Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Оппозиция «реанимациядабы?»


Гезиттер негизинен болуп өткөн шайлоого талдоо жүргүзө баштады…

«Айат пресс» гезити бүгүнкү санында кыргыз президентин коңшу президенттердин куттуктаганын, бийлик эми мындан ары элге кызмат кыла турганы өлкө башчысынын сөзүндө айтылганын, кумшекердин куну кутурганын кабарлап, өткөн шайлоо тууралуу бири-бирине карама-каршы ойлордун топтомуна орун берген.

Гезиттин башкы редактору Жылдыз Мусабекова: «Журналисттерге таарынып кереги жок. Кыргызстандын саясаты, саясатчылары, оппозициясы, позициясы кандай болсо ошондой. Сатылбаган бир журналист таба аласыңбы? Сатылбайлычы? Саясатчылар оңолбосо да биз оңололучу? Элдин кызыкчылыгына кызмат кылалычы?» деп кесиптештерине кайрылган « Тираж, таасир, акча талаштык, биз талашпаган дагы эмне калды?» деген аталыштагы макаласында.

КР Туристтик агенттиктин баш деректири Турусбек Мамашевдин «Пансионаттар баасын арзандатпаса банкрот болот» деген маеги, «Чыңгыш» дыйкан чарбасынын башчысы Амантур Асековдун президент К. Бакиевге, КР Баш прокурору Э. Сатыбалдиевге кайрылуусу, ж.б. саясый, маданий темадагы материалдар басылып чыкты.

«Оппозиция жөө жүрүш баштайт» деген кабар менен жаңы санын ачкан «Учур» гезити Ысык-Көлдө өтө турган Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун галстуксуз саммити тууралуу маалымдаган. Шайлоо шарданына токтолуп, Атамбаев менен Сариевди алардын айланасындагылар эле бириктирбей келеткан имиш деп, бычакталып, колу-буту сындырылып, акыры ажалдан аман калган Сыргак Абдылдаев Германиядан башпаанек сурап, тынч жашоого кетти деп, Эмил Каптагаевдин маанайы суз, элден ээндөөдө, өмүрү коркунучтабы деп, карапайым калктын көбү 2007-жылдагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясына добуштарын берсе, СДПКанын айтымында азыр элдин 60 пайыздан ашууну А. Атамбаев үчүн добуш бериптир, бирок айтыла келген ар кандай «кайраттуу» сөздөр жерде калып, оппозиция элдин колдоосун таба албай атат: «Эгер бул жолу да 2007-жылдагы оппозициянын кайдыгерлиги кайталанса анда эл мындан ары аларга ишенбейт, алардын саясый тагдырлары кыйын болуп калат» деп жазды.

Казакстанда чочко ылаңы жукту деген 13 адам дарыланып жатканы, качан болсо айылчарбасы деп канкакшап келаткан академик Жамин Акималиевдин «θкмөт колдобосо, буудайдын 20 пайызы талаада каларын» баяндаган маеги да ушул санда.

«Учурдун» кабарчысы Семетей Талас уулу менен атын атагысы келбеген оппозиция өкүлү маек куруп, Атамбаев менен Назаралиев Бакиевдин «порнография» шайлоосун тааныбай тургандыгын жарыя кылганы туура кадам болгону, анткени шайлоонун аягында «протоколдорго кол койгула, кол койбогула» деп жаңжал чыгып кетмегин, бирок башка өңүттөн алып караганда Атамбаевдин «23-июлда бийлик өзгөрөт, биз утабыз» дегендеринин бары жерде калганын, эл чоң өзгөрүүлөргө ишенип турганын, үмүттөрү аткарылбай, нааразы болуп калганын айткан.

Андан ары ал оппозициянын кетирген кемчиликтерине токтолуп, анын тактикасы туура болгон менен стратегиясы пландаштырылбаганын, штабы өзүнчө үгүтчүлөрү өзүнчө иштеп, ортодо жарака кеткенин, жетекчилери «Эгерде жеңиш сенин колуңда болсо, жеңиштин мүмкүнчүлүгү душманыңдын колунда» деген кытайдын акылман сөзүн унутуп кобшканын белгилеген. «Эгер ушак-айың сөздөрдүн учугу чын болсо, Эл арасында: «дагы бир аз кыйнасак Түндүктүн лидерлери башын көтөралбай калат» деген түштүктүн урааны бар дейт. Эгер ага ишенсек Түштүктөн кошулган азыркы лидерлерге да ишенич тайыды, кокус Түндүк өз мыкталарын сындырууга ашыккан мындай долбоорду эртелеп токтотпосо аягы жаман болот» деди.

Кабарчы: - Оппозициянын мындан аркы тагдыры кандай болот?

Оппозиция өкүлү: - Ушул турган оппозициянын 3 эле жолу бар. 1-жолу – тарыхтын таштандысына кетүү. 2-жолу – ортодогу ыр-чырды унутуп, ишенимдүү дегендерди кайрадан топтоп, биригүү жолу. Калгандары Акүйгө өтөт. Ошол эле Бешимовго тышкы иштер министрлиги берилиши мүмкүн. Атамбаевди алсыратуу Акүйдүн чоң максаты болгон, ал ошого жетишти. 3-жолу Атамбаев өз каталарынын үстүндө иштеп, айланасындагыларды сорттоп, кайрадан майданга чыкса утушу мүмкүн. Азыр элдин жүрөгүндө «оппозиция өлүүбү же тирүүбү?» деген суроо турат. Мына ушунун жандырмагын күтөбүз.

Бүгүн жарыкка чыккан «Асман преss» гезити президенттикке ат салышкандардын бири Нурлан Мотуевдин Атамбаев тууралуу тараткан билдирүүсүн баскан. Андан ары бул гезитке дагы бир талапкер Темир Сариев маек куруп, шайлоо күнү саат 12ге чейин шайлоого 1 млн. 300 миң адам катышты деген маалымат айтылса, Назаралиев менен Атамбаев «талапкерлигибизди алабыз» дегенден кийин шайлоого катышкан элдин саны 2 млн. 300 миң адамга жеткенин сынга алып, жогорудагы эки талапкер бул кадамдары менен бийликке гана жардам бергенин белгилеген.

Гезит андан ары саммитке келе турган президенттердин өмүр баяндарынан маалымат берип, «Ысык-Ата районундагы «Алга» айылчарба кооперативиндеги аферанын артындагы майда чиновниктерди ким такалайт же алар бүгүнкү президентке оппозициябы?» деген көлөмдүү макала жарыялады.

«Мен он беш жыл мурда өлгөм…» Мына ушундай аталышта «Учур» гезитинин кабарчысы Асланбек Сартбаев менен белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков экөөнүн өткөн сандан бери жарыяланып келаткан аңгемеси уланган.

Кабарчы: -Мындан ары кандай болот?

М. Карыбеков: -Улут бараткан багытын, жолун өзгөртөт. Жалпы элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө өзгөрүү күтүлүп аткандан кийин, ошол нерсе биоэнергетикалык козголууга алып келет. Адегенде элдин биоэнергетикасында өзгөрүү жүрүп, анан ал биздин турмушубузда материалдашат. Кыялдагы үлпүлдөгөн нерселер, тилектер чындыкка айланат. Биз азыр ушундай козголууга кирдик.

Кабарчы: -Алмаз Атамбаевдин «жеңиш, жеңилиши» туурасында эмне айталасыз?

М. Карыбеков: - Атамбаев көпчүлүк элдин жүрөгүндө жеңишке жетти. Аны президент деп да айтса болот. Эл Атамбаевди жүрөгүндө президент катары кабыл алды. Эми элдин жүрөгүндөгү энергетика чындыкка айланып, материалдык күчкө айлануусу зарыл. Ага убакыт керек. Муну мен көзүм жеткен үчүн айтып жатам.

Гезиттин ушул эле санында белгилүү журналист Султан Жумагуловдун көлөмдүү маеги жарык көрдү. СССР кулагандан кийинки жеке турмушу, жашоо жолою кандай болгонун оригиналдуу баяндаган журналист постсоветтик коомдогулар адаттан тыш нерсе көрсө эле баса калып шылдыңдап жиберишерин, сабырсыздык, ичи тардык деген нерселер дал ушул постсоветтик коомдун колу-бутун тушап келатканын, кыргызды кыйратып келаткан да ушул ичи тардык экенин, анткени ал өзү өсалбай жатканын өзгөдөн көрөрүн, демек улут катары өсүп-өнүгүү үчүн ичи тардык сезимди жоюу керектигин кеп кылган.

Биллярд оюну боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевдин «Бардыгы Кудайдын, анан менин колумда» деген интервьюсун, белгилүү ырчылар Майрам Дүйшөкеева менен Батма Качкынованын чай үстүндөгү баарлашууларын, Кыргызстандык балбандардын Испания менен Украинадагы жеңишин да ушул сандан окууга болот.



XS
SM
MD
LG