Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:47

300 миллион доллар кимге иштеп атат?


Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин өкүлдөрү
Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин өкүлдөрү

Кыргызстан ушул жазда Орусиядан алган 300 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит кандайча коротулуп, каякка пайдаланууда? Аларды ээлигине алган Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду эмне дейт? Коомчулукту кызыктырган мына ушул суроолорго "Азаттык" жооп издеп көрдү.

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстан Орусиядан 300 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген кредит алган. Алынган кредитти кыргыз тарап 0,75 пайыз жылдык кызыкчылык менен 49 жыл аралыгында төлөп бериши керек.

Аталган сумма алгач Каржы министрлигине түшүп, андан кийин аны Кыргызстандын Өнүктүрүү фондунун карамагына өткөрүшкөн. Өкмөт болсо бул каражатты колдонуу үчүн эки жүздөн ашык долбоор даярдап атканын, аларды Өнүктүрүү фонду карап чыгарын, бул долбоорлордун баасы 860 миллион доллардан ашарын айткан. Биринчи виче-премьер-министр Акылбек Жапаров Орусиядан келген 300 миллион доллар бул долбоорлорго жетпей турганын, андыктан кошумча каржы булактарын табуу керектигин да билдирген.

Ошол 300 миллион доллар карыз акча келгенине 8 айдан ашты. Бирок Өнүктүрүү фонду берген маалыматка караганда бул сумманын 60 миллиону гана Камбар-Ата 2 ГЭСине бөлүнгөн. Өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, калган акча фонддун Улуттук банктагы эсебинде ошол бойдон турат. Эгер коммерциялык банк болгондо, ушул 8 ай аралыгында 240 миллион доллардан орточо 20 % жөнөкөй кызыкчылык менен эсептегенде деле 30 миллион доллардан ашуун киреше көрмөк.

Мына ушундай жөнөкөй арифметикалык эсептөөлөрдөн улам айрым адистер бул каражаттын 8 ай бою жөн эле жатканына ишенбей турушат.

Белгилүү саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, Өнүктүрүү фонду Орусиядан келген кредиттин ар бир тыйыны кайда корогону тууралуу айтып турса ишеничтүүрөөк болмок:

- Ушул 300 миллион доллар Өнүктүрүү фондунда жатат. Аны кандайча пайдаланып атышканын айтып турушса болот эле. Ошол жери да абдан кызык.

Өнүктүрүү фондунун Коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Султангазиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, келген кредиттин 60 миллион доллары гана бөлүнгөнү билдирди.

“Азаттык”: - Ошол 300 миллиондун 60 миллиону гана бөлүндүбү?

А.Султангазиев: - Ооба. 60 миллион долларгы гана бөлүндү, Камбар-Ата 2ге.

“Азаттык”: - Калган каражат кайда?

А.Султангазиев: - Калганы Улуттук банкта, фонддун эсебинде жатат.

“Азаттык”: - Фонддун эсебинде жатабы жөн эле?

А.Султангазиев: - Ооба. Азыр жанагы долбоорлорду карап атышпайбы. Ал долбоорлор директорлор кеңешинен өтүшү керек да. Ошондон өтүп, кандай тобокелчиликтери бар, бардыгы эсептелгенден кийин берилет жанагы акча.

“Азаттык” - 200 ашуун долбоорлор бар экени айтылды эле...

А.Султангазиев: - Ооба. Ошолордун бардыгын карап чыгыш керек да. Акча кайра кайтып келеби? Кандай тобокелчиликтер бар? Алар кандай киреше алат? Ошолордун бардыгы эсептелгенден кийин бөлүнө баштайт. Азырынча Камбар-Ата 2ге 60 миллион доллар эле кетти.

Өнүктүрүү фонду Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигине баш ийет. Ал эми Өнүктүрүү фондунун активдерин “МGN Group” башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. “МGN Groupтун” алдындагы “МGN Asset Menegment” компаниясы Социалдык фонддун “Түндүк электро”, “Чыгыш электро”, “Манас аэропорту”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз”, “Ош электро” сыяктуу мамлекеттик ишканаларындагы акцияларын башкарат.

“МGN Groupтун” жетекчиси Евгений Гуревич “Азаттыкка” маек куруп, Өнүктүрүү фондунун стратегиялык өнөктөшү экенин билдирген болчу. Президенттин уулу Максим Бакиев менен тааныштыгы жок экенин, Кыргызстанда алар өз күчтөрү менен бат эле ийгилик жаратышканын, өкмөттө иш билги адистер аз экенин, ошол себептүү кызмат көрсөтүп атышканын айткан:

- Менин жеке оюмда бул жерде эки жагдай бар. Биринчиси, чындыгында илим-билимдүү, башкаруунун тилин билген адистер жетишпейт. Бул эч кимге жашыруун эмес. Экинчиден, учурда Өнүктүрүү фонду өкмөткө караганда каражатты сактоодо катуу көзөмөлдөп атат.

Айта кетчү нерсе, ушул эле Евгений Гуревич, Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеев сыяктуу адамдар Кыргызстандагы алдыңкы банкка айланган “АзияУниверсалБанктын” директорлор кеңешинде турушат. Ушундан улам келген кредиттер бул адамдар көзөмөлдөгөн банктар аркылуу айланып атат деген чочулоолор чыгууда.

XS
SM
MD
LG