Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Олимпиадалык чемпиондорду президент куттуктады


9-августта президент Роза Отунбаева кыргыздын жаш спортчуларын Сингапурга жаштардын олимпиада оюндарына ак жол каалап узаткан.
9-августта президент Роза Отунбаева кыргыздын жаш спортчуларын Сингапурга жаштардын олимпиада оюндарына ак жол каалап узаткан.

Сингапурдагы Биринчи жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн жеңишке жеткен эки балбанды президент Роза Отунбаева куттуктады.

Сингапурда өтүп жаткан жаштар олимпиадасында Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргоп жатышат.

Урматбек Аматов
15-августта грек-рим күрөшүнөн жаштар олимпиадасында уландар арасында Азия чемпиону Урмат Аматов финалда украиналык Александр Литвиновду утуп алуу менен олимпиада чемпиону аталып, алтын медаль тагынган эле.

Шадыбек Сулайманов
Экинчи балбан жалалабаттык Шадыбек Сулайманов кубалык Бангуэль Родригес менен үчүнчү орун үчүн күч сынашып, коло байге утуп алган.

Өлкө президенти Роза Отунбаева жеңишке жетишип, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эки балбанды расмий куттуктап, атайын телефонограмма жиберди.

Сингапурда жүргөн өлкөнүн спорт жетекчилери Алмазбек Касенов, Мурат Саралинов жана Бейшен Абилдаев олимпиадалык айылга барып, президенттин атынан балбандарды расмий куттуктап, аларга дагы ийгиликтерди каалашты.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев кыргыз балбандары 1 алтын, 1 коло байге утуп алганына эл аралык адистер жогору баа берип жатышканын жана Сингапурдун президенти Селлапан Раманатан мырза кабыл алып, куттуктаганын “Азаттыкка” билдирди:

-Кыргызстандан эки балбан жаштар олимпиадасына катышып, эки бирдей финалга чыгып, бири-алтын, экинчиси-коло медаль утуп алышканына Эл аралык күрөш федерация жетекчилери жогору баа берип, атайын келип куттуктап кетишти. Эл аралык олимпиада комитетинин адистери дагы жаш балбандардын ийгилигин жогору баалашты. Кечээ Сингапурдун президенти бизди, мени жана мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчиси Алмазбек Касенов экөөбүздү расмий кабыл алып, өлкөдөгү учурдагы ал-абалды, кырдаалды сурады. Биз баары жакшы жолго түшүп баратканын, ынтымак, достук кайра калыбына келип жатканын айтып бердик. Башка спортчуларыбыз дагы эки балбандан үлгү алышып, Кыргызстанды дагы таанытса дейбиз.


Сингапурдагы жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 50 кг салмакта коло медаль утуп алган жалалабаттык Шадыбек Сулаймановдун устаты Өмүралы Жакыпов да кубанычын жашырбай, шакирти түйшүк менен байгелүү орунга жеткенин “Азаттыкка” билдирди:

- Түштүк жергесиндеги кайгылуу окуялардан кийин Шадыбек экөөбүздүн машыгууларыбыз, Сингапурга даярдыктарыбыз кыйынга турду. Спорт залдар жабылып, талкаланган эле. Ошондуктан бир айда Бишкекке 2-3 жолу келип, машыгуу өткөрүп турдук. Сингапурда шакиртим Шадыбек Сулайманов жеңген коло медаль биз үчүн алтын байгеге тете. Абдан көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Ошол мээнетибиз акталды. Алдыда дагы далай зор максаттар, бийиктиктер турат.

Ошентип кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган сегиз жаш олимпиадачыдан экөө таймашууларын жеңиш менен жыйынтыктады.

Эки суучул Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко 20-августтан баштап мыктыларды иреп алуу мелдештерине катышмакчы.

Калган төрт спортчунун мөрөй талашуулары 21-августта болмокчу. Алардын ысымдарын атай кетели: боксчу Исломжан Далибаев , спорттук азыркы беш түрү боюнча Ильяз Бактыбеков, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкта сүзүү боюнча таймашка Руслан Молтаев.

Сингапурдагы жаштар олимпиадасынын оюндары 26-августка чейин созулат.

Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча Кытай, Орусия, Азербайжан өлкөлөрү алдыңкы катарда баратышат.

Эки жүзгө жакын өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 миң 600 жаш олимпиадачылары спорттун 29 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча мөрөй талашып, күч сынашып жатат.
XS
SM
MD
LG