Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Камактагылар сабалган жокпу?


№1 Тергөө абагындагы үч активист өздөрүнүн таякталгандыгы тууралуу маалыматты тастыктабады. Бул укук коргоочуларды ынандыра алган жок.

Үч активист №1 Тергөө абагында Петровка жаңжалы боюнча айыпталып отурушат. Козголгон кылмыш иштин алкагында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин башчысы Сапар Аргымбаев жана дагы бир укук коргоочу активист Улан Рускуловго Коопсуздук Комитети Петровкада баш аламандык уюштурду деген айып такканы жалпыга маалым. Алар адегенде Коопсуздук Комитетинин абагына киргизилип, кийинчерээк өздөрүнүн кайрылуусунун негизинде деген себеп менен соттун чечимине ылайык ИИМдин Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган. Укук коргоочулардын маалыматтарына караганда бул үч активистке кылмышкерлер тарабынан кысым көрсөтүлүп, 25 миңден 50 миң долларга чейин акчалай доо коюлуп, кол көтөрүү болгон. Буга байланыштуу укук коргоочулар үч активисттин коопсуздугун сактоону сурап тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылышкан.

Дүйшөмбү күнү тергөө абагында аталган айыпталуучулар менен жолугушкан акыйкатчы Турсунбек Акун да укук коргоочулардын билдирүүлөрүн тастыктап, атайын комиссия түзүп, иликтөөнү сунуш кылган болчу. Бирок ушул эле күнү Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргымбаев жана Улан Рыскулов эч кандай коркутуу дагы, акча дооламай дагы, таяктамай да болгон жок деп, арыз жазып беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” атайын прокуратуранын өкүлү Кубанычбек Мамакеев буларды билдирди:

- Мыйзам бузулган жок, Бөлөкбаев, Арынбаев, Рыскуловду спецконтингент сабаган жок, кол тийген жок. Биз күбөлөрдү, көз карандысыз эксперттерди алып келдик. Бөлөкбаевдер күбөлөндүрүүдөн баш тартышты. Булардын өз укугу баш тартабы же күбөлөндүрөбү. Денесинде бир тамтыгы жок Аргынбаев өзү “мен уктап атып экинчи ярустан жыгылып кеттим ”- деп арызды өзүнүн колу менен өзү жазып берди администрацияга да, спецконтингентке да доом жок, мени эч ким сабап, мага эч ким тийген жок деп.

Окуянын ушундай өңүттө өнүгүшүн укук коргоочулар жаап-жашыруу катары баалашып, атайын прокуратураны арыз бар же жок экенине карабастан, фактынын негизинде кылмыш козгобогондугуна тынчсызданышууда. “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда:


- Негизинен үчөө тең таяк жешкен. Бирок ошол үчөөнүн тең таяк жегенин атайын прокурор Кубан Мамакеев мырза жаныбызда туруп көрбөй койду. Берки экөөнүкүн өзүбүз көрүп калдык да. Ал эми Сапар Аргынбаевди биздин жаныбызда туруп өз көзү менен көрдү. Жабырлануучулар арыз жазбай атат деген бул куру шылтоо, бул кылмыш ишин козгобой койгонго негиз бербейт. Кудай бетин салбасын, эгер бир адам жабыркап, өлүп калса, ал адам арыз жазбайт го, сөзсүз арыз жазыш керекпи? Прокуратура үчүн арыз жазгандын кажети жок, фактыны көрүп атабы алар кылмыш ишин козгош керек. Мисал үчүн ошол үчөө айтып аткан болсо мен жыгылдым деп, ошол денесиндеги көк ала жыгылганда алынганбы же болбосо башка бир себептерден улам алынганбы деген жыйынтыкты судмедэкспертиза тастыктап берет да. Ошондуктан булар кылмыш ишин козгоп, судмедэкспертизага токтом чыгарыш керек болчу. Судмедэкспертиза булардын денесиндеги көк ала таяк эмненин кесепетинен чыккан дегенди өзүлөрү айтып бермек. Прокуратура атайын кылмыш иш козгоодон качып атат. Себеби алардын денесиндеги көк ала таяктар белгилүү болду, жана ал үчүн мамлекет жооп бериш керек.

Азиза Абдырасулованын пикиринде жаза өтөө мекемелер тармагы үчүн окуянын ушундай жол менен тынчышы өтө ыңгайлуу, анткени, тергөө иштери башталса камактагы активисттер кокустуктан эмес, токмоктон көгала болгондугу, ага жеке эле айыпкерлер эмес, мамлекеттик кызматкерлердин да тиешеси бар экендиги аныкталып калышы мүмкүн. Ошондуктан укук коргоочу өзү тартып алган фото сүрөттөрдүн негизинде көз карандысыз эксперттер аркылуу бул окуяны өз алдынча иликтөөнү эп көрүүдө.

Азыркы бийликтин саясатына ачык каяша айтып жүргөн активисттердин ушундай жагдайга кирептер болушу кокустук эмес деп эсептегендердин бири – “Интербилим” борборунун башчысы Асия Сасыкбаева:

- Алардын (түрмөдөгүлөрдүн- ред.) закондору боюнча ичип жегендерге ошондой талап коюшат экен да. Коррупционерлерден акча алып турушат экен. Бирок бул үчөө коррупционер эмес да, туурабы? Мамлекеттин казынасына киришкен жок. Укук коргоочулар болуп атпайбы. Менин оюмча бул бийликтин эле заказдары болуп атат.

Жаза өтөө мекемелердин ишмердигинен шек туудурган бул өңдүү окуялар алгачкы жолу катталып жаткан жери жок. Көп учурда бул тармакка коррупциялык аракеттерге ширелип калды, бийлик менен кылмыш дүйнөсү жуурулушуп кетти деген өңдүү дооматтар тынымсыз айтылып келатат. Буга айрыкча жакынкы аралыкта эле №14 колониядагы жазалануучулардын ачкачылык жарыялашып, аны бир топ башка түрмөдөгү айыпкерлердин колдоп чыгышы, кылмыш дүйнөсүнүн айтылуу өкүлдөрүнүн бири саналган Рысбек Акматбаевдин тарапкери Исмаил Кочкаровдун өзү эскертип жүргөнүнө карабай абакта киши колдуу өлүшү өңдүү окуялар күбөгө тартылып жүрөт. Азиза Абдырасулова абактагы Эркин Бөлөкбаевге, Сапар Аргынбаевге жана Улан Рыскуловго байланышкан окуя бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн тамырлашып кеткендигин дагы бир ирет тастыктап отурат дейт. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акундун баамында:

- Түрмөнүн СИЗО башчысы, орун басары өңдүү расмий бийлиги, булардын баардыгы толук кандуу бийликти жүргүзө албай калды. Аларга кандайдыр бир деңгээлде криминал күчтөрдүн таасири болуп атат. Ушул системаны Ички иштер министрлиги дагы, ГУИН дагы оңдой албай келатат. Исмаил Кочкаровдун өлүмү да ушундан келип чыкты. Аны өлтүргөн Сыдыков өлдү, анын өлүмү да ошондон келип чыкты. Ушул системанын өзүн башкача кылып оңдоп чыгыш керек да.

Кубанычбек Мамакеев укук коргоочулардын аракеттерин популизим катары баалайт. Ал Кыргызстандын жаза өтөө мекемелери кылмыш дүйнөсүнө аралашып кеткен деген дооматка караманча макул эмес:

- СИЗОго баралы, № 14 түзөтүү колониясына баралы, 3-колонияга, күчөтүлгөн тартиптеги колонияга баралы, бардык жерде администрация команда берет. Бизде “общак”, “воровской закон” деген жок. Бүт жерде соттолгондор баары администрацияга баш ийет.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы милиция кызматкери Жумабекова Турдукан “Азаттыкка” берген интервьюсунда абактардагы кылмышкерлердин жазылбаган мыйзамдар менен жашап жаткандыгын толук төгүндөй алган жок:


- Өздөрү мыйзам коргоп атып мыйзам бузуучулукка барбайт деп ойлойм. Мен өзүм укук коргоо органда иштеген киши катары да ушундай ойдомун. Ал эми абактын өзүнүн мыйзамдары бар ал баарыбызга белгилүү. Кылмышкерлердин өздөрүнүн мыйзамдары бар, эгерде ал киши абакта кандай кишилер менен отуруп калды, оор кылмыштар менен он жолу соттолгон, андан да көп өтө оор кылмыштар менен отурган адамдар менен отуруп калса, алар тарабынан опузалоону мен жок деп айта албайм.

Депутаттын айтымында жаза өтөө мекемелеринде жагдайды жакшыртып, адам укуктарын коргоо жолу менен тармактын ишин өркүндөтүүгө өкмөт да, Жогорку Кеңеш да аракеттенип атат:

- Шарттарын жакшыртыш үчүн азыр бюджеттен каражаттар да көп бөлүнүп атат . Биздин комитетке карайт да, биз деле ошол ички иштер органдарына да, башкаларга дагы талаптарды өтө катуу эле коюп, өзүбүздүн сунуштарыбызды берип атабыз, жылыш болот го деп ойлойм да.

Пенитициардык тармакты гумандаштыруу жаатында аракеттерге далил катары адатта расмий бийлик өкүлдөрү эгемендик жылдарынан бери жыл сайын мунапыс жөнүндө президенттин жардыктары чыгарылып келатышын, “Гумандаштыруу жөнүндөгү” мыйзамдын иштеп жатышын, Эл аралык уюмдар, жергиликтүү коомдук уюмдар менен кызматташууларды келтирип жүрүшөт.

Ошол эле мезгилде укук коргоочулар азыркы мамлекеттик жетекчилер өз бийлигин өзгөчө пикири бар саясий топторго, жарандарга каршы катаал чараларды көрүү, аны ар кандай жолдор аркылуу ишке ашыруу камын көрүп, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык нормаларды көз жаздымда калтырышууда деп сындап келатышат. Петровка жаңжалы боюнча айыпталып жаткан үч жаран да ушундай ыкмалардын курмандыктары болуп калышкандыгын эскертишүүдө. Маселен, Азиза Абдырасулова бул үч жаранды сындыруу максаты менен да аларга ыдык көрсөтсүн деп атайылап кылмышкерлерди жең ичинен тукуруп коюшу ыктымал деп болжойт:

- Биринчиден булар абакта отуруп, кылмыш иши сотко өткөрүлгөнү менен, кылмышын моюнга алышкан жок. Бул сотко барганда дагы иликтенет, коомчулукка жетет. Булар саясатка аралашып, бийликтин саясатын сындап жүргөн адамдар - бул биринчи жагы. Экинчи жагы сындырыш дагы керек да. Бул ишти Улуттук Коопсуздук кызматы тергеген, улуттук коопсуздук кызматы эптеп-септеп сотко жеткизип алып, анан буларды сындырыш керек болуп атат.

Акыркы жаңжалга байланыштуу №1 Тергөө абагында отурушкан үч жаран менен жолугушкан укук коргоочулардын жана журналисттердин маалыматтарынан алардын чындап коркутууга кабылганы же жалаанын курмандыктары болуп жаткандыгы арсар бойдон калууда. Камактагы активисттердин ар бирин биринчи кезекте үй-бүлөсүн, жакындарын санааркатууну каалабай турушат.

Кылмыш Кодексинин оор беренелери боюнча айыпталып жаткан Сапар Аргымбаев менен Улан Рыскуловго байланыштуу өткөн айда башталган соттук териштирүү качан аяктаары бейдарек бойдон турат. Ал эми “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин мойнунда Петровка жаңжалы боюнча кылмыш ишине кошумча мурда козголгон партия кеңсесинен табылган карикатурага байланышкан кылмыш иши да бар. Башкы прокуратура партияга каршы президенттин ар-намысына доо кетирди деп сотко кышында кайрылган болчу. Азыр бул эки ишти бириктирип кароо керекпи же жокпу деген маселенин айланасында сот менен прокуратура бир пикирге келе элек болуп атат.

Бул аралыкта укук коргоочулар Петровка, Балыкчы, Ноокат окуялары боюнча камалган, кесилген жарандардын күнөөсүн жеңилдетүүнүн, укуктарын коргоонун түрдүү жолдорун издеп, проблемага коомчулуктун көңүлүн буруу аракети менен алек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG