Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

АКШ базасын чыгаруу чечимине эки фракция макул, бирөө каршы


Парламенттеги “Ак жол” жана Коммунисттер фракциялары “Манас” аба базасын өлкө аймагынан чыгарууга макулдугун билдиришти. Социал-демократтар фракциясы болсо ага көпчүлүк добуш менен каршы чыкты.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин депутаттарга маалымдаганы боюнча, аскерий “Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу тууралуу келишимди жокко чыгаруу боюнча документ парламентке эки бөлүнүп сунушталган. Ага ылайык бүгүн ЖК фракциялары АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди жокко чыгаруу маселесин талкууга алды.

“Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү негизинен антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин кубаттоого алышты. Аталган аба базадагы аскерлердин кол тийбестиги, алардын бири Закари Хетфилддин колунан кыргызстандык жаран Алексей Ивановдун каза тапканы, бир нече жыл мурун америкалык аскерлер автоунаа менен коюп кеткен эки кыргыз кыздын тагдырын козгоп чыккан депутаттар бүгүнкү күнгө чейин бул иштер кыргызстандыктардын пайдасына чечилбей келе жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары “Манас” аба базасы тарабынан Чүй жана Ош облустарында абага төгүлгөн күйүүчү майлардын экологияга тийгизген терс таасири тууралуу да көп айтылды.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, ЖК төрагасынын орун басары Чолпон Баекова Кыргызстанда кыргызстандык жарандын укугу тебеленип жаткандыгына күйүп жатканын жашырбады:

- Ыза болом, биздин Ата Мекенибизде өзүбүздүн жараныбыздын укуктарын толук кандуу жактай албай жатканыбызга. Анан дагы сөз чыгарып атышат, баланча жерге сатып атат, түкүнчө акча берсе калып калат, деп... Булардын эмне кереги бар?

Министр Кадырбек Сарбаевдин депутаттардын суроолоруна жооп кылып айтканы боюнча “Манас” аба базасы тууралуу келишимди кайра карап чыгуу тууралуу Кыргызстандын сунуштары жоопсуз калган:

- Биз ушул келишимди кайра карап чыгуу тууралуу АКШ тарапка бир канча жолу айтканбыз. Бирок биздин сунуштарды Америка өкмөтү кабыл алган жок.

“Акжолчу” депутаттар ошондой эле “Манас” аба базасын чыгаруу, калтыруу тууралуу соодалашуулар жүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат каражаттары жазып жаткандыгын айтып, бул маселеде Кыргызстан ортодогу чайкоочунун кейпин кийип калбоого тийиштигин белгилешти.

Депутат Зайнидин Курманов бул жерде этияттык менен мамиле жасоо керектигин белгилеп, бул өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги абалына терс мамиле тийгизип калуу мүмкүндүгүн айтып кетти:

- АКШ аба базасын, кийинчерээк Орусиянын аба базасын жайгаштыруу менен Кыргызстан өзүн цивилизациялардын кесилишкен аймагы, бул цивилизациялардын диалогу жана кызматташуусу ишке ашкан өлкө катары сыпаттап келген. Мына ушул ролубузду биз эч бир кырдаалда эч качан жоготпоого тийишпиз. Биз аба базанын мүмкүнчүлүгүн АКШ жана башка батыш өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташуу үчүн жетиштүү пайдалана алган жокпуз,

Зайнидин Курманов Канттагы аба базанын зыяны тууралуу эч кандай сөз болбой жаткандыгын да кошумчалап, кесиптештерин калыстыкка чакырды.

“Манас” аба майданын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселеси “Ак жол” фракциясынын толук колдоосун тапкан соң, Социал-демократтар фракциясында каралды. Фракциянын айрым мүчөлөрү “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтүнүн чечимин колдой тургандыгын билдиришти. Маселен, депутат Мурат Жураев бул чечим Кыргызстандын келечеги үчүн туура чечим деп эсептейт.

Социал-демократтар тышкы иштер министрине бир топ ыңгайсыз суроолорду беришти. Фракция мүчөсү Иса Өмүркулов АКШ базасынын чыгарылышы Орусия насыя берип жаткан 2 млрд. долларга алмашуу иретинде жүргүзүлгөндүгү тууралуу маселени козгоп чыкты. Депутат Любовь Карамушкина антитеррордук күчтөрдүн ордуна “Манас” аба базасына ЖККУнун келүүсү мүмкүндүгүнө кызыкты.

Ал эми фракция жетекчиси Бакыт Бешимов АКШ аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынышына Кремлдин басымы болду деп эсептейт:

- Биз тагдыр чечүүчү, олуттуу чечим кабыл алып жаткан соң намысыбызды алдырбашыбыз керек. Кандай гана оор абалда калбайлы, кызматташтык-өнөктөштүк мамилелерди тизе бүгүп, чөгөлөп отуруп түзүүгө болбойт. Башка бир мамлекеттин тактекесине, бүгүнкү күнү расмий Кремлдин тактекесине айлануунун кереги жок,

Бул суроолорго жооп берген тышкы иштер министри Орусия насыя берип жаткан 2 млрд. доллар менен “Манас” аба майданын чыгаруу тууралуу чечимдин ортосунда эч кандай байланыш жоктугун баса белгиледи. Ошондой эле анын айтуусунда, АКШ аба базасынын ордун ЖККУнун аскер күчтөрү ээлөөгө кызыкдар эмес.

“Манас” аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча АКШ менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселесин Коммунисттер фракциясы да карап, кыргыз өкмөтүнүн чечимин колдоого алды.

Белгилүү болгондой президент Курманбек Бакиев 3-февралда Орусияга жасаган иш сапары учурунда АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечимди кыргыз өкмөтү кабыл алгандыгын жарыялаган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG