Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Сексен бештеги “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитин Кыргыз мамлекетинин тарыхынан бөлүп кароого мүмкүн болбой калды”. Мындай жалпы пикир шаршемби күнү Кыргыз-түрк "Манас" университети “Кыргыз Туусу” гезитинин 85 жылдыгына карата өткөргөн “Мамлекет жана басма сөз” аттуу конференцияда кайра-кайра айтылды.

Жакында 85 жылдыгы белгилене турган “Кыргыз Туусу” гезитинин тарыхын негизги докладчы, профессор Жамгырбек Бөкөшев гезиттин калыптануу доору, гезиттин коммунисттик гүлдөө доору, гезиттин эгемендик доору деп – үч негизги этапка бөлдү. Ал эми 1972-1986-жылдардагы башкы редактор Жаныбек Турсунов “Эркин Тоо”, Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” аталыштарын алып келген бул гезитти эң оболу Лениндик партиянын улуттук саясатынын жемиши деп тааный тургандыгын жарыя кылды. Анткени В. И. Ленин 1918-жылы басма сөз жөнүндөгү декретке кол койгондон кийин гана ушундай улуттук гезиттер чыга баштаган. Гезит чыгарардан мурда кыргыздар В. И. Ленинге кат жазып, бул жакта басмакана, кагаз жана башка нерселер жок экендигин эскерткен. Ал анан Мамбаскомдун төрагасына тапшырма берип – “Эркин Тоо” гезити Ташкенде жарык көргөн.

Жаныбек Турсунов өзү жетектеп турган кезде бул гезиттин нускасын тарыхта болуп көрбөгөндөй чоң эсепке жеткиргенин да баса белгиледи:

- Гезитибизге ал кезде интеллигенциянын билимдүү өкүлдөрү катышып турган мыкты-мыкты макалаларды жазып. Жумушчулар, колхозчулар катышып турган. Мына ошолордун жардамына таянып гезит нускасын 1200дөн 147,5 миңге чейин өстүргөнбүз!


“Кыргыз Туусунун” эгемендик доорундагы башкы редакторлорунун бири Бакыт Орунбеков гезит үчүн азыр оор сыноо учуру экендигин, айрыкча демократиялык принциптерге төп келе турган журналисттик үлгүлөр өздөштүрүлсө деген тилегин билдире кетти.

Конференцияда көрсөтүлгөн Султан Абдрахмановдун документалдык тасмасында гезиттин алгачкы чыгарылышына, түптөлүшүнө салым кошкон даңазалуу окумуштуу Кусейин Карасаев алгачкы “Эркин Тоо” деген атты Ишеналы Арабаев сунуштаганын эскертип өтүптүр.

Ошол “Эркин Тоо” – бүгүнкү “Кыргыз Туусу” гезитинин 85 жылдыгы, учурдагы башкы редактор Кыяс Молдокасымовдун айтуусунда, чоң салтанат менен белгиленет:

- Биздин гезит жарык көргөн күн – өлкөбүздө басма сөз күнү катары майрамдалат. Ошол 7-ноябрдын астында гезитибиздин 85 жылдык мааракесин Президентибиз Бакиев Курманбек Салиевичтин катышуусунда Кыргыз Улуттук филармониясында белгилейбиз.

Сөз соңунда “Кыргыз Туусу” гезити туурасындагы айрым окурмандардын пикирлерин бере кетели.

Султаналы Бекежанов:

- “Кыргыз Туусу” гезити азыр өрнөк боло албай калды.


Урматбү Калиева:

- “Кыргыз Туусу” – жеңил-желпи гезиттерден эмес. Ал окурмандарды ээрчибей, окурмандарды ээрчите турган олуттуу гезит.

XS
SM
MD
LG