Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Бириккен оппозиция кандай жолго түшөт?


Бүгүн Бириккен элдик кыймылы шайлоодон кийинки алгачкы жыйынын өткөрүп, кыймылдын ордуна партия түзүү жана анын лидерин тандоо маселесин карайт.

БЭКтин бүгүнкү жыйынында негизинен саясий негиздеги камоолор, оппозиция лидерлеринин куугунтукка алынып жатышы жана ушундан улам кыймылдын алдыда жасай турган аракеттери каралат. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, жыйында кыймыл мүчөлөрүн бир партияга бириктирүү жана кыймылдын төрагасын шайлоо маселеси сунушталат.

- Мындан тышкары айрым уюштуруу маселелер талкууланат, маселен азыр БЭКтин төрагасы шайлана элек. Төрага эртең эле шайлана калат дегенден алысмын, бирок ошол маселе каралат. Мындан тышкары шайлоодон кийин көптөгөн адамдар кыймылга мүчө болуу ниеттерин билдиршикен эле,ошол адамдарын бизде тизмеси бар, аларды мүчө кылып кабыл алууну да карайбыз,-деди Азимбек Бекназаров.

Кыймылдын бүгүнкү жыйынына БЭКтин мүчөлөрүнөн сырткары Социал-демократтар партиясынын төрагасы А.Атамбаевдин региондогу шайлоо штабдарынын жетекчилери да катышат.

Президенттик шайлоого чейин, шайлоодон кийин да саясий серепчилер оппозициянын бирдиктүү максаты жок экенин жана стратегиялык багытынын анык эместигин айтып келишкен болчу.

Улуттук коопсуздук кеңешинин мудагы катчысы, саясатчы Мирослав Ниязовдун көз карашында, оппозициянын жеңишке жетпей жатышы, алардын апрель митингисинен баштап эле жеңишке эмес, утулууга алып келе турган багытты тандап алгандан улам болууда:

- Булар башынан баштап эле утулууга алып бара турган жолду тандап алышкан. Мен ошондо эле айткам,биздин жолубуз буулган, жолубузду ачышыбыз керек, коалициялык өкмөт түзүшүбүз керек деп.

Ал эми Орозбек Молдалиев болсо оппозициянын кадыр баркы көтөрүлүшү үчүн, оппозция лидерлеринин катары жаңыланышы керек деп эсептейт:

- Биз оппозицияны башкарабыз деп, же чөнтөгүндө каражаты жок, же бир программасы жок, артында электораты жок адамдар лидер болобуз дегендей көрүнүш болуп жатат. Менимче элдин деңгээлиндеги бир жаңы инсандар чыгышы керек. Анткени азыркы оппозициядагылардын көбү мурда бийликте иштеп келгендер, же тескеринче, бийликке ооп кеткендер болуп, эл да аларга башкача көз караш менен карап жаткансыйт.

Оппозициянын жеңишке жетпей жаткандыгы алардын жеке амбицияларын биринчи орунга коюп, бир жолго түшпөй жатышына байланыштуу болуп жатат деген мына ушундай пикирлерге А.Бекназаров кошула албастыгын айтты:

- Оппозиция бириккендигин мына ушул шайлоодо көрсөттүк, оппозициядан президенттикке бир талапкерди көрсөттүк. Чогуу аракет кылдык, бирок бийликтин мыйзамсыз,зомбулук аракеттерине туруштук бере алган жокпуз,аны моюнга алыш керек.

Президенттик шайлоодо мамлекеттик машина катуу иштегенин саясатчы М.Ниязов да белгиледи. Саясатчынын айтымында, бул жолку президенттик шайлоолор мындан ары кайсы бир шайлоо өнөктүгүнө катышуунун эч кажети жок болуп калганын көрсөттү:

- Бийлик адамдын укугун алып салды. Шайлоо-бул жасалма оюн болуп калды. Эми кандай гана шайлоо болбосун, добуш берип, шайлоого баруунун деле мааниси жок болуп калды.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдразаков шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн белгилеп, анын жыйынтыгына нааразы болгон оппозициялык күчтөрдүн аракеттерине төмөндөгүчө баасын берди:

- Оппозицияныны ошончолук кадыр-баркы болсо, эл ошончолук сүйгөн болсо, анда элдер деле ошолорго добушун бермек да. Анан алар добушту жасап койду деп бийликти шылтоолоп жатышат. Эми мындай сөздөр боло берет.

Оппозициялык күчтөр мына ушундай сын пикирлерден улам күздү карай кандай кадамдарга барышаары кыймылдын бүгүнкү жыйынында кызуу талкууга алынат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG