Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Социологдор Кыргызстанда калктын орто катмары 10 пайызды гана түзөөрүн, жетиштүү жашоо үчүн азыр 40-50 миң сомдун тегерегиндеги айлык керектигин айтууда.

Социология илиминде орто топ, же орто катмарга ишкерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, окумуштууларды, айтор атайын же жогорку билимдүү, материалдык жактан камсыз болгон адамдардын калың тобун киргизишет. Кайсы гана өлкө болбосун, анын экономикалык, саясий жана демографиялык өсүшүн камсыздай турган да ушул орто топтогулар.

Ортоңку катмар – коомдун негизги кыймылдаткыч бөлүгү болуп, өз көрөңгөсүн, мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалана алгандар. Алар өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүүсүнө катышып, өз көз карашын эркин билдире алышат.

Адистердин айтуусунда, Кыргызстанда азыр күнүмдүк керектөөлөрдү толук канаатандырып, жетиштүү жашоо үчүн кырк-элүү миң сомдун тегерегинде айлык керек. “Терра-Паблик» көз карандысыз аналитикалык борборунун иликтөөсүндө, Кыргызстанда калктын 10%, анын ичинде шаардык тургундардын 18% орто топко кирет. Ал эми БУУнун өнүктүрүү программасынын белгилөөсүндө, өлкөдөгү калктын 35% жакырчылыкта, 7% чукулу өтө жакырчылыкта жашайт. Расмий маалыматка ылайык, өлкө калкынын дээрлик 70% элет жергесинде жашайт.

Кыргызстанда саясий жана бизнес элитанын өкүлдөрү эбак эле жалпы элден бөлүнүп, “байлар” деп аталып, коомдун каймагы болуп калган. Ал эми ортолор менен колунда болгонун бири-бирине улап күн көргөн жардылар негизги калкты түзгөндөр деген ою менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов бөлүштү:

- Кыргыз эли чачылып кетпеген жакшы калк үчүн гана турабыз деп айтсам болот. Себеби дегенде, азыр адамдардын баары теңчиликте жашабай, азыр бири бай, бири кедей. Байлары өтө бай болсо, кедейи өтө кедей.

Сиз өзүңүздү кайсы топко кошосуз? деген сурообузга, “Иши кылып мен “ак жакалардан” эмесмин. Кээде “көк жака”, кээде жанагы учун улагандардан болсом керек”, - деп белгилүү куудул тамашага салып жооп берди.

Өлкө кириптер болгон экономикалык кризис орто топтогулардын төмөнкү катмарга жардыларга кошулуп калуусуна өбөлгө түзүүдө. Социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин кызматкери Курманкул Жумалиев коомдогу туруксуз жагдайды байлар менен орто топтун ортосундагы ажырым түзөт дейт:

- Ажырым күчөп жатат. 10% гана бай болуп, калган 90% жакыр болгон коомдо эч качан туруктуулук болбойт. Биз жанагы орто топту көбөйтүшүбүз керек болчу. Биз антпестен, тескерисинче байларга гана шарт түзүп берүүдөбүз. Байлардын байлыгы көбөйгөндөн көбөйүп жатат, ал эми орто топ менен жакырлардын турмушу барган сайын аябай оорлоп баратат.

Адистин айтуусунда, Кыргызстанда орто топту сактап калуу үчүн айыл чарбасын, өндүрүштү ишке киргизип, калкка туруктуу жумуш орундарын түзүү зарыл. Ал эми кризистин эпкини соода-сатык менен алектенгендерге оор тийип, соодагерлер тапкан-ташынганын тез эле жоготуп жатканы белгилүү.

“Азаттыктын” интернет баракчасындагы Кыргызстанда орто тап ким? деген шеринесине окурмандардан түрдүү ой-пикирлер келип түшүүдө. Маселен, өзүн Боха деп каттаган окурман мындай дейт:

- Орто тап 10% болсо керек, буларга жан-талашып күнү-түнү иштеген коммерсанттар менен жеке ишкерлер кирет. 10% өтө байлар, буларга бийликке аралашып сырттан 2 млрд. карыз акчадан энчи алгандар жана кыргыз жетимиш жыл топтогон мүлктү ит бекер менчиктештиргендер кирет . Калган 70% жер там болсо да үйүм бар, эски болсо да машинем бар дегендер. 10% эптеп-септеп күн өткөргөндөр.

Президент Бакиев өз учурунда орто топ канчалык чоң болсо, ошончолук мамлекетте туруктуулук жана тартиптүүлүк орноорун, өнүккөн коомдордо орто катмар 60-80% түзөөрүн белгилеген. Ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргызстандагы калктын орто катмарын 40-50% жеткирүү тилегин билдирген.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG