Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

АКШ жаңы өкмөт менен кызматташууга даяр


АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Сьюзан Эллиот (солдо) менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер маалымат жыйынында, Бишкек, 13-октябрь, 2010.
АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Сьюзан Эллиот (солдо) менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер маалымат жыйынында, Бишкек, 13-октябрь, 2010.

Кыргызстанда кайсы партия бийликке келбесин АКШ аны менен кызматташаарын Мамдепартаменттин расмий өкүлү Сьюзан Эллиот билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Сьюзан Эллиот Кыргызстанга иш сапары учурунда мамлекет башчысы Роза Отунбаева жана 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялардын лидерлери менен жолугушту. Айрым талдоочулар АКШ өкүлүнүн шайлоодон кийинки ыкчам сапарын расмий Вашингтон жаңы шайланган парламенттин мамилесин байкоо максатында деп сыпатташууда.

"Парламентке кайсы партия келгени бизге баары бир"

АКШнын расмий өкүлү Сьюзан Эллиот журналисттерге АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жаткандыгын билдирип, Америка өкмөтү тарабынан өлкөгө бир нече млн. долларлык жардам берилип жаткандыгын, июнь айынан бери ал дагы өскөнүн айтып кетти.
АКШнын расмий өкүлү Сьюзан Эллиот, Бишкек, 13-октябрь.

Сьюзан Эллиоттун айтуусунда, буга кошумча 15,8 млн. доллар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана түштүккө жардам иретинде жиберүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бул жардамдын алкагында жаңы жылдан тартып өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана билим берүүгө багытталган жардамдар берилет.

Айрым талдоочулар парламенттик шайлоодо утуп чыккан партияларды батышчыл жана орусиячыл деп бөлүп келишет. Ага ылайык “Ата Мекен” жана Социал-демократтар партиялары батыш менен мамилени чыңдоого аракет кылышса, ал эми “Республика”, “Ар-намыс” партиялары Орусияны чыныгы өнөктөш көрүшөт.

- Биз Орусия менен стратегиялык өнөктөш болушубуз керек деп айтып жатабыз. Биз аны иш жүзүнө ашырышыбыз керек, - деп билдирген шайлоодон жеңип чыккан беш партиянын бири "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов.

АКШ өкүлү Сьюзан Эллиот айым бүгүн маалымат жыйынында Америка өкмөтү шайлоодо алдыга утуп чыккан бардык партиялар менен кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи:

- Бизге кайсы партия, орусиячылбы же батышчыл партиянын парламентке өткөнү баары бир. Анткени бул Кыргызстан элинин тандоосу болду. Кайсы партиядан, ким өкмөт башчы болуп келбесин, биз алар менен мындан ары да кызматташууну улантабыз деген үмүттөбүз. Демократиянын шарты боюнча ким мамлекет башына келерин эл чечет.

База маселеси кайра козголобу?

Парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон партиянын лидери Камчыбек Ташиев “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик борборун чыгаруу тууралуу маселени карап чыгарын билдирген. АКШ өкүлү Сьюзан Эллиот партия лидерлери менен Транзиттик борбор тууралуу бир пикирге келебиз деген үмүтүн “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле кыргыз өкмөтү менен Транзиттик борбор тууралуу сүйлөшүү жакында болорун да айтты.

АКШ Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого кунт коюп көңүл бөлүп турду, ал эми президент Барак Обама кыргыз элин ийгиликтүү шайлоо өткөрүп алганы менен биринчилерден болуп куттуктаган. Шайлоо өтөрү менен АКШдагы бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандагы шайлоону Борбор Азия аймагындагы тарыхый жетишкендик катары баалап жазып чыгышты.
Токтогул Какчекеев

АКШ өкүлү Сьюзан Эллиоттун Кыргызстанга келип отурушу - Американын Кыргызстанды аймактагы өнөктөшүн жоготуп албоо максаты, деген пикирлер айтылууда. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев АКШ Транзиттик борборду Кыргызстанда калтыруу үчүн далбастап жатат деп эсептейт:

- АКШ өкмөтүнүн жогорку өкүлү Кыргызстанга келиши – өздөрүнүн биздеги аскердик базасынын тагдырына байланыштуу. Алар ошол базаны калтыруу максатында баарын барышы, ал түгүл Кыргызстандын тышкы карызын кечүүгө да даяр. Анткени өткөндө Роза Отунбаева БУУнун саммитинде жаратылышты коргоого Кыргызстандын тышкы карызын кечүүнү алмаштырууну өтүнгөн. Мына ушуну шылтоо кылып, АКШ өзүнүн аскер базасын дагы 10-15 жыл бизде калтыруу тууралуу сүйлөшүү үчүн да өкүлдөрүн жибериши мүмкүн. Алар өз саясий кызыкчылыгы үчүн, геосаясий таасир этүү үчүн жана Кытайга жакын болуу үчүн алсыз, арсыз, маңызы жок мамлекеттерге ушундай таңууларды жасап келген.

Эмил Каниметов
Ал эми дагы бир саясат таануучу Эмил Каниметов АКШ сыяктуу демократиялык өлкөлөр менен өнөктөш болуу Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы болот деген пикирде, ал Америка өкмөтүнүн жогорку деңгээлдеги өкүлү Кыргызстанга келиши кыргыз элинин өз эркиндиги үчүн күрөшкөнүн колдоого алуусунун белгиси деп эсептейт:

- Америкалык бийликтин жогорку өкүлү Кыргызстанга келиши – бул албетте жакшы көрүнүш. Азыр кыргыз эли өзүнүн эркиндиги үчүн абдан чоң күрөш жүргүзүп атат, муну билген да, билбеген да бар. Ушул кезде америкалыктардын ушундай теңсалмактуулукту сактап, элдин өз бийлигин колдоп, элдин шайлоодо болобу, башкада болобу өзү тандаган жолу бар экенин таанып туруусун кыргыз элин колдогону катары түшүнсөк болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG