Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

АКШ бийлиги чочко тумоосуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады


АКШда кыска аралыктын ичинде чочко тумоосу менен жыйырма адам катталган. Буга байланыштуу бийликтер чочко тумоосу жайылган өлкөлөрдөн келаткан жарандарды дыкат текшерүүгө алышууда. АКШнын Коопсуздук катчысынын айтымында, федералдык бийликтер коркунучтуу вирустун жайылышын токтотуу үчүн бар күчүн жумшашмакчы. Мексикада башталган тумоонун бул түрү учурда дүйнө боюнча таралууда. Жаңы Зеландияда Мексикадан келаткан 25 студент менен алардын мугалимдерин вируска каршы текшеришти. Канадада чочко тумоосунун 4 очогу катталганы айтылды. Францияда Мексикадан саякаттан кайтып келаткан эки туристтен чочко тумоосу табылганы айтылууда. Испания алты адам катталганы тууралуу маалымат таратты. Мексика бийликтери болсо, чочко тумоосунан кыска аралыкта 86 адам өлгөнүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG