Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

АКШ Кыргызстанда баскетболду өнүктүрөт


Кыргызстанда баскетболдун деңгээлин көтөрүү үчүн ноябрда америкалык адистер Ошко келип, окуу-машыгууларды өткөрүп, чеберлер классын ачкан жатышат.

Кыргызстандык жаш шахматчылар дүйнө чемпионатында

Кыргызстандык жаш шахматчылар шахмат боюнча дүйнө чемпионатына катышууда. Өлкөнүн шахмат-дойбу ассоциациясынын президентинин милдетин аткаруучу Дамил Токтогоновдун айтымында, шахмат боюнча дүйнө чемпионаты Грекиядагы Халкидики курортунда 20-октябрда башталды.

Өлкөнүн шахмат федерациясынын жооптуу кызматкери Таалай Иманалиевдин жетектөөсүндө 12 жаштагы Айдар Кененбаев, Тагир Таалайбеков, Адилет Үсөнов жана Эсенбек уулу Бакай дүйнө чемпионатына катышып, мөрөй талашууну баштады. Ошондой эле 16 жашка чейинки кыргызстандык Алымбай кызы Айжан, Каныбек Иманалиев жана башкалар да Грекияга барып, өлкө намысын коргоп жатышат. Дүйнөлүк акыл таймашуусу 30-октябрда жыйнтыкталат.

Теннис таймашуулары башталды

20-октябрда Бишкекте теннис боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды. Чоң теннис боюнча чемпионат 25-октябрга чейин Теннис академиясында өтүп, мыктылар иргелет. Мөрөй талашууга өлкөнүн күчтүү теннисчилери катышууда.

Мыктылар аныкталды

Үстөл тенниси боюнча ардагерлер арасында өлкө чемпиондук наамын бишкектик Светлана Никитенко жеңип алды. Кыз-келиндер арасындагы үстөл теннис таймашуусунда ысыккөлдүк Елена Старожинская баш байгенин ээси болду.

Жуп болуп мөрөй талашууда токмоктук Закир Ташмухамедов менен Токтобек Жолдошев өлкө чемпиону аталды.
Ардагерлердин атаандашуусунда Орусияда жашаган Нурдин Сапарбаев Кыргызстандын чемпиону аталып, жеңиш менен кайтты.

Мергендер, чемпиондукту жеңгендер

Бишкекте мергендер да өлкө чемпиондугу үчүн мөрөй талашты. Натыйжада Руслан Исмаилов Кыргызстандын абсолюттук чемпиону наамын экинчи ирет жеңип алды.

Тапанчадан таамай атууда Панфилов районунун мергени Бактыгүл Махмадовага теңдеш чыкпады. Кыз-келиндердин мылтык атуу мелдешинде бишкектик Сабина Исмаилова өлкө чемпиону аталды. Панфиловдук Айгерим Алиева күмүш медаль тагынды. Эркектердин тапанчадан атуу мелдешинде бишкектик Иван Жуматин-биринчи, панфиловдук Нурбек Сарыгулов-экинчи орундарды камсыз кылышты.

Канттагы спорт комплекси

Кант шаарында спорт комплексинин ачылуу аземи болду. Бул спорт комплексте өлкөнүн спортчулар окуу-машыгуу чогулууларын өткөрө алышат. Спорт комплексте футболдук талаа, бассейн, чуркоо жолу, мейманкана, тамактануучу жай жана калыбына келтирүүчү имараттар курулду.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт агентигинин спорт жайлары, камсыздоо башкармасынын жетекчиси Кадыр Эргешовдун айтымында спорт комплексти оңдоо жана курууга 3 миллион сом өлчөмүндөгү каражат сарпталды.

Кыргыз баскетболун америкалыктар да колдойт

Кыргызстанда баскетбол спортун өнүктүрүүгө АКШнын адистери кызыкдар болуу менен биргелешкен долбоорлорду колдоого алышууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Кимберли Мак Дональд “Азаттыкка” билдирди.

-Былтыр кыргызстандык 8 баскетболчу АКШда машыгууларды өткөрүп, тажрыйба топтоп келишти. Быйыл Түштүк жергесинде баскетболду өнүктүрүү долбоорун колдоого алганы турабыз. Кыргызстанда баскетболдун деңгээлин көтөрүү үчүн ноябрда америкалык адистер дагы келип, Ошто окуу-машыгууларды өткөрүп, чеберлер классын ачышат. Бул иш-чаралар элдердин ынтымагына, достугуна салым кошуу максатын көздөйт.
XS
SM
MD
LG