Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Атактуу спортчулар жана армандуу тагдырлар


Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте чак түштө атып кетишкен. 2005-жыл, 10-июнь
Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте чак түштө атып кетишкен. 2005-жыл, 10-июнь

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин буюртма менен Жогорку Кеңештин беш депутаты атылып, бир нече белгилүү спортчу мерт болгон.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде бийлик, байлык үчүн тирешүүлөрдө айрым мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер спортчуларды пайдаланып, акырында спортчулар ок жеп, мерт болгон учурлар арбын.

- Айрым спортчулар чоң спорттон кеткенден кийин мамлекет тарабынан камкордук болбой, кароосуз, ишсиз калгандыктан айрымдары ири ишкерлерге же криминалдык авторитеттерге аргасыз жалданып иштеп, айдаган жагына барып, ур дегенин уруп, өздөрүнө душман күтүп алышкан жагдайлар болгон.

Маселен, 2005- жылдын 24- мартында болгон ыңкылаптан кийинки эле фактыларга токтолсок, жарым ай өтпөй 10-апрелде кечинде дүйнөгө таанымал каскадер-спортчу Үсөн Кудайбергеновду Орто-Сайдагы үйүнөн атып кетишкен.

Панкратион федерациясынын жетекчиси, каскадер Эдил Молдалиевдин айтымында 500дөн ашуун киного тартылган даңазалуу каскадер Үсөн Кудайбергеновду буйуртма менен аткандар табылмак түгүл, маркумдун эмгеги өкмөт тарабынан эч бааланган эмес:

-Үсөн Кудайбергенов устатыбыз учурунда 500дөн ашык кинотасмага тартылган. Ал Кыргызстанда каскадерлордун мектебин негиздеген. Анын эмгеги өкмөт тарабынан бааланган эмес. Ыңкылап учурунда мамлекеттик мекемелерди, резиденцияны, бир нече ири банктарды элдик кошуун түзүп сактап калган эле. Эл аны Эр Үсөн, Үсөн баатыр деп атаган.

Үсөн Кудайбергенов ат менен 30 метр бийик аскадан сууга секирип Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине кирген жалгыз кыргыз. Ал 24-марттагы ыңкылаптан кийинки талап-тоноо учурунда элдик кошуун түзүп, мамлекеттик мекеме, банктарды сактап калууга салым кошкон.

2005- жылы 10-июнда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү спорт ишмери Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, дзю-до күрөшү боюнча спорт чебери Жыргалбек Сурабалдиев 1998- жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги авто тетиктерди жана авто машиналарды сатуучу "Кудайберген" жана "Азамат" базарларынын ээси болгон.

24- марттагы ыңкылап учурунда Жыргалбек Сурабалдиев жана башкалардын ак шапкечен жигиттери элге каршы турган деген пикирлер да айтылып жүрөт.

Бирок Жыргалбек Сурабалдиев учурунда "ак шапкечен" жигиттер менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, "Азаттык" үналгысына да интервью берип, бардык маалымат каражаттары аркылуу кайчы пикирди төгүндөгөн.

Ошол күндөрү маркум Жыргалбектин кызы Эльвира Сурабалдиева атасынын өлүмүн бийлик тарабынан жасалган саясий заказ деп баалаган жана депутаттын өлүмүнүн кылмыштуулук менен байланышы жок деп эсептээрин расмий билдирген.

2005- жылдын 21-сентябрда, саат түнкү ондун тегерегинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү спорт ишмери Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, дзю-до жана кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери Баяман Эркинбаев Алыш күрөшү боюнча Азия федерациясынын жетекчиси катары бул спортту дүйнөлүк аренада таанытууга аракет кылып жүргөн.

Учурунда Ош шаарында Баяман Эркинбаев өз каражатына 26 миллион сомго эл аралык талаптарга ылайык "Палван сарай" комплексин куруп берген.

Баяман Эркинбаев Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан жигиттерди тарбиялап, демөөрчүлүк кылганын спорт адистери айтып жүрүшөт.

Баяман тууралуу ар кандай сын пикирлер айтылып, Кара-Cуу базарынын мурдакы директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө себепкерлердин бири дешкендер да учурунда болгон. Бирок анын чын-бышыгы алигиче аныкталган эмес.

Солдон биринчи Раатбек Санатбаев
2006- жылы 8-январда Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди Бишкектин 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.

Ошол учурда спорт коомчулугу Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан.

Санжарбек Кадыралиев
2009-жылдын 14-апрелинде ЖК эки чакырылыштагы депутаты, 33 жаштагы Санжар Кадыралиевди Бишкектеги Бөкөнбаев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз бирөө тапанча менен башына атып кеткен. Депутат ошол жерде каза болгон.

Ал парламентке 2007-жылкы кезексиз шайлоодо “Ак жол” саясий партиясынын тизмеси менен келген. 2006-жылы Кадыралиев өкмөттүк ишке өткөн Адахан Мадумаровдун ордуна бир мандаттуу Куршаб шайлоо округунан шайлоого катышып, мурдагы парламентке депутат болгон. Депутаттык мандатты ал атаандашы Мамат Орозбаев менен узак мөөнөттүү чыр-чатактардан кийин алган.

Санжар Кадыралиев саясатка келгенге чейин спорттун дзюд-до жана эрежесиз кармаш түрлөрү боюнча спортчу катары таанылган.

Санжар Кадыралиев Кыргыз Республикасынын «Панкратион» федерациясынын вице-президентинин милдетин аркалаган. Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болгон.

Руслан Шаботоев
2008-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевди түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тышка чакырып кетип, ошол боюнча депутат дайынсыз жоголгон.

2009-жылдын 1-октябрда бир жылдан кийин гана Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылынын аймагында Руслан Шаботоевдин сөөгү табылган. Табылган сөөк кимге караштуу экени бир айдан кийин ДНК-анализи белгилүү болгондо гана ачыкталган.

Учурунда Руслан дагы спорт менен машыгып, самбо күрөшү боюнча спорт чебери катары таанылган. Спортчуларга дагы демөөрчү болуп, аларды колдоого алып турган.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясынын улуттук спорт кафедрасынын башчсы Касымкул Оболбековдун пикиринде ыңкылаптан кийин бийлик, бизнес чөйрөлөрүн бөлүштүрүүнүн айынан Раатбек Санатбаев сыяктуу жигиттер да курман болушкан.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун пикиринде, киши өлтүрүү кылмыштарына атайын кызматтардын катышы болгон үчүн бети ачылбай жатат деп эсептейт:

-Айрыкча Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнүн сыры эмдигиче ачыла элек. Мындай кылмыштарга атайын кызматтардын катыштыгы бар болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай кылмыштардын бети ачылбай жатат.

Таластык спорт ардагери Асан Орозумбетовдун айтымында Баяман, Раатбек, Рысбек сыяктуу жигиттерди кимдир бирөөлөр өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, кийин көзүн тазалап салышкан.

-Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт?

Спорт чөйрөсүндө кадыр-барктуу дзю-до күрөшүнүн эл аралык чебери Кабылбек Карымшаков дагы ыңкылаптан кийин киши колдуу болуп, буюртма менен өлтүрүлгөн.

Рысбек Акматбаев Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы акция өткөрүүдө. 31-март 2006-жыл.
Карапайым калк арасында, өзгөчө көл кылаасындагылардын айрымдары "Робин Гудду" катары санашкан бокс спорт чебери Рысбек Акматбаевдин өлүмү да ыңкылаптан кийинки саясый айлампада табышмактуу бойдон калды.

Ыңкылапка чейин дагы бир нече спортчу буюртма менен өлтүрүлгөн. Алардын айрымдары кылмыш чөйрөсүнүн талаш-тартышуусунун курмандыгы болушкан деген карама-каршылыктуу пикирлер айтылып жүрөт.

Алардын катарында кикбоксинг боюнча дүйнө, Азия чемпиоу Али Просуков, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Телпизов, Нуркул Асылбеков, Нусупов, Жумагулов, Алишер Рахимов, Марат Кутуев, Рашид Алканов, Владимир Визильтер жана башкалар бар.

Учурунда Алматыда ушундай буюртма менен өлтүрүү аракетинен бокс боюнча дүйнө чемпиону Андрей Курнявка менен Жогорку Кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров аман калышканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахматулла Ахмедов акыркы жылдары өлкөдө буюртма жол менен өлтүрүлгөн фактылар арбын экенин айтып, бул кылмыштардын бетин ачуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.
XS
SM
MD
LG