Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Ванкувер: Канада баарынан алдыга кетти


Алтын медаль уткан канадалык спортчулар
Алтын медаль уткан канадалык спортчулар

Ванкувердеги кышкы олимпиада оюндары аяктоону алдына турат. Соңку жыйынтыктар боюнча канадалыктар алтын медалдын саны боюнча биринчи орунга көтөрүлдү.

Олимпиаданын акыркы күнү оюн ээси канадалыктар үч алтын медаль айырма менен америкалык жана германиялык спортчулардан алдыга чыкты. Учурда канадалыктар 13 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалдын ээлери болушту. Экинчи орундагы Германия 10 алтын, 12 күмүш жана 7 коло медалга ээ. Мурда алдыңкы орунда келатып, учурда үчүнчү катарга жылган АКШнын да 9 алтын, 14 күмүш жана 13 коло байгеси бар.

Азия аймагынан Түштүк Корея, Кытай, Жапон, Казакстан өлкөлөрү гана таанылып, байгелүү орундарды камсыз кылып турушат. Мисалы, Түштүк Кореянын спортчулары 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медалы менен бешинчи орунда. Кытайлыктар 5 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгелүү болуп, жетинчи орунда турат. Орусиянын спортчулары учурда 3 алтын, 5 күмүш жана 7 коло медалы менен он биринчи орунда турушат.

Лыжанын фристайль түрүнөн бийиктиктен секирип, абада калкып, акробатикалык көнүгүүлөрдү жасоо ыкмасы боюнча эр-азаматтардын мелдештери жыйынтыкталды. Мында белорусиялык Алексей Гришин акробатикалык көнүгүүлөрдү өтө так, туура аткарып, калыстардын жогору баасына арзып, олимпиада чемпиону аталды.

Ванкувер олимпиадасында эр-азаматтар ар бир командада төрттөн болуп, алардын ар бири жети жарым чакырым аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атып, биатлондон эстафеталык мөрөй талашууга катышты.

Натыйжада биатлондун эстафеталык таймашуусунда Норвегия өлкөсүнүн жигиттери Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, марага озуп келишти. Австриялыктар экинчи жана Орусиянын командасы үчүнчү орундарды ээледи.

Кыз-келиндер арасында миң мертге конькиден шорт-трек жарыштары соңуна чыкты. Мында кытайлык Ван Мэн биринчи орунду камсыз кылып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталып, алтын байгелүү болду. Америкалык Кэтрин Ройттер менен түштүк кореялык Сен Хи Пак күмүш жана коло байгелүү болуп, мыкты даярдыгын көрсөтүштү.

Эр-азаматтар да 5000 метрге коньки менен шорт-трек жарыштарында командалык эстафеталык мелдешке чыкты. Улам мыктылары ирелип олтуруп, канадалык жигиттер жеңүүчү деп таанылды. Түштүк кореялыктар-экинчи, америкалыктар үчүнчү орундарды ээледи.

Төрт кишилик бобслейдин жигиттер жарышында биринчи орунду америкалыктар утуп алышты. Экинчи орунду германиялык жигиттер ээлесе, үчүнчү болгон канадалыктар күйөрмандарын сүйүнттү.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымына караганда кыргызстандык Дмитрий Трелевский 27-февралда тоо лыжасынын слалом мелдешине катышып, биринчи сыноодо эле марага жетпей мелдештен четтеп калды.

Кыз-келиндердин 30 чакырым лыжа жарыштарына белгисиз себептерге байланыштуу кыргызстандык Ольга Решеткова катышкан жок.

Спорттук баяндамачы Сурат Жылкычиевдин пикиринде эмдиги жылы Алматыда өтө турган кышкы Азия оюндарына азыртан даярдык көрүү зарыл. Кыргызстанда кышкы спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.

-Орусия, Казакстанда убактылуу иштеп жана жашап жатышкан кыргызстандыктар уул-кыздарын кышкы спорт ийримдерине катыштырса, натыйжасы жакшы болмок, -дейт Сурат Жылкычиев.

Эр-азаматтар арасында хоккей мелдештеринде коло байгеге талапкер финдер менен словакиялыктар таймашып, 5:3 эсеби менен финляндиялыктар үчүнчү орунду утуп алышты. 28-февралда баш байге үчүн оюн ээси канадалыктар менен америкалык жигиттер күч сынашат.

Бишкектик эң жаш спорт күйөрманы Кутман дагы Ванкувер олимпиадасы жакшы өткөнүн айтып, келечекте муз үстүндөгү бий менен машыксам деген тилегин билдирди.

28-феваралда Ванкувер кышкы олимпиадасында лыжа менен эр-азаматтар 50 чакырым аралыкка жарышып, хоккейден да финалдык таймаштарына күйөрмандар күбө болушат.

Ванкувер кышкы олимпиадасынын жабылыш аземи болуп, кийинки эстафетаны Сочи шаарына ыйгаруу салтанаты болмокчу.

Ванкувердеги кышкы олимпиаданын уюштуруу иш чараларын Сочи-2014 кышкы олимпиадасынын мүчөлөрү байкап, аралашып, иш-тажрыйбаларына күбө болушту. Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов бүгүн Ванкуверде олимпиадалык эстафетаны салтанаттуу кырдаалда кабыл алмакчы.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG