Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Кыргыз жылкыларын сактоого дилгир француздар


"Кыргыз аты" мекемесинин жетекчиси француз Жаклин Рипар айымдын демилгеси менен төрт жылдан бери кыргыз ат чабыш фестивалы уюштурулуп жүрөт.

Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылында кыргыз тукумундагы аттарды сыноочу “Ат чабыш - 2009” фестивалы 31-октябрь ишембиде башталып, 1-ноябрь жекшембиде финалдык жарыштар өткөрүлөт.

«Кыргыз аты» мекемесинин жетекчиси француз Жаклин Рипар айымдын айтымында фестивалдын башкы максаты кыргыз жылкысынын тукумун, ошондой эле элдик маданияты сактап калуу жана жандандыруу.

- «Ат чабыш» фестивалында тоо белдерине ылайыкташтырылган ат чабышта жылкылардын ылдамдыгы эмес, чыдамдуулугу эсепке алынат. Ошондуктан мал доктурлардын жардамы менен жарышка таза кыргыз тукумундагы аттар гана марага кошулуп, алар 35 км аралыкка чабылат.

Кыргызстандагы Франция элчилигинин өкүлү Жан Пьер Годар фестивалда өзү барып, демилгелерин колдоого алаарын, Францияда Кыргызстандын жаратылышына жана кыргыз жылкысына кызыккандардын катары өсүп бараткандыгын “Азатттыкка” билдирди.

-Барскоондогу ат чабыш фестивалына өзүм барам. Бул иш-чаранын келечеги кең. Фестиваль Кыргызстандын гана аймагында өткөрүлбөстөн эл аралык деңгээлге чыкты. Жаклин Рипар айымдын демилгеси менен быйыл жайында Тажикстандагы Мургаб айылында жана Памирде кыргыз атына арналган фестивалдар өткөрүлдү. Францияда дагы бул демилгени колдоого алган ишкерлер чыга баштады.

Уюштуруучулардын айтымында Барскоондогу быйылкы ат чабыш фестивалына Мургабдан дагы алты өкүл келатат.

Адистердин баамында чыныгы асыл тукум кыргыз аттарын табуу кыйынчылыктарды жаратууда. Кеңеш доорунда алардын көбү аргындашып калган. Бирок учурда өлкө аймагындагы кээ бир чабандар, айрым үй-бүлөлөр бул аттын түрүн аз да болсо сактап калышкан.

Чынында эле байыркы кыргыздардын аттары тоо-ташка абдан ыңгайлуу, чапчаң жана чаалыкпас болгон.

Учурда кыргызстандыктар аттарды бир нече багытта багып келет. Бири эт багытында болсо, бирин бээ сүтү, кымыз даярдоо үчүн багат. Көпчүлүгү минип, унаа катары пайдалануу максатында багып жүрүшөт. Калк арасында чоң зоот аттар кымбат турат, сатса көп акча болот, деген түшүнүк бар.

Чет элдик адистердин баамында атты минип, унаа катары да багуу керек. Себеби бул экономикада экотуризм менен байланышкан киреше табуунун булагы болмок.

“Ат –адамдын канаты” дешип, илгертен жылкы баласы кыргыздын жүрөгүндө жана канында жашайт.
Ошондуктан Барскоон айыл өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары Кенжегул Сыдыковдун айтымында кыргыз атына арналган фестиваль атчандар парады менен башталып, ат оюндары менен улантылып, ат чабыш менен жыйынтыкталат.

-Фестивалдын алкагында ат оюндары; тыйын эңмей, оодарыш, кыз куумай, көк бөрү мелдештеринен сырткары фольклордук концерттер, төкмө акындар айтыштары, манасчылык өнөр сынактары да болот. Мындай иш-чаралар туристтер үчүн да абдан жакшы. Фестиваль Кыргызстанды көбүрөөк таанытууга, кыргыз атын билүүгө жардам берет.

Ал эми алдын ала мурда болжолдолгон Жалал-Абад облусунун Токтогул аймагында өтө турган фестиваль эмдиги жылы октябрда өтөөрүн “Кыргыз аты” мекемесинин жетекчилиги билдирди.

Франциялык Жаклин Рипар айым жаш кезинде эле Борбор Азиядагы ат баккан көчмөндөр, кыргыз жылкысы тууралуу уккан. Ал Монголия баштаган көп өлкөлөрдө болуп, акыры 19 кылымда өтө белгилүү кыргыз жылкысы тууралуу, анын кайталангыс сапаттары, касиеттери жөнүндө маалымат алган.

Ат спортунун ардагери Жаклин Рипар айым төрт жыл бою Кыргызстандын тоолордо кээде жөө, кээде атчан кыдырып, кыргыз аттарын издеп, изилдеп далай чабандарга барган. Акыры ал кыргыз аттарын жандандыруу демилгеси менен “Кыргыз аты” деген мекемесин түзүп, иш баштаганына, ат чабыш фестивалдарын өткөрүп жүргөнүнө төрт жыл болду.
XS
SM
MD
LG