Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Талапкер К.Бакиев өткөн төрт жылда адам укуктарын кандай коргоду?


Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевге добуш береден мурда ар бир шайлоочунун жадында өткөн төрт жыл ичинде өлкөдө кандай өнүгүүлөр болуп, кандай кемчиликтер кетти жана бийликке келгенде берген убадалары кандай аткарылды деген мыйзам ченемдүү соболдор турат. Анын ичинде адам укуктарын коргоо жаатындагы саясаты да көптүн көңүлүндө

Президент Курманбек Бакиев 2005-жылы бийлик башына келгенде эл көксөп турган мүдөөлөрдүн бири жарандардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын коргоо болчу. Укук бузуулардын акыркы чеги 2005-жылдын февраль айында парламенттик шайлоо бурмалоо менен өтүп, мурдагы президент Аскар Акаевдин уул-кызы бирдей депутат болгондо жетти деген эл март ыңкылабын жасоого мажбур болгон.

Ушундан улам элдин жаңы бийлик адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш мыкты мыйзамдарды кабыл алган менен аны ишке ашырбаган мурдагы бийликтин кемтиктерин толук жоюп, демократиялуу, элдин кызыкчылыгын биринчи даражага койгон башкаруу жүргүзөт деп катуу үмүттөнгөн.

Ошон үчүн жаңы бийлик эң ириде “кара жашик” атыккан Улуттук телеканалдагы бир жактуу маалыматтарды тыйып, аны коомдук телеканалга айлантып, басма сөз эркиндигине жол ачуу, жарандык коом менен тыгыз кызматташып, жарандардын саясий укуктардын коргоо, анын ичинде шайлоодо тандоо укугун кастарлоо убадасын берген.

Акаевдин үй-бүлөсүнүн карамагындагы кирешелүү жайлардын эл үчүн иштешине аракет көрүп, жарандардын экономикалык укуктарын коргойт деп да айтылган.

Маяна, пенсиялардын көлөмү көбөйтүлүп, жумушчу орундар түзүлүп социалдык укуктардын корголооруна багыт коюлган.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун баамында, өткөн жылдарда бул багытта бир топ олуттуу иштер жасалды. Алардын ичинен тарыхта кала турган жеңиштер бар:

-Өлүм жазасы Акаевдин убагында эмес Бакиевдин убагында жоюлуп, өмүр бою түрмө жазасы менен алмаштырылды. Парламентте “кыйноолорго каршы факультативдик конвенциясы ратификацияланды. Эки-үч жылдан бери пикет, митингдер салтанат курду. Сөз эркиндиги күч алды.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова жаңы бийлик келгенде адам укуктарын коргоо жаатында артылган үмүт акталган жок, тескерисинче акыркы кезде ички мыйзамдар гана эмес эл аралык талаптарды да көзгө илбей, саясий укуктарды басмырлоо күч алды деп нааразы:

-Айрыкча акыркы эки жылда жарандардын коопсуздугу, жашоого болгон укуктары корголгон жери жок. Жалданма киши өлтүрүүлөр күч алды. Тескерисинче, биздин коопсуздугубузду коргой турган милиция тарабынан жабырланган фактылар көбөйдү. Сот системасы көз каранды бойдон калды. Эгер жарандар сот акыйкаттыгына ээ боло албаса башка укуктарды коргоо өтө кыйын. Сөз эркиндиги өтө чектелди, көз карандысыз телеканалдар жоюлду, эркин гезиттер жабылды, журналисттер куугунтукталып, сабалып жатат. Жарандардын эркин жыйындарды өткөрүүгө болгон укугу мурда аткаруу бийлиги тарабынан чектелип келсе азыр мыйзам менен чектелип калды. Саясий башпаанек сурап кеткен журналисттер, укук коргоочулар, саясатчылар көбөйүп кетти.

Азиза Абдрасулова социалдык укук корголбогондуктан ишсиз калгандар көбөйүп, чет жакка жумуш издеп кеткендердин саны арбыды, электр жарыгы толук берилбей жакшы жашоо укугу да чектелип жатат деп белгиледи.

Укук коргоочунун мындай пикирине президенттин мурдагы басма сөз катчысы Нурлан Шакиев макул эмес. Анын айтымында, жаңы бийлик өлкөнү өзгөртүү багытын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жете элек:

-Биз жаңы бийлик келген төрт жылды эки баскычка бөлүп карообуз керек. Биринчиси-2005-06-жылдар, анан 2007-09-жылдар. Биринчи баскычтын убагында президенттин мамлекет башчысы катары толук кандуу аракет менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү болгон жок. Жалаң пикет, митингдерден башыбыз арылган жок. Ал эми 2007-жылы парламенттик шайлоо болгондон кийин гана саясий жактан сезилээрлик туруктуулук орноп, ошондон бери гана экономикалык өсүш боло баштады.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова адам укуктарынын коргоо акыркы кезде начарлап, бардык тармакта мыйзамсыздык күч алды деп кабатыр. Анын баамында, мындай абалга бийлик өкүлдөрүнүн мамлекеттик башкаруунун бардык тармагында өң-тааныштыкка жол берип, жоопкерчиликсиздикти күчөтүшү дуушар кылды. Буга алардын мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгынан жеке бийликти бекемдөө кызыкчылыгын жогору коюу жана эл аралык талаптарды көзгө илбөө ого бетер жол ачууда:

-Бир да мамалекеттик механизм жакшы иштебей жатат. Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы “Ак жол” партиясына кирип алып, өкмөттө мыйзамдуулукту сактап, Конституцияга караган адам калбай калды.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев адам укуктарын коргоо принциби Конституцияда жазылган жана ал бардык мыйзамдардын ички өзөгүн түзүп турат, бирок, анын ишке ашпай жаткандыгынын башкы себеби- аткаруу жоопкерчилигинин жоктугу дейт:

-Аткаруу бийлигинде болобу, сот бийлигинде болобу аткаруу принциби жана механизмдери иштебей калган. Ал бийлик өкүлдөрү тарабынан бузулуп жатат. Башкы себеп мына ошондо.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматов Кыргызстанда адам укуктары канчалык деңгээлде корголуп, жарандар канчалык эркин жашап жаткандыгын коңшу мамлекеттерге салыштырып билүү керек деп билдирди. Анын айтымында, коңшу мамлекеттерде президенти гана эмес бийлик өкүлү жөнүндө сындап жазган гезит жабылат.

Анткен менен укук коргоочулар өткөн жылы окумдуу “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери жабылып, “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүнүн чектелишин басма сөз эркиндигин кысымга алуу деп баалап жатышат. Андан тышкары бийлик саясатына көз карашы башка саясатчылардын чет өлкөлөргө кетиши, өлкөдөгү оппозиция өкүлдөрү менен алардын жакындарына карата кылмыш иштеринин ачылышы саясий укуктардын өз ордунда эмес экендигинин далили деген билдирүүлөрдү жасап келишет.

“Дин тутуу эркиндиги” жөнүндө кабыл алынган мыйзам менен Ноокен окуясы дин тутуу эркиндиги басмырланып жатат деген ойго түртөт деп, укук коргоочулар президентке чейин кайрылууларды жолдошту. Ал эми жакында президент менен тандалма бейөкмөт уюмдардын жолугушуусун жарандык коомдун демилгесин күч менен басып алуу деп баалап жатышат.

Саясат талдоочулар ушундан улам шайлоочулар президенттикке ат салышкан талапкерлердин ичинен бирөөнө добуш берүүдөн мурун өз укуктарынын корголушуна көңүл бурат деп турушат. Ошон үчүн талапкерлердин президенттик программасындагы башкы маселе адам укуктарын коргоо болушу жана ал чет мамлекет башчыларынын программаларынан көчүрүлбөй, кыргыз менталитетине жараша ишке ашыруу механизмдери айкын болушу зарыл деген сунуштарын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG