Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

Миркасым Усманов: эдилдик чыгаан чыгыш таануучу


Миркасым Усманов (Mirkasyjm Usmanov), татар тарыхчысы. 2009-жылдын 13-майында тартылган сүрөт.

Миркасым Усманов (Mirkasyjm Usmanov), татар тарыхчысы. 2009-жылдын 13-майында тартылган сүрөт.

Түркология жана чыгыш таануу илими чоң жоготууга учурады. 11-октябрда чыгаан татар окумуштуусу, тарыхчы жана булак таануучу Миркасым Усманов 76 жашында каза болду. Ал кыргыз таануу тармагына да илимий жетекчи катары салым кошкон.

Чыгаан татар окумуштуусу, чыгыш таануучу жана түрколог Миркасым Усмановду түбөлүк жайга узатуу жөрөлгөсү 12-октябрда Казан шаарындагы Алиаскар Камал атындагы Татар мамлекеттик академия театрынын имаратында өттү.

Видео тасма.



Андан соң маркум окумуштуунун сөөгү Казандагы Эски татар көрүстөнүндө жерге берилди.

Миңдеген айдыңдар, аалымдар, студенттер жана башка замандаштары чогулуп, Миркасым аганын өмүр жолу, көөнөргүс салымы, адамгерчилиги тууралуу эскеришти.

Татарстан Илимдер академиясынын Башкы илимий катчысы, аталган академиянын мүчө кабарчысы Дания Загидуллина айым түбөлүк сапарга узатуу жөрөлгөсү маалында чыгып сүйлөп: “Миркасым Усманов өзү менен кошо гуманитардык илимдер тармагынын бүтүндөй бир доорун алып кетти” деп айтты жана Татарстандагы гуманитардык илим тармагы маркум чапкан жол менен андан ары өнүгөт деген ишеничин билдирди.

Маркум Миркасым ага былтыр өзүнүн 75 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жаткан чакта “Азаттыктын” Татар-Башкыр кызматы үчүн курган маегинде өз өмүр жолундагы жетишкендигин татар улутунун рухий жана илимий жетишкендигинин алкагындагы көрүнүш катары мындайча сыпаттаган:

- Мен өзүмдүн турмушумдагы эң зор жетишкендигим деп өзүмдүн илим тармагында чыгармачыл орун таба алганымды эсептейм. Чыгармачылыгым болсо калкыбыздын рухий жана жазма маданиятын иликтөөгө багышталды. Бул жаатта бир катар конкреттүү илимий саамалыктар бар. Табылгалар болочокто да табыла бермекчи. Анткени мындай бир сөз бар. Татар калкы көптөгөн элдердин арасынан жазмага, илим-билимге өзгөчө берилген калк катары айырмаланып турат. Орусияда гана түгүл, бүткүл дүйнөдө татарлар сыяктуу көп сандаган колжазмаларды, китептерди жазган улут өтө сейрек учурайт.

Өмүр жолу

Көрүнүктүү татар тарыхчысы, булак таануучу, адабият таануучу жана жазуучу Миркасым Усманов 1934-жылдын 31-майында Чыгыш Түркстандагы Кулжа шаарында Абдулахаттын (1903-69) - теги татар кызматкердин - үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бул шаар азыр Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна карайт.

Анын чоң атасы Абдулбари Гусманов (1858-1936) падышалык Орусиянын аймагы болгон Татарстандан Кулжага 19-кылымдын этегинде көчүп келген соодагер эле (анын “2-гилдиядагы көпөс” чини болгон).

Ата-теги падышалык Орусиядан чыккандыктан, Абдулахат Усманов кийинчерээк “советтик атуул” катары таанылып, анын үй-бүлөсүнө 1955-жылы Кытайдан СССРге көчүп кетүүгө мүмкүндүк ачылган.

Ошентип, Миркасым ага 1955-жылы ШУАРдын Кулжа шаарынан Татарстандын ордо шаары Казанга көчүп келген. Айтылуу Казан университетинде таалим алган.

Университеттеги окуусун аяктаган 1963-жылдан тартып ал ушул эле окуу жайда өмүр бою эмгектенип келди. Ректордун милдетин да убактылуу аткарган учуру болду (1990).

Илимий салымдары

Миркасым Усманов эски кол жазмаларды таап, сактап калуу жаатында бир нече ондогон илимий археографиялык экспедицияларды уюштурду. Анын тобу 9 миңдей эски кол жазманы жана басмадан чыккан жүздөгөн эски сейрек китептерди жыйнаган.

Өзү болсо орто кылымдардагы жазма мусулман булактары боюнча ири адис эле.

13-кылымдан 20-кылымдын башына чейинки доордогу Эдил (Волга) боюндагы түрк калктарынын кол жазмалары, адабияты, маданий тарыхы боюнча иликтөөлөр жүргүзгөн.

Анын калеминен “XVII-XVIII кылымдардагы татар тарыхый булактары”, “XIV-XVI кылымдардагы Жучи Улусунун жардыктары”, “Кол жазмалардын изи менен: Археографтын жазмалары” сыяктуу көптөгөн эмгектер жаралган.

Миркасым аганы кыргыз тарыхчылары да терең урматташат.

Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун төрагасы Кыяс Молдокасымов мырза мындай дейт:

- Миркасым Усманов - бул татар элинин көрүнүктүү уулу. Казан университетинде көп жыл илимий иштер боюнча проректор болуп иштеп, өтө чоң, таанымал окумуштуу. Көбүнчө оозеки чыгармачылык, фольклор, ушуну менен тарыхтын айкалышына өтө көп көңүл бурган. Бул - кыргыз эли, Кыргызстиан үчүн да өтө көңүлү түз, кыргыз элине бир жардам берсем, шакирттерими өстүрүп көбөйтсөм деген ушундай бир ой-тилектеги окумуштуу.

Сөзү кургак болбосун үчүн Кыяс мырза мисал да келтире кетти:

- Бул боюнча менин группалашым, курсташым, эң жакын досум Билал Чыныбаев өтө көп айтып калчу. Себеби биз бир группада Билал экөөбүз чогуу окуп, ал 3-курстан кийин Казан университетине которулуп кеткен дагы, Казан университетин бүтөөрү менен ошол Миркасым Усманов менен таанышат (анда ал кафедраны да жетектөөчү).

Анан ал мага тема сунуш кылып: “Кыргыз эли ушундай бай эпосуңар бар болуп туруп, ошол бай эпосуңарды тарыхый жактан эмне себептен изилдебейсиңер? Эгерде башка бир элге ушундай чоң эпосту буюруп койгондо, эмдигиче бул эпос боюнча жүздөгөн, миңдеген изилдөөлөр жүрүп, илимий даражаны жактаган эле жүздөгөн адамдар чыгышы мүмкүн болчу. Силер эмдигиче бул эпостун тегерегинде жыргатып бир илимий иштерди жасай элексиңер. Карап көрсөм, кайсындай бир тарыхый изилдөөнү жүргүзбөпсүңөр. Кана, сен кыргыздын салтын, оозеки чыгармачылыгын мыкты билген бала экенсиң, ушул "Манас" эпосун алгын. Мен өзүм жетекчи болуп берейин, мен өзүм сага кезексиз күндүзгү аспирантурадан орун алып берейин”, - деп ошондо 4-5-курстан эле тема сунуш кыла баштады. Ошондо анын кыргызга күйгөнүн сездим. Мына ошондон улам кандидаттык диссертациямды жактагам”, деп ыраматылык досум Билал Чыныбаев ушуну көп айтчу
.

Мен да Миркасым агага бир нече ирет жолуккам.

1992-жылы маркум тарыхчы Билал Чыныбаев (1963-2008) “Манас” дастанын тарыхый-этнографиялык булак катары иликтөөгө арналган кандидаттык ишин Казан университетинде коргоп жатканда да, кийинчерээк, 2007-жылы, Миркасым агайга түркология жана тарых тармагындагы ири салымы үчүн Эл аралык Алтайтаануу жыйынынын алтын медалы ыйгарылып жаткан чакта да жана башка эл аралык жыйындар маалында а киши менен бирге болуп, далай жолу баарлаштым.

Илимий даражалары жана сыйлыктары

Миркасым ага 1968-жылы кандидаттык диссертациясын, 1981-жылы доктордук ишин коргоп, тарых илимдеринин доктору болуп калган. 400дөн ашуун илимий эмгегин жарыялап, 50дөн ашуун илимий эмгекке редактор болгон.

Ал 1991-жылы Татарстан Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган.
1997-1999-жылдары Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу коомунун президенти болгон.

2008-жылы Ислам конференциясы уюмунун Ислам тарыхын, өнөрүн жана маданиятын иликтөөдөгү салымы үчүн берилчү жогорку сыйлыгынын ээси болду.

АКШ Географиялык коомунун мүчөсү, Эл аралык жазуучулар коомунун Татарстандагы ПЕН-борборунун мүчөсү болгон.

Миркасым Усманов арабыздан кетсе да, анын устаттык акыл-насааттары, кишиге мээримдүү мамилеси, жаркын элеси жүрөгүбүздө кала берет.

Анын булак таануу жана түркология жаатындагы илимий салымдары көөнөргүс байлык болуп сакталып кала бермекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG