Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстанда кышкы спортко жан кире баштады


2008-жылы Бишкекте биринчи жолу муз стадиону курулуп ишке киргизилди.

2008-жылы Бишкекте биринчи жолу муз стадиону курулуп ишке киргизилди.

Кыргызстандын жаратылышы, ак кар көк музу кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ынгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы , Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет.

1936- жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткүрүлгөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. 1961- жылы Түндүк майрамына катышкан кыргызстандык Александр Попов 70 км. аралыкка лыжа жарышында байгелүү орунга жетип, «СССР спортунун чебери» деген наамга биринчи болуп арзыган.

Кыргызстандыктар кеңеш доорундагы ири мелдештерге, кышкы спартакиадаларга катышкан. Мурда Нарындын Аламышык, Кызылбел тоолорунда, Караколдо лыжа жарыштары боюнча өлкөнүн чемпионаттары өткөрүлүп турчу.

Нарындык Айымкан Стамакунова, Жылдыз Мундузбаева, Абдылда Калдыбаев, маркум Төлөн Насырбеков жана башкалар бир нече ирет өлкөнүн чемпиону аталган.

Балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Учурда Жумгалда топ менен ойнолчу хоккей боюнча мелдеш өткөрүлүп келет. Өлкөнүн хоккей федерациясынын жетекчиси Мурат Жакыповдун айтымында хоккей оюнун өнүктүрүүгө болгон демилге мамлекеттик деңгээлде колдоого алынбай келатат.

Эгемендүү болгондон бери лыжа спортунун дэңгээли төмөндөп кеткен. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болду. Учурда Кыргызстан боюнча беш гана машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштеп иштеген аты болуп жүрөт.

Азыркы жакшы лыжанын наркы- бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт. «Нооруз», «Оруусайдагы» лыжа тебүү базалары Президенттин алдындагы иш-башкаруу чарба башкармачылыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Бул лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды.

Лыжаны 1 күнгө арендага алсаңыз, 400-500 сом төлөшүңүз керек. Сноуборддун арендалык наркы- 500 сомго барабар. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 250-300 сом төлөөгө туура келет. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир саат үйрөтсө, анда ага 300-400 сом төлөп бересиз. Ошентип, мыкты, жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту көңүлдөн чыгып калууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, өлкөнүн көк-бөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековдун пикиринде кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы:

-Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кеткен. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү Кой-Таштагы, Нооруз лыжа базаларында эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Бул спортту өнүктүрүү учур талабы. Себеби дүйнөдө кышкы спортко кызыгуу абдан жогорулап баратат. Бизде биатлон, лыжа, хоккей, тоо лыжасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт бар. Бул демилгени жеке ишкерлер, бизнесмендер дагы колдоого алса, кышкы спорттун жанданышына өз салымдарын кошсо деген аруу тилек бар.

Чынында Кыргызстандын жаратылышы, ак кар көк музу – кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ынгайлуу. Айрыкча, Нарын облусундагы узак кыш мезгили, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы , Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет.

Кыш мезгилинде гана эмес жаз, жай айларында ак кар көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө, бул спортту өнүктүрүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын премьер-министри Владимир Путин да байкап, биргелешип тоо лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге 4-5 жылдан бери Кыргызстандын спорт жетекчилери тарабынан колдоого алынбай келүүдө.

Ошондой эле кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай. «Кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, каражатты көп талап кылат», - деп демилгени четке каккан жетекчилер да болууда.

Азыркы учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы болуп калууда. Себеби кышкы Азия оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дүйнөлүк таасири артып баратат.

Кыргызстандын атынан Орусиялык же казакстандык легионер спортчулар Лиллехамер, Нагана, Солт-Лейк-Сити, Турин шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин,Кангвон, Аомори шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышып келишкен.

Болгону 2006- жылы Туринде өткөн кышкы олимипадалык оюндарга гана Кыргызстандан жалгыз Иван Борисов алгач ирет катышып, тоо лыжасынын слолом түрүнөн өнүккөн мамлекеттердин бучкагына теңелбей калды.

Ушул Турин олимпиадасында Өзбекстандын намысын коргоп барган жалгыз спортчусу кыргыз жигити Кайрат Эрматов тоо лыжасынын гигант слолом татаал түрүнөн мөрөй талашууга катышкан.

Мурдагы жылы Кытайдын Чанчунг шаарында болгон 6- кышкы Азия оюндарына кыргызстандык жигиттер барып, аз да болсо тажрыйба топтоп келишти.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов кышкы спортту өнуктурүү учур талабы экенин түшүнүп, эл аралык кышкы спорт федерацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Себеби, 2011- жылы 7- кышкы Азия оюндары коңшулаш Алматы шаарында өткөрүлмөк болуп, эстафетаны колго алып, кызуу даярдык көрүп жатышат.

Азия аймагында да кышкы спортту өнүктүрүүгө убакыт келип жетип, бул континентеги бай өлкөлөрдүн спортчулары Европанын лыжа спорт базаларында машыгып жүрүшөт. Алар жолу алыс болгонуна карабай, ири өлчөмдөгү каражатты аренда үчүн төлөшөт.

Коңшулаш Казакстан кышкы Азия оюндарында Кытай, Япония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө белсенип киришти. Мурдакы «Медео» муз аренасын калыбына келтирип, дагы жаңы лыжа базаларын куруп жатышат. Хоккей боюнча алардын кыз- келиндер командасы Солт- Лейк- Сити, Турин кышкы олимпиадасында орустар, америкалыктар, канадалыктар менен теңата ойногон.

Ошондой эле Кытайдын Чангчунг шаарындагы 6-кышкы Азия оюндарында казакстандыктар биатлон, лыжа жарыштарында жана хоккейден баары биригип, алты алтын медалдын ээси болушуп, мыкты даярдыгын айгинелеп койду.

Мына ушул жагдайларды эске алып, Бишкектин айланасындагы « Оруусай», «Чуңкурчак», «Чоңташ» жана «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, бул спорт тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлүүсү зарыл. 2009- жылы өткөрүлүүгө белгиленген беш жүздөн ашык мелдеш, иш-чаралардын ичинен кышкы спорттон беш гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG