Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

М. Чолпонбаев: Шайлоого Бакиевсиз барышыбыз керек


Бириккен оппозиция 23-июлда боло турган президенттик шайлоого президент Курманбек Бакиевдин катышканынан караманча каршы болууда. Алар Бакиевдер катышкан шайлоо эгерим таза өтөрүнө таптакыр ишенишпейт. Ошондуктан БЭК К. Бакиевдин шайлоого чейин бийлигин өткөрүп беришин талап кылмакчы. 27-мартта бүт республика боюнча боло турган элдик митингдердин башкы урааны ушундай. Бул жөнүндө "Азаттыкка" БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев билдирди.

-Мукар мырза, президенттин кечээги кайрылуусун кандай бааладыңыз? Жаңылануу багытын сунуштаган бул кайрылуусу мурдагыларынан кандай өзгөчөлүгү бар?

-Мен президенттин кайрылуусунан бир гана жыйынтыкка келдим: Бул кайрылуусу анын президенттик шайлоого барам деген чечими менен шайкеш келип жатат. Биринчиден, 27-мартта бүт Кыргызстан боюнча нааразылык акциясы баштала тургандыгын БЭК билдирди. Муну жалпы элдин 90% колдой турганы да белгилүү болуп турат.

Бул боюнча президенттин администрациясынан, чалгындоочуларынан, органдарынан угуп-билип атат. Ошондуктан элдин бул чоң толкундоосу бийликти алып түшүүгө чейин жеткирип коюу мүмкүн экендигин түшүнүп, президент элге алдын ала өзүн үгүттөгөнү чыкты.

Анын “мына мен шайлоого чыктым, өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдү бир жылга кыскартып атам. Мына силер менен мен эсептешип атам, бюрократтарды жана коррупционерлердин баарын кызматтан кетирем, оппозиция, жарандык коом менен иштешем,” деген сөздөрүнүн баары кызылдай жалган жана өз бийлигин бекемдөөгө багытталган гана үгүт деп айтууга болот.

- 27-марттагы акцияга даярдыгыңыздар кандай болуп жатат? 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылдагы апрель митингдеринен кийин эл оппозицияга ишенбей калды, бул жолу колдоп берүүсү күмөн, деген пикирлер бар. Бул боюнча Кыймылдын божомолу кандай болуп атат?

-Мындай пикирди бийликке жакын турган же анын акырынан жем жеп аткан адамдар таратып атканы белгилүү. Оппозиция буга чейин да нааразылык акцияларына чыгып келген, бирок азыркыдай бирдиктүү, бир максатта эч качан чыгып көргөн эмес. Бүгүнкү күнү БЭКке кирген оппозициялык күчтөрдүн баары бир демилге менен чыгып атат. Элдин да бул иш-чараны толук колдоп берерине көзүм жетет, ишенем.

-Президенттик шайлоону быйыл 23-июлда өткөрө турган болдук. 27-мартта болуучу сиздердин акция “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураан менен өтөрү айтылды эле. Бул иш-чара кандайдыр бир деңгээлде шайлоонун таза, акыйкат өтөрүн камсыздап бере алат, деп ишенүүгө болобу?

-Эгерде 23-июлда өтө турган шайлоого Курманбек Бакиев же анын үй-бүлөсүнөн бирөө катыша турган болсо, анда бул шайлоо болбойт. Демек, биз шайлоого Бакиевдерсиз барышыбыз керек. Эгер Бакиев 23-июлга чейин бийликтен кетпесе дагы, убактылуу өкмөткө өзүнүн бийлигин өткөрүп берүүгө тийиш. Мына ошондо гана таза, адилеттүү шайлоо болушу мүмкүн.

Ал эми бийликте Бакиевдер турган кезде эч кандай шайлоо жөнүндө, шайлоо болот, деген сөз болбошу керек. Себеби эл кандай кылып добуш берип, кимди колдогон күндө да Бакиевдер баары бир шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, өздөрүнүн пайдасына жазып алары баарыбызга белгилүү. Ошондуктан, 27-мартта боло турган элдин толкундоосу мына ушул маселени биринчи кезекте чечүүгө керек болуп турат.

-Мукар мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG