Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

А.Текебаев: “Бийликтин жеңиши убактылуу”

  • Ырысбай Абдыраимов

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды милиция кармап кетип жатат

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды милиция кармап кетип жатат

«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абат облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев элдин добушун бурмалап шайланган бийликтин өмүрү кыска деп билет.

- Асылбек мырза, Жалал-Абат облусунун бийлиги бизге шайлоонун мыйзам бузууларсыз өтүп, көпчүлүк шайлоочу бийликтин кийлигишүүсү жок эле президент К. Бакиевди кубаттаганын билдирди. Сиз президенттик шайлоого кандай баа бересиз?

-23-июлдагы президенттик шайлоо өтө ыплас, мыйзам бузуулар, админстративдик ресурстарды колдонуу менен өттү. Ошондуктан бул жерде шайлоочулардын укуктары корголгон жок. Шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерге добуш бере албады. Анткени жергиликтүү бийлик жана административдик ресурстар шайлоочуларга каршы иштеди. Алар бир гана шайлана турган адам – Бакиев үчүн иштешти. Ал үчүн алар ар кандай фальсификацияларга, чагымдарга, мыйзамсыз иштерге барышты.

- Сиз шайлоодон кандай жыйынтык чыгардыңыз? Кыргызстан таза, адилет жана калыс шайлоо өткөрөрүн далилдей алдыбы?

- Биз сиз айткан аймактарда шайлоону толугу менен көзөмөлдөөгө аракет кылдык, бирок жогоруда белгилеп кеткендей, күч тең болбоду. Байкоочуларга каршы күч органдарын, милийсаларды колдонушту. Мисалы, Ноокен районундагы Момбеков атындагы жана Базар -Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү шайлоо участокторуна байкоочуларды киргизишкен жок.

Эми азыркы бийлик биз жеңдик, бардыгы таза, ачык айкын шайлоо болду дегени – бул убактылуу көрүнүш. Бул шайлоонун чындыгы эртеби- кечпи, баары бир айкын болот. Ошондо чоң нааразылыктарды пайда кылат. Жер-жерлерде өздөрүнүн укугун коргойбуз деген шайлоочуларды кармоо, камоо, аларга штраф салуу, камакка алуулардын бардыгы өлкөнүн баш мыйзамынын кепили болом деген президенттин ушул окуяларга көңүл бурбай атканы – бул, биздин өлкө барган сайын, күн өткөн сайын, ай өткөн сайын мыйзам бузулуп, криминалдашкан, коррупцияланган, мыйзамдары сакталбаган өлкөгө айланып баратканынан кабар берет.

Мындай нерсе, Кыргызстандын келечегине бир топ балта чабат, өнүгүүсүнө бир топ тоскоол болот. Бул абалдан чыгуу үчүн кыйла убакыт кетет. Ушуну азыркы бийлик, президент К. Бакиев эске албай атканы өтө өкүнүчтүү.

- Өзүңүз айткандай, шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн болсо, анда мурда болжолдонгондой, шайлоочулардын укуктарын коргоо үчүн күтүлгөн нааразылык акцияларынын болбой калуусунун себеби эмнеде?

- Мен ойлойм, нааразылык акциялары жер-жерлерде баары бир болду, аз санда болсо дагы. Ошого карабай, азыркы күндө деле болуп өткөн шайлоого элдин нааразылыгы күч алып турат. Болгону, адамдардын көтөрүлүүсү үчүн кандайдыр бир себеп – шарт, мезгил талап кылынып турат. Мен ойлойм, элдин нааразылыгы, элдин кыжыры баары бир эртеби – кечпи, бир күндөн кийинби, же бир аптадан кийинби, бир айдан кийинби, сыртка чыгат. Ошондуктан мен ойлойм, К. Бакиевдин президенттикке шайланышы легитимдүү эмес, аны көпчүлүк эл билет. Бийликтин тамыры бекем болбойт. Себеби элдик бийликтин гана тамыры бекем болуусу мүмкүн. Ал эми элдин эсебинен сатылып, уурдалып алынган бийликтин өмүрү кыска.

- БШК менен Конституциялык сот шайлоо болду деп, К. Бакиевди президент катары тааныды. Эгерде шайлоо туура эмес болсо, алар тааныбайт эле да ?

- Илгери Франциянын королю Людовик XIY- айткан экен, « бийлик, мамлекет – бул менмин» деп. Азыр деле ошондон айырмаланбаган бийлик болуп калды. Шайлоо комиссиясын президент түзөт, Жогорку Кеңешти президенттин партиясы бийлеп турат. Бардык жетекчилер менен сот, прокурорлорду, мыйзам чыгаруучуларды президент бекитип аткандан кийин алардын бири дагы Бакиевге же анын командасына каршы чыга албайт.

Ошондуктан биз мыйзам бузууларды тастыктаган фото, видеодокументтерди топтоштуруп койдук. Аларды сиз айтып атасыз, эмнеге сотко бербейсиңер? деп…Сотко берген менен бул баары бир оң жагына чечилбейт. Андан көрө ал далилдерди сактап койсок, жакынкы күндөрдө, учуру келгенде кийинки бийлик бул нерселерге саясий жана укуктук баа берет го деген ойдомун. Бүгүнкү күндө мыйзамды бузуп, мыйзамды бурмалап, президенттикке жеткен адамдарга, Бакиевге жардам берген адамдарга, бардыгына кийинки кезде ар бирине баа берилип, ар бири ишине жараша жазасын алат го деген ойдомун.

- Шайлоочулардын укугун талашып, Бишкекте нааразылыкка чыккан адам укугун коргоочуларды милиция кармап, сот айыптарга жыкты? Сиздин көз карашыңызда бул кандай күчтүн белгиси?

- Бул – азыркы кездеги полициялык бийликтин бекем орношуп жаткандыгынан, бир адамдын кызыкчылыгын коргогон бардык мамлекеттик уюмдар бириккен кландык – бир туугандык бийликтен кабар берет. Бүгүн төрт адамды, кечээ беш адамды, андан мурда кырк эки адамды камады. Мындан ары мындай камоолор көбөйө берет. Канчалык камоо, куугунтук көбөйгөн сайын каршылык ошончолук өсөт. Мен ойлойм, жакынкы күндөрдө төрт адам эмес, төрт миң, төрт жүз миң адам көчөгө чыгуусу мүмкүн. Бийлик элдин күчү эмнеде экендигин ошондо көрөт.

-Маегиңизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG