Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Өтүп бараткан аптада жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы чыгып, шайлоочулардын токсон пайыздан ашууну баш мыйзам долбоорун жана Роза Отунбаеваны колдоп беришти. Ошентип өлкө тарыхында бурулуш жол башталып, Кыргызстан Борбор Азия гана эмес КМШ өлкөлөрү арасында да парламенттик багытка ык койгон биринчи мамлекет болду.

27-июнда өткөн жалпы элдик референдумга эки маселе бир эле пакет менен коюлган. Конституциялык кеңешменин төрагасы, Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев бул боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, бул эки маселе бири-бирисиз такыр пайдасыз жана аларды референдумга бир эле суроо менен чыгаруу зарыл экендигин айткан.

Ошентип референдумга баш мыйзамдын долбоору менен бирге Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага президенттик ыйгарым укуктарды берүү маселеси коюлду. Референдумду көпчүлүк шайлоочулар колодоп, “Роза Отунбаева Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу президенти, баш мыйзамдын гаранты катары өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуп, октябрда өтө турган парламенттик шайлоолордун калыс өтүүсүнө кепил болушу керек”,- деген план ишке ашты.

Жалпы элдик референдумда 1 777 339 жаран же шайлоочулардын 90,55 пайызы макул деп добуш берсе, 158 373 жаран же шайлоочулардын 8,07 пайызы каршы добуш беришти. Референдумга жалпы шайлоочулардын 69,48 пайызы катышты.

Эми бийлик легитимдешүү процессине өтүп, партиялар жапырт күздө өтчү парламенттик шайлоолорго камына башташты.

Борбор Азиядагы биринчи аял президент жана парламенттик өлкө кимдерди чочулатууда?

Бүгүн (3-июлда) Роза Отунбаева президенттик кызматка киришүү алдындагы антын берет. Мурдагы президенттердин ант берүү аземдеринен айырмаланып, бул жолку иш-чара алда канча жупуну өткөрүлөрү пландалды. Р.Отунбаева эл шайлаган президент катары кызматына ырасмий кирише электе, Борбордук шайлоо комиссиясы ырасмий жыйынтыктарды жарыялай электе эле айрым өлкө башчылары өз куттуктоолорун жолдогонго үлгүрүшкөн.

Ошентсе да Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы иштеп кетеринен күмөн санагандар жок эмес. Андай ойлор Кыргызстандын ичинде да, тышында да айтылууда. Бир катар серепчилер Кыргызстандын парламенттик өлкө болушу, анык демократиялык жолго түшүүсү Орусия баштаган авторитардык башкаруудагы кошуналарга жакпай турганын, алар бул процесстин КМШ мамлекеттерине жайылып кетүүсүнөн чочулап атышканын айтышууда.

Маселен, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Америкада туруп алып Кыргызстанда парламенттик система иштеп кетеринен күмөн санаарын билдирди:

- Мен Кыргызстанда парламенттик республиканын модели кандай иштеп кетерин элестете албай атам. Бул нерсе бүтпөгөн проблемаларга айланып, парламенттеги баш аламандыкка алып келбейби? Бийликке улам-улам тигил же бул күчтөрдүн келе беришине, бийлик улам бир колго көзөмөлсүз өтө беришине себеп болбойбу? Акырында бул нерсе бийликке эксремисттик багыттагы күчтөрдүн келишин шарттабайбы?

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев Орусия президентинин бул сөзү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Д.Медведев Кыргызстандагы кырдаалды билбей турганын, аны атайын кызматтын генералдары атайылап жаңылтып аткандай түр пайда болуп атканын билдирди. Ө.Текебаевдин айтымында, Орусиянын айрым генералдары мурдагы коррупциялашкан бийликтер менен коюн-колтук алышып жүргөн жана алардын бул чөлкөмдө жеке кызыкчылыктары бар. Ошондой эле ал буга чейин Д.Медведев Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө баш мыйзам долбоорун оңдогула деп кеңеш бергенин да баса белгиледи:

- Д.Медведевдин түшүнүгүндө, күчтүү бийлик бул президенттик гана бийлик болушу мүмкүн экен. Медведев өз сөзүндө, мен жашырбай эле айтып коёюн, Кыргызстандын айрым Убактылуу өкмөтүнүн жетекчилерине конституцияңардын долбоорун оңдосоңор жакшы болот эле деп айткан. Ушул айын ал Торонтодо да кайталады. Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгын угуп, жактырбагандай мамиле жасаптыр. Албетте бул кээ бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Бирок бул убактылуу. Ар бир эл өзүнүн тагдырын, кандай жашоо эрежелерин өзүлөрү аныктайт.

Белгилүү саясий серепчи, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, өнүккөн демократиялуу мамлекеттердин көбүндө парламенттик башкаруу иштейт. АКШ сыяктуу президенттик башкаруусу бар ири өлкөлөрдө деле парламент кези келгенде президентти тизгиндеп, керек болсо кызматтан алып койгонго чамасы жетет. Ошол себептүү супер президенттик башкаруулары бар КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттер Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдөн чочулашууда:

- Медведев эле эмес, КМШнын көп мамлекеттеринин президенттери бизде парламенттик система болбошу керек деп тилеп атышат. Бул алар үчүн жаман мисал болуп атат. Авторитардык системалар үчүн бул чакырык болуп атат. Аларга бул коркунуч болуп атат. Каалагандай башкаргандарга, олигархтар менен келишип алып, коррупциялык система менен башкаргандарга коркунуч, өзүнчө эле чекелерин чыккан чыйкандай болуп атат.

Музоо кезинде сүзүп коюу планы

7-апрелдеги кандуу калабадан соң бийликке келген Убактылуу өкмөт мындан ары бийликтин бир колго топтолушуна жол бербей тургандай башкаруу системасын түзүүгө убада беришкен. Бул жүктү мыйзам чыгаруу жаатында мол тажрыйба топтогон Өмүрбек Текебаев аркалап, Конституциялык кеңешмени жетектеди. Натыйжада, бийлик бутактарында тең салмактуулук сакталган парламенттик түзүлүшкө жол ачуучу баш мыйзам долбоору пайда болуп, эми ал күчүнө киргени турат.

Ошентсе да саясий серепчи О.Молдалиевдин баамында, 7-апрелден бери көптөгөн кандуу окуяларды баштан кечирип, толук легитимдүү боло албай алдастап турган Убактылуу өкмөт туш тараптан кысымдарга кабылды. Аларды музоо кезинде сүзүп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөн тышкы күчтөр да, ички күчтөр да жетиштүү. Талдоочунун айтымында, ошол тышкы күчтөр ички күчтөрдү пайдаланып, учурда жүрүп аткан реформаларга тоскоол болушууда:

- Айрым мамлекеттер Кыргызстанда партияларды түздүрүп, ошолорду каржылап атышат. Алардын баары эле көрүнүп турат. Анткени партияны түзүп, аны иштетүү, шайлоого алып баруу үчүн бир топ каражаттар керек. Биринчиден алар тоскоол кылышы керек. Экинчиден, ошол партиялар келечекте таасирдүү күч болуп калат деген үмүттөрү бар. Анан аларды кийин өз кызыкчылыктарында пайдаланыштары мүмкүн.


Ошентсе да жаңы эле пайда болгон “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда өлкөнүн өнүгүшүн, демократиялык мамлекет болушун шарттаган реформалар жүрүп атат дегенге такыр кошулбайт. Анын айтымында, референдум аркылуу өткөөл мезгилдин президентин шайлап алуу аракетин - учурда бийликте турган 2-3 партияга кам көрүү деп гана түшүнсө болот:

- Ушул референдумдан кийин гана бийлик мыйзамдашып калат деп айткандары, өтө акылга сыйбаган, биздин турмушка да туурал келбеген баш айлантма маселелер. Булардын ойлору, максаттары баш мыйзамда эмес. Алардын ойлору, алты айдан кийин алты саат да кармалбайбыз деп туруп, 2012-жылга чейин өткөөл мезгилдин президентин шайлоо. Ошол эжеке шайланып калган болсо, колтугундагы 3 партия кор болбойт деген эле маселе. Жандалбастыктын баары ошол себептен. Кеп баш мыйзамда эмес.

Дагы бир “Айкөл эл” аттуу жаңы партия түзө салган Эдил Байсалов болсо эми Убактылуу өкмөт толук кызматтан кетиши керектигин айтууда. Анын айтымында, Убактылуу өкмөттөгүлөр мыйзам чыгаруу ассамблеясы деген орган түзө коюп, бир буту бийликте калган абалда шайлоого баруу амалын жасашууда.

Саясий серепчи Марс Сариев да шектүү суроолор туулбасы үчүн Убактылуу өкмөт толук кызматтан кетсе туура болорун айтат:

- Булар, Убактылуу өкмөт бийликке жакын болсо, анда ресурстарды деле пайдаланганга мүмкүнчүлүк болуп калат. Булар, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мурда эле айтышкан, “биз кызматтан кетебиз, шайлоого барабыз” деп. Ошондуктан айткан сөздөрүн аткарышса жакшы болот эле.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү да, жетекчиси Р.Отунбаева да мыйзам чыгаруу ассамблея түзүү идеясын көтөрүшкөн болчу. Ага ылайык, ал ассамблеяга 7-апрелде бийликке келген партиялар кирери пландалган эле.

Ак карга


Канткен менен референдум аркылуу бирден-бир легитимдүү бийликке айланган өткөөл мезгилдин президенти парламенттик шайлоо калыс, адилет өтөрүн айтууда.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, ЕККУ, КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары, эл аралык уюмдар, өнүккөн коомдор таанып аткан референдумду жана анын негизинде президенттикке келип аткан Р.Отунбаева менен авторитардык коңшу өлкөлөр эсептешпей коё албайт. Ошентсе да авторитардык мамлекеттер арасында ак каргага айланган Кыргызстанга бут тосуулар болбой койбойт. Анын үстүнө бийликти көздөп турган күчтөр өлкө ичинде да жетиштүү:

- Сөз жок түрдө айрым саясатчылар, партиялар сындап айтып атышат референдумдун жыйынтыгын. Мисалы, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” сыяктуулар. Эми бул партиялардын максаттары белгилүү. Алар буга чейин референдум өткөрүүгө да каршы чыккан. “Түштүктө кан төгүлүп атса кантип референдум өткөрмөк элек”,- дегендей шылтоо менен референдумду ары жылдырып, анан кайра өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып чаң-тополоң чыгарып, өкмөттүн аброюн түшүрүү менен бийликке келебиз деп ойлошкон...

“Эл арманы” партиясынын жетекчиси, Убактылуу өкмөткө оппозиция болуп жүргөн Мирослав Ниязовдун пикиринде, референдумдан кийин стабилдүүлүк болот дегендер жаңылышат:

- Мен референдумда макулдугумду берген жокмун. Жок деп добуш бердим. Мен ойлойм, референдумдан кийин стабилдүүлүк болбойт. Бул саясаттагы оюндар узакка созулуп кетти. Эгемендүүлүк алгандан бери ушундай саясаттан эч бир чыгалбай койдук. Кыргызстан бир сыноо жасалчу талаага айланды го...

Парламенттик түзүлүшкө өтө койсок эле оңолобуз деген ой туура эмес. “Азаттыкка” дал ушундай пикирин билдирген талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, алдыда дагы толгон-токой иштер турат:

- Парламенттик түзүлүш биздин бардык кыйынчылыктарыбыздан кутаруучу жол эмес. Маанилүү нерсе, парламенттик түзүлүшкө өтүү эмес. Маанилүү нерсе, мамлекетте коррупциянын аз болушу, системанын алмашышы, ошол системага дүйнөлүк деңгээлде маданияты бар, дүйнөлүк деңгээлде ойлоно турган адамдардын келиши болуп саналат. Мына ошолор биздин өлкөнү алдыга алып кетиши мүмкүн.

Негизи эл аралык практика боюнча парламенттик түзүлүш, бийлик бутактарындагы тең салмактуулук - көптөгөн талаш-тартыштар, бийликтеги адамдардын бири-биринин айыбын ачкан чуулгандуу окуялар сыяктуу процесстер менен өнүгөт. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, саясат таануучулар да бул кадимкидей процесс экенин, аны бийликте стабилдүүлүк жок деп түшүнбөө маанилүү экендигин айтып келатышат. Андыктан күздө парламенттик шайлоо өтүп, толук легитимдүү бийлик иштей баштаган учурда деле бийлик бутактары арасында тирешүүлөр болуп, балким Жапония, Түштүк Корея же Украинадагыдай парламенттеги галстукчандардын мушташына күбө болушубуз ыктымал. “Ошентип отуруп өлкө өнүгүп, бышып жетилет”,- дейт Т.Акеров.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG