Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

Апта окуясы: Миллиардды максаттуу коротуу миссиясы


Бишкекте өткөн эл аралык донорлор конференциясында Кыргызстандагы кыйын кырдаалга байланыштуу 1 миллиард 100 миллион доллар берүү чечими жактырылды. Өлкө башчысы муну үлкөн жетишкендик катары баалады. Эмки иш – ошол ири сумманы алдым-жуттумдарга жедирип ийбей максаттуу пайдалануу болууда.

Ош менен Жалал-Абад облустарындагы коогалаңда эч кандай байлыкка, эч бир суммадагы каражатка баалангыс жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылды. Үй-жайлар талкаланды, шаарлар бүлгүнгө учурады, мамлекет миллиондогон чыгым тартты.

Эл аралык эксперттер да, келтирилген чыгымды баалаган өкмөттүк комиссия да оор абалда калган экономиканы калыбына келтирүүгө миллиард доллардан ашык каражат керектигин айтып чыгышты. Албетте Кыргызстандын бир жылдык бюджетинен ашып түшчү мындай ири сумма мамлекетте жок. Анын үстүнө 7-апрелде бийлик алмашканда эле өлкө казынасы абдан кейиштүү абалда калганы аныкталып, жаңы бийлик мурдагы президенттин үй-бүлөсү жана жакындары өлкөдөн эбегейсиз чоң каражаттарды чыгарып кетишкенин жар салышкан.

7-апрелден кийин толук легитимдүү бийликтин жоктугу, экономиканын оор абалда калганы, Убактылуу бийликтин ичиндеги карама-каршылыктарга өлкө түштүгүндөгү коогалаң кошул-ташыл болуп, өлкө жетекчилиги эл аралык коомчулуктан жардам сураганга аргасыз болду.

Борбор Азиядагы тутанып келаткан өрттүн кыйраткыч кесепетин түшүнгөн жакынкы жана алыскы өнөктөштөр, ири державалар алгачкы жардамдарын бере башташты. Бул аптада болсо бычактын мизинде турган Кыргызстанды куткаруу миссиясы менен Бишкекте эл аралык донорлор чогулуп, өлкөгө 1 миллиард 100 миллион доллар берүү чечими жактырылды.

Келген каражат натыйжалуу пайдаланылабы?

Кыргызстанда эки жолу бийлик алмашып, ал тургай кийинки жолкусу кан төгүлүү менен коштолгонуна карабай азырынча бийлик - табияты боюнча мурдагы калыбында. Өлкөдө бийликтин бир колго топтолушун жокко чыгарган баш мыйзам кабыл алынганы менен мамлекетти сазга батырган бийлик түзүмдөрүн реформалоо багыттары колго алына элек.

Грузия президенти М.Саакашвили
Маселен 2003-жылы Грузияда түстүү ыңкылаптан кийин бийликке келген Михаил Саакашвилинин командасы
өлкөсүндө иш жүзүндө олуттуу реформаларды ишке ашырууга жетишти. Кагаз жүзүндө өлкөнү демократиялык кылуу, бийликтин бир колго топтолушуна жол бербеген эрежелерди иштеп чыгуу жагына көп баш деле баш оорутупай, М.Саакашвили баштаган жаңы бийлик эң оболу күч структураларын түп тамырынан өзгөрттү. Мурдагы бийлик системасында иштеген чиновниктердин бирөөнү да жолотпой, негизги жетекчилик органдарга эзели бийликте иштеп көрбөгөн, бирок чет элден мыкты билим алып келген жаштар отургузулду.

Эң эле олуттуу реформага Грузиянын ички иштер министрлиги туш болду. Бул органда иштеген милиция кызматкерлеринин 90 пайы дароо жумуштан алынып, өлкө бир жылдан ашык убакыт милициясыз калды. Бирок батыштык үлгүдөгү жаңы түзүлгөн министрликке тандоо жолу аркылуу жаңы адамдар алынып, таптакыр жаңы полиция бүтүндөй өлкөдөгү коррупцияны тизгиндөөгө себепчи болду. Жаңы полицияны коррупцияга аралаштыруу аракеттери таш каап, андай аракет кылгандардын баары түрмөгө түштү. Ошентип Балтика боюндагы өлкөлөрдөн кийин эски СССР аймагындагы өлкөлөр ичинен Грузия алгачкылардан болуп жүзүн толук өзгөрттү, өлкөсүн өнүккөн коомго карай багыттады.

Ал эми Кыргызстанга келе турган болсок, эки жолку ыңкылапка карабай бийлик табияты мурдагы боюнча эле калып, коррупциялашкан делген күч органдарынын, дегеле бардык бийлик бутактарынын жетекчилиги алмашканы менен калганы ошол бойдон. Демек жылдар бою түзүлгөн коррупциялык схемалар, механизмдер ошол эле боюнча иштеп, бүгүнкү жетекчилердин чөнтөгүн толтуруп атабы деген шек саноолор абдан орундуу. Андыктан азыр донорлор берип аткан 1 миллиард 100 миллион доллардын максатуу пайдаланылышына да кепилдиктер аз болууда.

Ошентсе да Кыргызстандын Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, донорлор бере турган ири каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөй турчу механизмдер бар деп ишендирди.

Э.Үмөталиев: Келген каражаттарды коомчулук көзөмөлдөйт


“Азаттык”: - Эмил мырза, эл аралык донор уюмдар, мамлекеттер бере турчу 1 миллиард 100 миллион долларды натыйжалуу, максаттуу пайдалануу бирден-бир маанилүү маселе болсо керек. Бул ири сумманын натыйжалуу колдонулушун көзөмөлдөй турган сапаттуу механизмдер болобу?

Эмил Үмөталиев: - Эң биринчи иретте келе турчу каражаттар боюнча жаңы шарттар, жаңы механизмдер сунуш кылынып атат. Азыр ошол бөлүнүп берилип аткан каражаттар элдин көзөмөлүндө, элдин катышуусу менен максаттуу пайдаланылсын деп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын көзөмөл уюму түзүлүп атат. Президент бул боюнча өз сунушун жарыялады. Ал сунуш боюнча дирекциянын бардык каржылык ишмердүүлүктөрүн, колдонгон каражаттарын көзөмөлдөй турган топко жарандык коомчулуктун өкүлдөрү да кирет. Бул жерде көз карандысыз бизнес бирикмелери, коомдук уюмдар да бар. Ал жердеги өкүлдөр коомчулуктун кызыкчылыгын көздөп, дирекциянын каржылык ишмердүүлүгүн текшерип турганга укуктары бар.

“Азаттык”: - Демек каражаттарды пайдаланууда ачыкты принциптери сакталат экен да..?

Эмил Үмөталиев: - Биздин тарыхта биринчи жолу бийик деңгээлде мамлекеттик кызматта ушундай принциптер киргизиле баштады.

“Азаттык”: - Кыргызстандын тышкы карызы ушул күндөрү 2,4 миллиард долларга жакындап калган экен. Эгер бул акчалар кошулса тышкы карыз канчага өсөрү тууралуу алдын-ала эсептөөлөр барбы? Мунун канчасы кредит түрүндө, канчасы грант болот?

Эмил Үмөталиев: - Канчасы грант, канчасы кредит болорун азыркы тапта эч ким так айта элек. Анткени донорлор бизге “1 миллиард 100 миллион доллар бериш керек” деп сүйлөшүп аткан мезгилде анын кандай негизде келери тууралуу тактап айтыла элек болчу. Бирок алар бири-бирин үгүттөп, грант өлчөмүн көбөйтүүгө аракет кылалы деп кайрылып атышты. Биз да бул боюнча иштеп аттык. Ошондуктан грант өлчөмү алардын мурдагы айткандарынан аз болбой, келген каражаттын кыйла бөлүгүн түзүшү мүмкүн. Бирок так сандар бүгүнкү күнү белгисиз.

“Азаттык”: - Келе турган каражаттын 600 миллиону кышка чейин келери айтылбадыбы. Бирок ал каражатты өткөрүү үчүн парламент болушу керектиги айтылган. Кандай ойлойсуз, парламент түзүлгүчө бул акчаларды күтпөй эле койсо болобу?

Эмил Үмөталиев: - Өтө зарыл иштер үчүн ал каражаттар ага чейин деле келе баштайт деп биз чоң үмүт кылабыз. Биздин мамлекет жетекчилиги, дүйнөлүк банктын жетекчилиги каражатты алып келүү боюнча бардык болгон процедураларды мыйзам түрүндө сактайт. Бирок парламент түзүлгүчө деле ошол процедураларды бузбай, укуктуу жол таап, мүмкүнчүлүк таап каражаттарды алып келебиз деген ишеничте болушубуз керек. Анткени парламент түзүлгүчө күтүп отура берсек, анда элдин кышка даярдыгын толук камсыз кыла албай калабыз. Мен андай укуктук жол табылат деп толук ишенем.

Келчү миллиондордун чоо-жайы

Келаткан миллиард доллардан ашуун каражаттын негизги бөлүгү Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө жумшалып, кайсы бир бөлүгү бюджеттеги дефицитти жабууга кетет. Каражат бөлүп аткан эл аралык донорлор да бөлүнгөн акчанын кайда жумшаларын аныктап коюшкан. 1 миллиард 100 миллион доллардын 600 миллиону жыл аягына чейин келмекчи. Ал эми толук сумма 30 ай ичинде келип түшөт. Азырынча келе турган каражаттардын канчасы кайтарымсыз грант экени, канчасы кредит түрүндө берилери бышыктала элек. Ошентсе да Каржы министрлиги берген маалымат боюнча, жеңилдетилген шартта алынган кредиттердин эсебинен өлкөнүн тышкы карызы дагы 8-9 пайызга өсүшү мүмкүн. Ал эми жогорудагы сумманын кредит түрүндө келчү бөлүгү 40 жылга сегиз жылдык каникул мезгили менен берилип, үстөк пайызы 1-2 пайыздан ашпайт.

Эскерте кетсек, ушул тапта Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 миллиард долларга чукулдап калды.

Дүйнөлүк банктын стратегиялар жана операциялар боюнча директору Теодор Алерстин айтымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында ушундай жардамдар көрсөтүлүүдө. Эми коогалаңдын кесепеттерин биргеликте жоюу процессин тездетүү керек:
Теодор Алерс

- Кыргызстандын түштүгүндө июнда болуп өткөн калаймандын оорчулугун сезип эл аралык уюмдар, донор өлкөлөр ири көлөмдөгү жардамдардын кайсы багыттарга жумшалышы керектегин аныктап алышты. Эларалык өнөктөштөр түштүктө өткөн кайгылуу окуяларды көрүп-билгенден кийин ал жердегилерге жардам көрсөтүшкө даяр.

Донорлор конференциясынан кийин президент Роза Отунбаева да келаткан каражаттын чоо-жайын, максатын түшүндүргөн:

- Бул болсо ошол Кыргызстан тезирээк ушул абалдан чыгып кетсин деген мааниде берилип жатат. Жылдан-жылга созулуп кетсе, ар бирибиз бирибизден өч алып отурсак, анда Кыргшызстан ордунда туруп калып, биздин өлкөбүз кандайдыр бир партизандык согуш болуп аткан өлкөгө айланып кетерин баары көрүп атышат. Башка жерлерде ушундай учурлар болгон.

Роза Отунбаева
Ошентсе да мурдагы эки президенттин доорунда да бир катар бейөкмөт уюмдары жана оппозициялык күчтөр тышкы карыздар тууралуу кеп болгондо катуу сындарды айтып, алардын максатсыз пайдаланганы, көбүн чиновниктер жеп алышканын айтып келишкен. Бирок ал кездери мынчалык ири суммадагы каражаттын бир учурда берилген мисалы болгон эмес эле. Ошол себептүү азыр келаткан ири сумманын четин оюп калууга ашыккан күчтөр четтен табылары айтылууда.

Албетте бул каражатты толугу менен иштетүү милдети жаңы парламенттеги көпчүлүктү алган партиянын колунда болмокчу. Андыктан парламентке кандай күчтөр келери да маанилүү.

Жогоруда айтылгандай Ички иштер министрлигинде, иликтөө-тергөө органдарында коррупциянын тамыры кыркылмайын, бул түзүмдөр толук реформаланмайын, саясий элита толук жаңыланмайын башка тармактарда да реформалар жүрүшү кыйынчылыкты жаратат. Демек 1 миллиард 100 миллиондун кандай коротулганын текшерген жүз комиссия түзүлсө да алардын ачыктыгы тууралуу шек саноолор кала бермекчи.

XS
SM
MD
LG