Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Петровкада абал кооптуу бойдон калууда


Москва районундагы Петровка айылында эл чогулуп, күрттөрдү тезинен башка жакка көчүрүүнү жана кармалгандарды толук бошотууну талап кылышууда. Алар 27-апрелде Ош-Бишкек жолун бир нече саат бууп турушту. Ал ортодо Петровка айылынан жаңжалга байланыштуу кармалган сексенден ашык адамдын көбү бошотулду.

Петровкалык күрт Азиз Сануевдин маалыматына караганда, бул жакта абал өтө кооптуу бойдон калууда. Күрттөрдүн көпчүлүгү кечээги чак-челекейден кийин түнү менен айылдан чыгып кетишкен.

- Албетте, абал жакшы эмес. Улут аралык мамиленин бузулуп жатканы баарыбыздын тынчыбыз кетирип турат. Бир гана кылмыш иши үчүн бардык элди көчүп кетсин деген туура эмес. Ал кылмыш иши дагы тактала элек. Ал эми кечээ кармалгандар өз жазасын алышаар. Азыр деген репрессия учуру эмес да, көчүргүлө десе көчүрө берген. Бул болбогон сөз, анын өзүн мыйзамдуу жолу бар, -дейт Азиз Сануев.

Петровка айылында бүгүн да эл чогулду. Алар кечээ кечинде камакка алынган 80ден ашык адамды толук бошотуп, күрттөрдүн тезинен көчүп кетишин талап кылышууда. Алар бүгүн ушул талаптарын кыйкырып, Ош - Бишкек жолун бир нече саат бууп турушту.

Окуя болгон жерге бүгүн ЖК депуттары Иса Өмүркулов, Бакыт Бешимов жана Карамушкина барып, кырдаалды жөндөөгө аракет көрүп жатышат.

Күндүз нааразылыкка чыккан эл менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана президенттик администрация башчысы Данияр Үсөнов жолугушуп, иш мыйзам чегинде чечилээрин айтуу менен элди тынчтыкка чакырып өтүштү.

Жаңжалга байланыштуу кечээ кармалып Бишкекке алып келинип камалган сексен чамалаш адамдын көбү бошотулду. Соңку маалымат боюнча кечке жуук камакта үч гана киши калды.

Москва райондук сотунун көчмө отуруму кармалгандардын ишин бүгүн Бишкекте административдик тартипте карап, айрымдарын 300-400 сомдук айыппулга жыгып, айрымдарын бир күндүк камакка кести.

Ошондой эле кармалгандардын экөөн Коопсуздук кызматына алып келип, суракка алып жатышканы айтылууда. Петровкадагы улут аралык жаңжалды териштирүүнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзүп жатат.

Петровкадагы окуяларга байланыштуу “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди күч органдары кармап кетишти. Бул жөнундө аталган партиянын жаш лидери Каныбек Сарымсаков "Азаттыкка" билдирди.

Э. Бөлөкбаев Бишкек-Ош жолун Кара-Балта жактан тосуп турган жергиликтүү элдин арасында жүргөн экен. Азыркы учурда ал Коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурат.

Петровкадагы жаңжал боюнча кечээ “Болуш” ассоциациясынын башчысы Сапар Аргынбаев дагы кармалган. Ал бийлик өкүлүнө курал менен каршылык көрсөттү деп айыпталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Асел Аргынбаева билдирди.

Петровкадагы окуялар боюнча Москва районунун акими Даукен Аринов кызматынан бошотулуп, ордуна мурдагы губернатор Кубанычбек Сыйданов дайындалды. Ошондо эле аталган райондун милиция жетекчиси жана прокурору да кызматтан алынды.

Президент Курманбек Бакиев бүгүн баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевди жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алып, Петровкадагы улут аралык жаңжал боюнча маалымат укту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мамлекет башчысы Петровкадагы жаңжалдын башкы себеби – жергиликтүү бийлик органдарынын кылмыш ишине эч кандай чара көрбөй узакка создуктуруп жибергендигинде экендигин белгиледи.

«Кылмыш иши болгонуна үч жума болуптур. Эмне үчүн ушул убакыт ичинде укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй, тиешелүү иштерди аткарбай, ошол наристенин үй-бүлөсүнүн гана эмес, башка адамдардын да суроо-талабына көңүл бурган эмес? Мында күнөөнү кыжырданган адамдарга эмес, акыйкаттыкты орнотууга көңүлкош мамиле жасаган, кылмыш ишин жымсалдап, жашырып-жабууга аракет кылган мерез чиновниктерге коюу керек”, - деди К.Бакиев.

Петровка айылында 26-апрелде күрттөрдү чектен чыккан ээнбаштык кылышты деп айыптап, алар жашаган үйлөрдү ай-буйга келбеген жигиттер таш бараңга алышкан. Эки ортодо ок атылып, эки адам жарадар болгону жөнүндө кабар тараган.

Жергиликтүү элдин айтымында, улут аралык жаңжалдын дүрт этишине бул айылда орус улутундагы төрт жашар кыз зордукталганы себеп болгон.

Айылдыктар бул кылмышты 21 жаштагы күрт жигиттен көрүп жатышат. Алардын сөзү боюнча участкалык милиция кызматкери мындай чектен чыккан көрүнүштү көрмөксөнгө салган.

XS
SM
MD
LG