Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Кыргыз бийлигинин талашта келаткан жерди Тажикстандан ижарага алган чечими жергиликтүү элдин нааразылыгын туудурду. Өткөн аптада Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолугуп, анда Ош-Исфана жолунун талашта келаткан 275 метр жерин Кыргызстан коңшусунан 49 жылга ижарага алмай болуп маселе чечилген

Актатыр айылынын тургуну Максат Таабалдиевдин ою боюнча, өз жерибизди ижарага алып жол кургандан көрө, мурдагы таш жол менен эле каттай берген оң болчу, маселени чек ара такталгандан кийин чечсе болмок:

- Эмнеге ижарага берип койду, карап чыкканда бул өзү кыргыздардын жери болуш керек эле.

Талашты жаратып жаткан Исфайра дарыясынан өтүүчү көпүрөнү мындан 22 жыл мурда курдурган Туйгун Жолдошевдин айтымында, жайылып аккан дарыяны четинен кысып көпүрө кургандан кийин өздөштүргөн жерди кошуналар талашып жатышат. Ал өзү дарыянын эле орду болчу:

- Бул көпүрөнү куруш үчүн көп машакаттар өттү. Партиялык советтик органдарга, госпланга чейин кайрылдым. Планга киргизе албай, совхоздун чарбалык эсебинен курулушту баштадык. Бригадаларды эки жагынан уюштуруп ошол жерде сууну кысып, лотокторду коюп келип, көпүрө курдук. Аны 1985-жылы курганбыз. Эми булар азыр дарыянын боюн азыраак өздөштүрүп биздики дейт. Бул дарыянын жээктери болгон.

Баткен облусунун Согду облусундагы атайын өкүлү Жолдош Сатыбалдиев кыргыздар жер-суу талаштарынан коңшуларга көп учурда жемин жедирип келатат деп күйүп бышат. Мунун аягы чоң чырга алып барышы мүмкүн:

- Биз бир эле мезгилде суубузду да берип, түтүктү уурдаган ууруну да кое берип жатабыз, жерибизди өлчөгөн баскынчыга да эч нерсе деген жокпуз. Ошонун натыйжасында булар жол бошото берет экен деп 5 метр жерди бизге канчадан бери бербей атат. Болгондо да ал тажиктин жери эмес, ал талаш жер. Тажиктики экенин далилдөөчү документ да жок. Эгерде биз кыргыз мамлекетинин атуулдары тажик мамлекетинин атуулдары менен тең ата болуп сүйлөшө албасак, анда чыр чыгышы мүмкүн. Канча проблема болсо да баардыгы тажиктердин пайдасына аяктап атат.

Кыргыз бийлиги өз кезегинде бул келишимди ийгиликтүү чечим катары баалап жатат. Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов чек араны аныктоо тез бүтө турган иш эмес болгондуктан, 120 миң адамдын кызыкчылыгын ойлоп, ижарага алууга туура келди дейт:

- Коңшу мамлекеттер Тажикстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат, муну бир күндө, же бир жылда чечүү мүмкүн эмес. Аздан сүйлөшүп чечишибиз керек деп ойлойм. Кечээ күнкү болгон келишим алдыга жыла турган, элибизге жеңилдикти түзүп бере турган келишим деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG