Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ОРУСИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ АРКАЛУУ КЫСЫМ ЖАСООГО КИРИШТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мурунку аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров КМШ өлкөлөрүнө багышталган маалымат жарыялады. Ал жарыяда мындан ары шериктештикке кирген мамлекеттер менен Орусиянын алакасы баарыдан мурда экономикалык негизде болоору, экономиканы пайдубал кылып, анан узак мөөнөттүк саясий мамилелерге өтөөрү айтылган.

Демейде экономикага тийешеси бар маселени өлкөнүн экономика боюнча министри көтөрөт. Бул жолу тышкы иштер министри чукулку чет өлкөлөргө карата болуучу Орусия алакасы эми экономиканын негизинде болот, деп эскертти. Анализчилер болжолунда, тышкы иштер министри саясатын кайда бара жатышын тескегендиктен Сергей Лавров жазаган жарыя олуттуу кеп.

Баса, мурунку жумада Кыргызстандын тышкы иштер министри Алыбек Жекшенкулов менен болгон жолугушууда да орусиялык министр Сергей Лавров эки мамлекет ортосунда экономикалык алакадан кеп башталды эле.

Лавровдун «ормон опузасы» баарыдан мурда, КМШ жаатынан чыга баштаган өлкөлөргө карата айтылган эскертүү болду дегендер да бар. Андай өлкө болуп Грузия, Украина жана Молдова эсептелет экен. Аталган мамлекеттер кийинки убакта алган багыты орусиялык кызыкчылыкка карама каршы келе баштаган дешет.

Президенттин экономика боюнча кеңешчиси Андрей Илларионовдун айтымында, былтыр Орусияда улуу бурулуш болгон:

- 2004 жылы Орусияда улуу бурулуш болду. Мамлекет экономикадагы, айрыкча кара май жана газ тармактары боюнча, мурдагы бийлигин кайра кайтарып алды.

Башкарылма демократиянын төрүндө олтургандар үчүн бул жагдай аларга экономиканы буйрук менен жөнгө салууга мүмкүндүк алып берет дешет. Иши кылып саясатташып бараткан экономика жардамы астында эми чукулку чет өлкөлөргө карата жаcалчу кысым арбыйт.

Баса, «Российские вести» Лавровдун жарыясына карата айткан оюнда, андай кадамдардын жаcалып да атканын «Киев менен Кишиневго энергия кубатын берүүчү отундарды сатууда Маскөө кымбаттатылган баада сатууга өтө баштады», - деп белгилейт.

Буга дейре Маскөө КМШ өлкөлөрүнө кара май менен газ сатууда европалык өлкөлөргө саткан баадан алда канча арзан, ал эми Украинага үч эсе арзан сатып келген экен. Бирок мурдагы советтик жердеги мамлекеттерде «түстүү ыңкылаптар» жайылып бараткандыктан Орусия эми аларды кайрадан алдына тизүү максатта ушундай саясатка өтүп атат, дешет анализчилер.

Күңкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги жашоо шарт дээрлик бирдей экендигин, бирок иш орундун тартыштыгы элди каржалтып атканын профессор Владимир Квинт айтат:

- Мурдагы советтик республикалардан пайда болгон өлкөлөрдөгүдөй эле Орусияда деле бүгүн ак төөнүн карды жарылган кез, акча гана жок.

Журналист Вячеслав Николаев : «Кайсы бир КМШ өлкөлөрүнүн башында тургандар мурдагысындай эле Маскөө эмне дебесин макул болуп жүрө берүүсү таң калтырат. Орусиялык рыноктук саясат алардын экономикасын көз каранды кылып саларын кантип баамдашпайт?», - дейт.

XS
SM
MD
LG