Бишкекте бүгүн, 26-мартта велоспорт сүйүүчүлөрдүн жүрүшү өтүп, быйылкы велосезон расмий ачылды. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чарага 1000ден ашуун адам катышты. Веложүрүш Чүй проспектисинен башталып, Совет көчөсү аркылуу Түштүк дарбазага чейин уланды. Ал жерде ар кандай оюн-зооктор болду.
Мындан тышкары Чүй облусундагы Орто-Сай айылынын Боз-Бөлтөк тоосуна барып эс алуу уюштуруу максат кылынган, аба ырайына байланыштуу веложүрүш "Фламинго" эс алуу паркында аяктады. Иш-чараны уюштурууга "Мегаком" компаниясы көмөктөшкөн. (NT)