Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Апта окуясы: Оппозициянын АКШга сапары, эркин маалыматтын муунтулушу


"Азаттыктын" АКШдагы кабарчысы Гүлайым Ашакеева оппозиция өкүлдөрү А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев жана Р.Жээнбеков менен

"Азаттыктын" АКШдагы кабарчысы Гүлайым Ашакеева оппозиция өкүлдөрү А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев жана Р.Жээнбеков менен

Апта ичинде Кыргызстандагы башкы окуя - бириккен оппозиция өкүлдөрүнүн АКШга сапары жана сөз эркиндигин талап кылуу аракеттеринин күчөшү болду.

Кыргызстандын тактикалык багыттары бири-бирине коошпогон оппозиция биригүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн соңуна чыга электе бириккен оппозициянын өкүлдөрү АКШга барышты. Алардын “Азаттыкка” берген маалыматтары боюнча АКШнын чет мамлекеттер менен иштеген Улуттук демократиялык институтунун президенти, Демократияны өнүктүрүү боюнча Америка фондунун жетекчиси, АКШнын Борбор Азиядагы саясатын колдогон “Жибек жолу” комитетинин төрагасы Жозеф Пиц жана Американын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт менен жолугушуп, университеттерде лекцияларды окушту.
Ө.Текебаев "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Вашингтондогу кеңсесинде.16декабрь,2008-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин баамында, сапардын максаты ишке ашты:

- Биздин максат - бириккен оппозиция жактырган Кыргызстандын келечектеги саясий системасынын концепциясынын бет ачарын өткөрүп, америкалык демократиялык коомчулукка тааныштыруу болгон. Биз көптөгөн бейөкмөт уюмдар жана демократиялык институттардын өкүлдөрү менен жолугуштук. Биз көтөргөн маселелерди алар түшүнүү менен кабыл алышты. Мындан ары дагы Кыргызстан менен демократиялык уюмдардын кызматташтыгын улантарын айтышты.

Оппозициянын көрүнүктүү лидерлери АКШда жүргөндө “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кытайдан келген 73 миллион сомду бейчеки короткон деген кине такты. “Ата Мекен” партиясынын азыр АКШда жүргөн мүчөсү Равшан Жээнбековго дагы бир жаңы кылмыш ишин козгоду.
“Жашылдар” партиясынын кеңсесин тинтип, партия төрагасы Эркин Бөлөкбаевди прокуратурага чакырып, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев камакка алынат экен деген имиш пайда болду.

Өмүрбек Текебаев тартип коргоо органдарынын мындай аракеттерин оппозиция сапарына карата бийликтин ич күйдү реакциясы деп баалады:

- Бийлик эл аралык изоляцияда калганын, дүйнөлүк коомчулукту алдай албарын сезип жатат. Ошондуктан жан далбас кылып, саясий оппоненттерине кысым жасап, эркин массалык маалымат каражаттарына кысымын улантып жатат.

Бийликтин оппозиция өкүлдөрүнө карата мындай мамилеси президенттин саясатын сындаган адамдарды куугунтукка алып, өз көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калды деген пикирди бекемдегендей болду.

Кыргызстандын экс-мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаковдун баамында, бийлик мына ушундай кадамдары менен өзүнүн баркын өзү төмөндөтүп жатат:

- Мен бийликтин бул кадамын туура көрбөй жатам.Эгерде Жекшенкуловдун жасаган кылмышы болсо аны дароо эле ачып, көрсөтүш керек болчу. Эми Америкада жүргөн учурда кылмыш ишин козгоп, көтөрүп чыгуу менен бийлик өздөрүнүн жасаган иштерине шек туудуруп жатат. Бизде бир жаман өнөкөт пайда болду. Эгер бирөө саясий көз карашы менен башка багытты көздөп кетсе эле мурда бир окуясын кайра сууруп чыгып, кайырмакка илгендей абалда кармап турушат. Эгер ал чын болсо да элдин көбү ишенбей калышы мүмкүн.

Оппозиция лидерлеринин АКШдагы сапарынын учурунда коомчулуктун көңүлүн бурган бир маселе - эл менен бириккен оппозицияны баштап кете ала турган жалгыз лидери ким болот деген маселе болду.
"Ата Мекендин" АКШда жүргөн мүчөсү Равшан Жээнбеков


“Ата Мекен” партиясынын АКШда жүргөн мүчөсү Равшан Жээнбеков менен “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда лидерликке Өмүрбек Текебаев бышып жетилип калды деп билдиришти.

Өмүрбек Текебаев бул маселе оппозиция күчтөрүнүн жалпы талкуусунда чечилиш керек деген менен ал ой кыргыз коомчулугунун бүйүрүн дароо кызытып, бийликти гана эмес биригүүгө баш байлап калган оппозициячыл кыймыл өкүлдөрүн да бушайман ойго салды.

Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев аны бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн гана билдирүү деп баалап, маселе чогуу-чаран кийинки сүйлөшүүлөрдөн кийин аныкталаарын ачыктады:

- Андай маалыматты Текебаевдин лидер болушун каалаган адамдар Америкадан туруп, Интернет сайттарга салып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Бул эми жөн гана сунуш да, ал каалоо.

Экс-мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков болсо АКШга же башка бир мамлекетке барып, ал жердеги уюм өкүлдөрү менен жолугушуулар Кыргызстандын ички келечек тагдырын чечүүгө жол ачат деп эсептөө саясий жактан чоркоктук болот деп билдирди:

- Кээ бир саясатчылар менен саясат талдоочулар жөн эле божомолдоп бирдемени айта беришет. Аларды АКШнын өкмөтү чакырып аткан жери жок. Демократия үчүн күрөшөбүз деген адамдарды чакырып, алардын ой-максаттарын билүүгө кызыккан көп уюмдар, фонддор, саясий уюмдар бар. Мына ошолор чакырып, эмне кылып жатасыңар, кандай максатыңар бар деп пикир алмашуусу кадыресе эле көрүнүш. Андан чоң тыянак чыгарган болбойт. Америкага бир топ барса эле ошону Америка ошолорду колдоп, бийликке алып келебиз деп аткан экен деген маалыматтарды таратуу эч бир негизи жок сөз.

Анткен менен оппозициячыл күч катары өзүн көрсөтүп жаткан саясий партия жана кыймыл өкүлдөрү мындан эки жума мурда баштаган сүйлөшүүлөрүнүн аягына чыгып, бириккен элдик кыймыл түзүү максаты жакында ишке ашат деп үмүттөнүшүүдө.

Ал тууралуу Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Бириккен элдик кыймылды түзүүнүн долбоору боюнча макулдашып жатабыз. Ага негиз болчу 3-4 документ даярдалып жатат. Аны баардыгы жактырып жатышат. Жаңы кыймылга 4 кыймыл, 7 партия кирет деп жатабыз. Анын жобосу даярдалып, ага ылайык азыркы бийликти кетиргенден кийин убактылуу өкмөт түзүлөт деген ойдобуз. Бул боюнча макулдашууга 27-декабрда кол коюш керек деп жатабыз.

“Акыйкат үчүн” кыймылы өткөргөн курултайда оппозиция сунуштаган Кыргызстандын жаңы өнүгүү концепциясын жактырган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиевдин айтымында, бирдиктүү кыймыл түзүүгө башка кыймылдар даяр:

- Кошулуу керек деген ойдобуз. Анткени, бул өнүгүүнүн баскычтары жана саясий партиялардын өнүгүүсү байкалып калды. Маселен Америкада негизги эки партия - Республикачылар жана Демократиялык партия бар. Бизде деле партиялар өсүп, 2-3 чоң партия гана калыш керек. Менин оюмча, ошол процесстерге бүгүнкү кырдаал түрткү берип жатат.

Кыргыз коомчулугунда өзгөчө амалкөй күчү бар деп эсептелген Үсөн Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков болсо азырынча маалымат берүү эртелик кылат деп, максатын ачык айткан жок. Демек, мындай кадам оппозициянын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарар күнү дагы алыс го деген күмөн ойду пайда кылууда. Бирок Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров БЭК ("Бириккен элдик кыймыл") деген кыймыл 24-декабрда түзүлөөрүн бекемдеди.

Оппозиция ошентип жаңы саясий кыймыл түзүүгө даярданып жатканда Улуттук телеканал 3 жылдан бери “Азаттык” менен биргелешип даярдап келаткан телекөрсөтүүлөрдү эки ай бою эфирге чыгарбай, радиоуктурууларды толкунунан алып салгандыгынын башкы себеби берүүлөрдүн мазмуну экендиги ачык болду. “Азаттык” –“Эркин Европа” үналгысынын жетекчилери Улуттук телерадиокорпорациянын Башкы директору Мелис Эшимканов менен жолугушканда ал “Азаттыктын” үналгы жана сыналгы берүүлөрү “кыргыз бийлигин абдан катуу сындайт жана коомго терс таасир берет”, ошондуктан берүүлөрдүн мазмунун обого чыгаардан мурун текшерүү зарыл деп билдирген. Американын чет өлкөлөр үчүн берүүлөр башкармалыгынын кеңеши мындай талапты аткаруу мүмкүн эмес деп тапты.

АКШнын эл аралык берүүлөр бюросунун жетекчилеринин бири Жефри Хичберг “Азаттыктын” бейтарап жана так маалымат менен камсыз кылуу миссиясы коркунучка кабылышы мүмкүн деп билдирди. “Азаттык”-“Эркин Европа” радиосунун президенти Жефф Гедмин “Азаттык” СССР кулагандан кийин биринчи жолу кайра кыска толкунга чыгарылаарын жана Кыргызстандагы реформалардан жакшы натыйжа болот деп күтүшкөндүгүн билдирди. Бул окуяга байланыштуу ЕККУ Кыргызстандын бийлигин “Азаттыктын” берүүлөрүнө тоскоолдук кылбоого чакырды. “Фридом Хаус” эл аралык уюму жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары муну кыргыз бийлигинин сөз жана басма сөз эркиндигин муунтуу деп баалашып, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууну сунушташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева парламентте атайын билдирүү жасап, бийликти эсине келүүгө чакырды:

- Мурдагы күнү Прагадан келген делегация биздин фракциянын депутаттары менен жолугушту. Эшимканов менен жолугушканда ал «Азаттык» президентти катуу сындайт, ошол сынын токтотсо гана обого чыгат, дептир. Нур уулу Досбол менен Ак үйдөгү Эсеналиев Досалы – медиа билерманы, «Бул өлкөдө сөз эркиндигине эч тыюу жок, жасаса, аны УТРК жасап жатат», деп Ак үйдүн көз карашын билдиришиптир. Аны угуп, Мелис Эшимканов бул – президент Бакиевдин тапшырмасы, деп жарылды. Бакиев өзү бийликке 2005-жылы «Азаттык» аркылуу келгенин унутса дагы, 2005-жылы 24-мартта революция болду деп айткандан уялган Ак үй унутпашы керек эле!
55 жыл бою тынымсыз обого чыгып келаткан «Азаттык» акыркы жылдарда 2005-жылдын 24-мартынын алдында үнү буулган, эми ошол окуя дагы бир жолу кайталанып олтурат. Сөз эркиндиги бир үй-бүлөнүн курмандыгына айланып, жалпы элибиз ободо бир суткада 2 саат чындыкты айткан радиону укпай, чаңкап турган маалы. Эки күн мурда Би-Би-Си радиосун калыбына келтирген кыргыз бийлиги эми «Азаттыкты» калыбына келтиргенден тайсалдап турганынын кандай себеби бар?

Парламент өкүлүнүн мындай чакыруусуна карабастан УТРК жетекчилиги “Азаттык” карыз болчу деген кур шылтоолорду түрдүү маалымат каражаттарына таратса, президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев эч кандай саясат жок деп, кинени кайра үналгы жетекчилигине артты:

- Бул жерден биз эч кандай саясатты көргөн жокпуз. Баса белгилеп коюу керек. 15-декабрда эле “Азаттыктын” өкүлдөрү менен бул жерде, Ак үйдө жолугушууда бул боюнча пикир алышкан элек. Андан кийин алар өздөрүнүн маалымат жыйынында да биздин пикирлерди тастыктап, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, техникалык маселелер чечилгенден кийин жаңы шарттарда иштешүүгө кызыкдарбыз деп билдирип кетишкен эле. Эртеси “Азаттыктын” Прагадагы президенти башкача маалыматты таратып атат. Бизге да түшүнүксүз болуп калды. Эмне үчүн алардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү башка сөздү айтат, радионун жетекчиси башка сөздү айтат.

Ай башынан бери УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов кызматынан кетсин деген талап менен ачкачылык жарыялоого чейин барышкан кызматкерлери ушул жумада башкы ачкыч президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдо экен деп, аны кызматтан кетирүү талабын коюшту. Бир топ жылдан бери “Лица” деген эркин гезитти чыгарып жүргөн журналист Бермет Букашевага коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгы кооптонууну ого бетер күчөттү.

Ал тууралуу Бермет Букашева “Азаттыкка” буларды айтты:

-Биздин гезиттин акыркы санына Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго белгилүү диссидент Мухаммад Салих жазган ачык каты жарыяланган. Андан тышкары Мухаммад Салих тууралуу башка маалыматтар да бар эле. Андан кийин мага 5 жолу телефон чалуулар болуп, өзбек тилиндеги акценттер менен орусча сүйлөгөн адамдар бир топ сөздөрдү айтышып, психологиялык басым көрсөткөн коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтышты.

Бермет Букашева эгер өзүнө бирөөлөр тарабынан коркутуу, же кол салуулар болсо ага Кыргызстан Өзбекстандын ички иштер кызматтарына кербен сарай болбосун деген маанидеги макалаларды жазганы үчүн берилген жаза болот деген ойдо. Анткени, өткөн жылы атып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун өлүмүнүн тергелишине нааразылык билдирип жургөндүгүнөн улам коркутуулардын артында коңшу мамлекеттин атайын кызматтары турушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Мына ушундай окуялар коомдо сөз жана басма сөз эркиндигин коргоого алуу аракеттерин күчөтүп, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты 19-декабрда эл көп болчу Ош базарынын жана "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотуу талабын колдогондордун колун топтоого аракет көрдү. Бирок кол топтоп жаткан 8 адамды милиция дароо кармап, Ленин райондук соту аларга жаза берди.

“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев бул окуяны тартип коргоо органдары укуктук жактан тамга такалды деп баалады:

- Бул мурдагыдай эле өз ой, көз карашын эркин билдирүү жана көз карандысыз ой жүгүрткөн иш-аракеттерге тыюу салуу. Анткени, кол топтоо деген саясий акция же митинг эмес. Мисалы, Коммунисттик партия америкалык авиабаза чыгарылсын деп кол топтогондо эч ким тийген эмес. Азыр Мусулмандар союзу деген уюм ачып алышкандар деле кол топтоп жатышат, бирок аларга эч ким тийген жери жок. Эмнегедир эле саясий көз карашты билдирген маселеге келгенде камакка алышат. Бул албетте сөз эркиндигин жоюу аракети. Бизди өкүндүргөн бир көрүнүш - тартип коргоо органдары эмне деген айып коерун билбей эле Административдик кодекстеги эки беренени кучактап келип эле айыптаганы болууда. Анткени биз эч бир мыйзамды бузган жерибиз жок. Алар айткандай тартип коргоо орган өкүлдөрүнө эч кандай баш ийбестик болгон жок жана алар менен кыйкырышкан жерибиз жок.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин демократиянын аралчасы деген атка ээ болуп, Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттары эркин өлкө катары эсептелип келген. Бирок андай абал 2005-жылга чейин катуу өзгөрүп, коомдогу нааразылыкты курчуткан кырдаалдардын бири болгон. Эркин басма сөз каражаттарын кысмакка алуу 2005-жылкы бийлик алмашуудан кийин жоюлат деген зор үмүттү ушул жылдагы “Де-факто”, “Алиби” гезиттеринин жабылып, электрондук эркин маалымат каражаттарынын калбай калганы жокко чыгарууда. Кысмакка чыдабаган журналисттердин бир тобу чет өлкөгө чыга качса, айрымдары көр тирлик тема тууралуу гана жазууга багыт алды.

Саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев мындай абалга чыдамкайлык кылып олтура бербестен жалпы каршылык көрсөтүүгө мезгил жетти дейт:

- Кыргызда илгертен “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген макал бар. Эл сөздү эч качан токтотпош керек экендигин илгертен эле билет. Ошол эски баалуулуктарды кайра көтөрүп чыгып, кыргыз эли сөз эркиндиги үчүн өзү күрөшпөсө аны эч ким орнотуп бере албайт. Ошон үчүн кан-тери менен тынымсыз күрөшүп, сөз эркиндигин сактап калыш керек!



пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG