Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

ОШ: ГУБЕРНАТОР САЯСИЙ ОЮНДАРГА САК КАРАЙТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев анын жетекчилик ишмердүүлүгүн сынга алган жана кызматтан кетүүсүн талап кылган саясий партиялардын жергиликтүү лидерлери менен жолугушту. Анда коюлган сындардын жана талаптардын негиздүүлүгү, жаңы баш мыйзамга ылайык саясий партиялар менен бийликтин кызматташуу жагдайлары талкууга алынды.

Бетме-бет жолугушууда «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Керим Макеев губернатордун кызматтан кетүүсүн талап кылууга негиз болгон жагдайлар тууралуу айтып, Жантөрө Сатыбалдиев кызматка келген мезгилде жемкордука каршы күрөшүү боюнча убада кылган иш-чараларынын бирин да аткарбастан ишмердүүлүгү күмөн туудурган мамлекеттик жетекчилер менен коюн-колтук алышып кетти деп айыптады:

- Эмне себептен отставкага кетиңиз дегендин себебин мен айтайын. Көп губернатор келип кетти, “Таза суу” программасын аягына чейин чыгарам дегенсиз. Өзүңүз билесиз Алай районунда да, Ноокат районунда да ошондой болгон. Жыйынтык жок. Сулайман тоо боюнча да так маалымат жок. Ал эми чогулган акча кайда кетип атат? - деди Керим Макеев.

Бул жагдай боюнча губернaтор Жантөрө Сатыбалдиев коюлган талаптар жана сындар негизсиз экендигин белгилеп, анын айланасында саясий оюн жасаганга аракет болуп жаткандыгын айтты. Анын айтымында жергиликтүү бийлик далилдүү сын менен кайрылган партия активисттерин ачык-айрым сүйлөшүүлөрдү жана текшерүүлөрдү убак-убагы менен жүргүзүп турууга чакырууга даяр:

- Сулайман тоо боюнча ар бир тыйынына жооп берүүгө мен милдеттүүмүн деп элдин алдында айткам. Жооп берем. Керек болсо казначейди ачабыз, ал жерде акчасы турат. Ушундан да кыйкым таба турган болсоңор, жооп берүүгө даярмын. Таза суу боюнча, силер канча деп эсептесеңер, мен да ошончо деп эсептеп келатам. Мен эки жолу коллегия өткөрдүм, прокурорго лично поручение бердим, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Анткен менен “Эмгек жана биримдик” партиясынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Токтосун Абдыкадыров жетекчилердин өздөрү иштеше албай жаткандыгына токтолуп, саясий чайкоочулук качан токтойт деген маселени кабыргасынан койду:

- Биз мнение создавать эттик, аны президент чечет. Облустук жетекчилер өзүңүздөр бир мнениеге келбейсиздерби, - деген оюн билдирди «Эмгек жана Биримдик» саясий партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Токтосун Абдыкадыров.

Ал эми каршылашкан көз караштагы тараптардын диалогуна байкоо салып турган.
«Эл бийлиги» кыймылынын өкүлү Абазбек Шерматов саясий чырлашууга чекит коюп, элдин турмушун көтөрүү үчүн биргеликте кызматташууга чакырды:

- Тополоңдордон, стихиялардан келип, бийлик ортосунда ажырымдар пайда болуп келише албай, ортодо эл жабыр тартып атканда, интеллигенция кайда бийлик ооп кетсе эле ошол жака акылдуулук кылып позициясын сактап кошулуп кетмей адаттан чыгалы, - деди Абазбек Шерматов.

Губернатор Ж. Сатыбалдиев өз кезегинде жергиликтүү партиялардын лидерлери менен олуттуу маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүп турууга убада берди. Учурда Ошто каттоодон өткөн токсонго жакын партиянын жыйырмага жакынынын жергиликтүү өкүлчүлүктөрү бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG