укук коргоочулар жана маалымат каражат өкүлдөрүнүн талабы менен эсептешет деген ишеним барбы?

-Жүз процент эсептешет деген ишеним болбогон мезгилде да таасир берет деген үмүт бар. Анткени укук коргоочулар айтпаса мындай көйгөйдү ким айтат? Аны ачык айтып, бийликтин көңүлүн бурушубуз керек. Ал үчүн бардык аракеттерди жасай беребиз.

XS
SM
MD
LG