Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Орусияда көркөм өнөр үчүн сүрөткерди түрмөгө кессе болот


Сахаров атындагы музейдин башчысы Юрий Самодуров
Сахаров атындагы музейдин башчысы Юрий Самодуров

«2006-жылы тыюу салынган өнөр» көргөзмөсүн уюштургандардын үстүнөн сот ишинин башталышы укук коргоочулардын нааразылыгын жаратып, алар БУУдан колдоо сурап кайрылышты. Академик Сахаров атындагы музей жана коомдук борбордун мурдагы деректири Юрий Самодуров менен ал көрсөтмөнү даярдаган Андрей Ерофеевге диний жек көрүүчүлүккө чакырган деген айып тагып, Маскөө прокуратурасы аларды үч жылдык мөөнөткө кесүү талабын коюуда.

Көрсөтмө “2006-жылы тыюу салынган өнөр” аталышта ошол жылдан кийинки жылы март айында Сахаров борборунда өткөн. Көрсөтмөгө 23 сүрөт илинген. Алардын баары ар кайсы музейлердин көркөм кеңештери илүүгө жарабайт деп тыюу салган эмгектер.

Көрсөтмө жакпай калган тарап православие чиркөөсүнүн күйөрмандары болгон. Алар диндер арасына чагым салды деген кине менен көрсөтмөнү сотко берген. Маскөө шаарынын Таганская прокуратурасы болсо 282-берене боюнча кылмыш ишин козгоп, айыптууларды үч жылдан жазага тартуу талабын коюууда.

Орусия маданият министри Александр Авдеев “көрсөтмөгө берилчү баа сот тараптан эмес, коом тараптан жана моралдык-этикалык жактан болууга тийиш”, - деп билдирген.

Орусиялык православие чиркөөсүнүн таанымал атка минерлеринин бири Андрей Кураев диний ыйык символдорду кордогон өнөрпоздордун эмгектерин музейлерде илүүгө тыюу салуу арзырлык:

- Андай учурда киши абакка олтургузулбай, эркиндикте кала берет. Эмне дегенде, андай өнөрпоз сөрөйлөрдү түрмөгө камап, кандайдыр бир азап чеккен жанга айлантып ийүү болор эле. Ошол эле учурда сот өкүмү андайларды такыр эле жазаланбаган киши катарынан чыгарат.

Көргөзмөнү уюштурган өнөр таануучу Андрей Ерофеевдин жүйөсүндө бул жерде диний кайраштыруу жок, көрсөтмөнүн максаты башка болгон:

- 2007-жылы сүрөттөрдү тандоо учурунда биз мындай эмгектерди ар жыл сайын көргөзүп туралы деп сүйлөшкөнбүз. Жыл сайын тандоо учурунда тыюу салынган же көрсөтмө учурунда алынып салынган эмгектер көрсөтмөсүн уюштуруп туралы дегенбиз. Өлкөдө цензура бар экенин эл билсин дегенбиз.

Айтылуу өнөр таануучу, “Бирдиктүү Орусия” партиясы менен кызматтыштыгы бар Марат Гельман “Тыюу салынган өнөр” тарапты колдой тургандыгын “Азаттыкка” айтты:

- Эгерде Ерофеевге айып таккан өкүм чыгат экен, анда Орусияда куратордук иш кылмыштуу дегенди билдирет.

Ошол себептен, 12-июлда Маскөөлүк сот “тыюу салынган өнөр” боюнча айыптоо өкүмүн чыгарса, анда ал 19-июлда дал ошондой көрсөтмөнү өзү ачарын билдирди.
XS
SM
MD
LG